Сөздүн күчү сапарымды өзгөрттү

“Адам өмүрү бир куту ширеңкеге окшош: ага олуттуу мамиле кылуу, күлкүңдү келтирет. Ал эми жеңил мамиле жасоо кооптуу сезилет”-демекчи, бул жалган жашоодо татыктуу жашап өтүү үчүн колубуздан келген мүмкүнчүлүгүбүздү жумшап өмүр кечирип келүүдөбүз. Ал эми “Сен төрөлгөндө, жалгыз сен ыйлап, айланаңдагылардын баары кубанып турушкан эле. Өзүңдүн жашооңду сен өлгөндө баары ыйлап, сен жылмайып үзүлгүдөй кылып жашап өт” деген индия элинин накыл кеби бар. Мына ушул философияны эске алуу менен биз өткөн мезгилге дагы көз чаптырып, саресеп сала билишибиз керек экен. Келечек бизди тынчсыздандырат, ал эми өткөн мезгил бизди кармап турат. Өткөн мезгилге көз чаптыруу менен гана биз келечекке умтулабыз.

Эң алгач “Жашооң кандай студент?” деген суроо багытталганда, ар бирибиз кантип, качан, кайсы окуу жайдын студенти болгондугубуз көз алдыбызга тартылат. “Кыялсыз жан болбойт” эмеспи, жалпы абитуриенттер катары мектеп босогосун ийгиликтүү аяктап, жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн толгон–токой ой-максаттарды коюп, “буюрса ушул окуу жайдын студенти болом” деп жан-дүйнөңө жакын кесипти тандап, ал тургай кайсы университеттин босогосун аттаарыбызды дагы алдын ала максат кылабыз. Бирок, “Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” демекчи, кээ бир мезгилдерде биз кыялданган ой-максаттарыбыз ишке ашпай калгандыгын турмуш өзү кабарлап коёт экен.

Балалыгыбызда “чоңойгондо ким болосуң?” деп сураса эч кимибиз “бактылуу адам болобуз” деген эмеспиз, анткени бала болчубуз, бактылуу болчубуз... Мага дагы балалыгымда бул суроону беришкенде “ак халатчан өмүр сакчысы” болом деп жооп берээр элем. Ошентип, балалыгымдан кыялданган кесиптин ээси болуу үчүн борбор шаарыбызга келип, жалпы тестирлөөнүн жыйынтыгын (талондорду), керектүү документтеримди колума алып, кыялымдагы атактуу кыргыз кардиохирургу Иса Ахунбаевдин ысымын алып жүргөн Медицина академиясынын босогосун аттадым. Жалпы республикалык тесттин негизинде берилген талондорду салуунун биринчи туру башталган күн эле. “Өмүр сакчысы болсом” деген абитуриенттердин агымы арбындыгынан улам кезек күтмөй көп болду. Менде бир гана дарыгер болуу максаты алдыңкы орунда эле. Тандоонун алгачкы күндөрүндө эле бюджеттик бөлүм менен контрактык бөлүмгө ыңгайлаштырылган талонумду урнага салып, жыйынтык чыкчу күндү тактап, кудайдан окууга өтүп кетүүмдү тиленип үйгө жөнөдүм. Жыйынтык чыгат деген күнү таң атпай академиянын босогосун аттадым. Көңүлүм уйгу-туйгу. Тактанын жанына барып талондогу номеримди издей баштадым. Бир учурда кубанычтан көңүлүм жайнай түштү. Тизмеде талондогу номерим жүрөт. Сүйүнүчтөн өзүмө батпай турдум. Бул баа жеткис бакубат учур эле. Ким менен бөлүшөм ушундай бакытты? Ушул учурда жаныма уулун ээрчитип жүргөн эже келди. Бир убакта алардын сүйлөшүп жаткандары угулуп турду.

