"Биринчи кезекте эне тил турат"

Чыңгыз Айтматов (ортодо).

"Мен билген Айтматов" сынагына журналист Сымбат Максүтовадан келген эскерүүнү сунуш кылабыз.

Мен анда азыркыдай журналист эмес, акындардын арасында акын болууну каалаппы же ичимде өзүмө түшүнүксүз таланттын учкундары түрткүлөппү, айтор чыгармачыл адамдардын арасында өзүмдү акын катары эсептеп жүргөн күндөрдөгү жаш кыз элем.

Анда Союз деген килейген империя ыдырап, ар бир тармак менчиктештирүү деген талоонго түшүп жаткан 1990-жылдардын ичи болчу. Биз, мектепти жаңыдан бүтүрүп келген жаштар жаңыдан Бишкек атын алган ордо калаабызда өзүбүз салган даңгыр жолго түшүп баратканбыз. Түшүп бараткан жолум – адабият, маданият, журналистика экен, көрсө. Көчөдө жаштардын ортосуна туруп алып, Алик Акималиев, Барчынбек Бугубаевдер ырларын окушчу. Ошондо Жазуучулар союзу жаштарды чогултуп алып адабий кечелерди уюштуруп турчу. Ошондой кечелерге Чыңгыз Айтматов да катышып тураар эле. Ал кезде Айтматов Бишкекте жашачу беле же сырттан көп келчү беле, эсимде жок. Анда Жазуучулар союзу аянттагы “Илбирс” ишканасынын маңдайындагы узун жана лабиринттей коридорлору бар эски имаратта отурчу. Ошол жакка топтолуп, ырларыбызды окучубуз.

Бир жолку жаштар менен жолугушууга Айтматов келди. Биз - 10-15тей акын болууну самаган жаштар - төрдө отурган Айтматовго суроолорду бере баштадык. Бир-эки бала өз суроолорун берип, жоопторун алган соң бир кыз мындайча суроо берди: “Чыңгыз ага, кыргыз жазуучуларынан алдыга чыгып, белгилүү болуп кеткениңиздин себеби - сиз орус тилинде жазасыз да. Сиз минтип отурсаңыз, кыргыз тили кантип өнүгөт?”, - деди. Анын суроосу эл арасындагы сөздүн сызылып келип жаш кыздын көкүрөгүнөн чыккандагысы эле. Ошондо Айтматов: “Карындашым, мен “Ак кемени” да, “Саманчынын жолун” да кыргыз тилинде жаздым. Бул сыяктуу башка, кыргыз тилинде жазган чыгармаларымдын баары башка тилдерге которулуп жатат. Мен “Жамийладан” баштап чыгармаларды орус тилинде жазып калганымдан кийин гана белгилүү болуп же кыргыз тилине кайдыгер карап калыптыр деп ойлобогула. Эне тилим менин кан-жаныман бүткөн тил. Биз сүйгөн кыргыз тили - “Манастын” тили. "Кыргыз тилинде жазганыбыз үчүн өйдө көтөрүлө албай жатабыз" деп бүгүн да, эртең да ойлобогула. Эң биринчи эне тилди мыкты өздөштүргүлө. Ар бир адам, ар бир улут өз эне тилин мыкты билсе гана, ошол адабий эне тилинде мыкты чыгармаларды жарата алса гана белгилүү боло алат. Мен кыргыз тилин кандай сүйсөм, силер да ошондой сүйүшүңөр керек. Эң биринчи кезекте эне тил турат”, - дегени эмгиче эсимде калыптыр.

Жаш кыз бул суроону атайын бергенин, Айтматовдун өз оозунан жообун уккусу келгенин билдим. Анткени ошол кезде “Айтматов орусча жазганы үчүн Айтматов болду да” дегендей күбүр-шыбыр сөздөр жүрүп турчу. Көп ойлонуп, көп жазып, бирок көп сүйлөбөгөн, сөзгө сараң Айтматов ошентип, эне тилин сүйөрүн абдан түшүндүрүп берген эле. Айтматов менен менин биринчи жолугушуум ушундай болгон. Ошол жолугушуунун аягында ар кимибиз Айтматовдун кол тамгасын алдык. Мен ыр жазып жүргөн чоң дептеримдин башкы бетине Чыңгыз Айтматовдун колун койдуруп алдым. Ал дептер азыр да менде сакталуу.

Экинчиси Чолпон-Атада болду. Ташкул Керексизовдун жаңыдан салынып бүткөн “Рух ордо” этнокомплексине Аскар Акаевдин бийлигинин учурунда чет элдик мекендештерибиздин 1-курултайы өткөрүлүп калды. Аны негизинен “Мээрим” фондун түзгөн Майрам Акаева уюштурду. Ошол жыйынга Чыңгыз Айтматов да катышты. Биз журналист катары бардык. Негизги иш-чарада Аскар Акаев жана расмий адамдар сүйлөп бүткөндөн кийин биз короого чыгып турдук. Аздан соң амфитеатрдан чыга келген А.Акаев биздин арабызга кирип келип, жадырап-жайнап учураша баштаганда аны артынан коштоп келаткан жан сакчылары сурап да койбой, экөө эки жагынан күч менен колтуктап кеткенин көрүп, оозубуз ачылып эле калган. Анан биз түшкү тамактанууга “Рух ордо” менен №2 резиденциянын ортосун бөлүп турган темир дарбазага жеткенде жаныбыздан шашып-бушуп же бою узун, олбурлуу кишинин басканы ушундайбы, айтор чоң-чоң арыштап Айтматов жаныбыздан өтүп баратыптыр. Мен Айтматовду шак эле колунан кармадым да, “Чыңгыз ага сиз менен сүрөткө түшүп алайын”, деп сурандым. Жанымда басып келаткан көлдүк журналист байке да жаныма тура калды. Ошентип ушул сүрөт пайда болгон.

Ошол № 2 резиденцияда жатып Айтматов “Кыяматты”, “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөттү” Ысык-Көлдүн жээгинен жазган деп уккам. Ысык-Көлдү ушунчалык сүйөрүн, алыска кетсе сагынып турарын уккан белгилүү композитор Муратбек Бегалиев сөздөрүн ыр кылып жаздырып алып, ага ошол замат самолетто учуп келатып обон жаратканын айткан эле. Аны Гүлнур Сатылганова ыры, обонуна толук жооп бергидей аткарып жүрөт.

Айтматов - кыргыз киносуна, искусствосуна, музыкасына, живописке, адабиятка чоң салым кошкон аалым. Ал азыр экономикага да салым кошо турган абалга жетти деп айтышууда. Айтматовдун арты менен туристтерди тарта турган мезгил келатат.

Ара-чолодо Бишкекте болгон чоң жыйындардан Айтматовду көрүп эле жүрдүм. Кийин 2008-жылы "Айтматов бир жылдан кийин 80 жашка чыгат" деп даярдыктар өтө эле жай башталган маалда, 79 жашында "Айтматов жөнүндө телефильм тартабыз" деген орус кино режиссерлору келип, улуу жазуучуну бирде Көлдө, бирде Таласта, бирде Казакстанда, бирде Россияда жанын койбой тартып жүргөндө катуу жыгылганын уккам. Ошондон кийин алар аны Татарстанга жеткирип, Татарстан өкмөт башчысы менен саламаттык сактоо министри комага түшкөн Айтматовду Германияга учурушуп, акыры ойгоно албай 10 күн жаткан биздин сыймыгыбыз 10-июнда кайтыш болгон эле. Аны да журналисттер болуп Дүйшөмбүдө жүргөндө угуп, аны айтып жаткан өзбек, тажик журналисттери ыйлаганын көрдүм. Бишкекке келгенде көчөнүн баары ээнсиреп, Чүй чоң көчөсүнүн эки тарабында ыйлаган энелер менен балдардын турганын, жабалактаган эркектер Ата-Бейитке кетип жатканын көрүп, шолоктоп ыйладым. Ошондо биротоло улуу жазуучудан айрылганыбызды сездим. 2-3 күн бою телевизордо траур болуп турду.

Ошондон бир жыл өткөндөн кийин, 2009-жылы журналисттер менен Белгияга бардык. Баягы Айтматов канча жыл иштеген кабинетинде, креслосунда отуруп чай ичтик. Ал баскан кабинеттер, короо, ал жашаган жер бизге ыйык көрүндү. Айтматов Кыргызстандын Белгия, Франция, Швеция мамлекеттериндеги өз ыйгарым укуктуу элчиси болуп көп жыл отурбады беле. Эми анын орду бош калганын, ошол короодо канчалаган кыргыздар ага учурашканы барып, канчасы анын машинесин, котормочусун алып, өзү баштап жол көрсөтүп жүргөнүн эстеп, бул эки кабаттуу кооз имарат, короосу чакан жер Айтматов аркылуу кыргыз жыттанып калганын, ал аркылуу дүйнөлүк адамдар кирип-чыкканын, Кыргызстан жөнүндө маселелер ошол жерде чечилип турганын сездим.

Айтматов мен үчүн жакын адамымдай сезилет. Азыр да Айтматовдун иниси Илгиз аганы, карындашы Роза эжени көпчүлүк чогулган жерден көрүп, көпчүлүк кыргыздардай учурашып калам. Атасы Төрөкул Айтматов да алгачкы кыргыз интеллигенттеринин бири болгон. Ар бир кыргыз үчүн Айтматовдор бүгүн да, эртең да ооздон түшпөй, тарых болуп улам байып, улам айтылып, жазылып кала берээрин түшүндүм. Анткени алар кыргыз үчүн эмгек кылышкан.

Сымбат Максутова, журналист

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.