– “А-аа академияга өттү” дегендеринин алдын сызып, мөөр басып коюшат турбайбы дегенин угуп менин номерим турган катарды карасам мөөр басылгандан кийинки номерлерден ылдыйкы катарда турган экен. Ошол жерден кимдир бирөө келип, бир чака сууну башыма куюп салгандай эле селдейип туруп калдым. Көзүмө жаш тегеренип кетти. Демек, мен өтпөптүрмүн да деген ойлор көңүлүмдү муздай каптап, токтоно албай ыйлап жибердим. Эң алгач оюма ата-энем келди, аларга эмне деп айтам?! “Мен окууга өтпөй калдым” деп айтуу мен үчүн өлүм менен барабар болуп турду. Айылдагы коңшу кызым медакадемиянын студенти болгондуктан ага коңгуроо кылдым. Себеби, ал атайын бир жылдык даярдоо курсун окуп, кийинки жылы академиянын студенти болгон эле. Ага болгон жайымды түшүндүрүп, даярдоо курсуна тапшыруу үчүн кайда бараарымды сурадым. Коңшу кызымдын айтуусу менен барып, даярдоо курсуна кабыл алуучу академиянын артындагы жертөлөдөгү бөлмөлөрдүн биринин эшигин каккыладым. Ошентип, ал жактан “2-турга катышып көр, эгер болбой калса бизге кел” деген жоопту угуп, бир аз көңүлүм жайланып калды. 2-тур убагы келгенде дагы мед академияга барып, терапия бөлүмүн тандап, ал жакка талонумду калтырып койгон элем. Жыйынтык чыккан мезгилде ал бөлүмгө көп абитуриент талондорун таштаганын билип-көрүп, башка бөлүмдөрдү карасам менден аз бал алган абитуриенттер өтүп жаткандыгын көргөндө күйбөгөн жерим күл болуп, бармак тиштеп отуруп калдым. Ошентип, 2-турдун жыйынтыгы дагы мага жылмаюу тартуулаган жок. Бир гана үмүтүм, даярдоо курсунда калды. Ал жакка барып, эмне кылуум керек экендигин тактап, документтеримди тапшыруу менен катар контракт төлөөрүмдү билип, акча табуунун айласын ойлой баштадым. Байкем Москва калаасында иштегендиктен келечегим үчүн намыстанууну дагы жыйыштырып, акча сурап коңгуроо кылдым. Байкем ал-жайымды угуп, “макул, мен сенден акча аябайм, бирок, сен медакадемияда окуп калсаң мен өмүр бою Кыргызстанга барбай, бул жакта иштешим керек. Даярдоо курсуна өттүң дейли, кийинки жылы академияга өтпөй калсаң кантесиң? Башка университеттерди караштырып көрсөң болмок экен” дегенде гана башка окуу жайлар эсиме түштү. Илимдер академиясынын алдына отуруп алып дагы байкемдин “өмүр бою иштешим керек” деген сөзү кулагыма жаңырып, өзүмдү-өзүм тилдеп жаттым. “Жок, окубайм” деген чечимге келдим. Таежемдин үйүнө келип, апамдарга чалып окууга өтпөй калгандыгымды уялбастан эле айттым да, Москвага барып иштей тургандыгымды билдирдим. “Баланчанын кызы кызыл аттестат менен окууну бүтүп, окууга өтпөй калыптыр деп уятка калтырасыңбы? Иштейм дебей эле башка окуу жайларды караштыр” деген жемени угуп, дагы бир ирет бозоруп отуруп калдым. Талондорум сыноонун убактысы өтүп жарабай калган эле. Окууга кабыл алуу аяктап бара жаткан мезгилде сертификаттын өзү менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Философия адистигинин бюджеттик бөлүмүнө окууга өттүм. “Ар бир кыйынчылыктын артында, бактылуу күндөр жатат” демекчи, студент деген атка ээ болуп, бүгүнкү күндө 3-курсту аяктап жатам. Бул жерден мен адамдын ар бир турмуштук кадамында өзүнчө философия жатаарын аңдадым. Кечээ эле мен окууга өтпөй калганыма ызаланып, “Кайдасың Москва?!” деп жөнөөрдө кымбаттуу ата-энемдин таасирдүү бир ооз сөзү келечек сапарымды башка нукка салып койду...

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Философия адистигинин 3-курсунун студенти Мээрим Мелисбек кызы