Москвага келгениме бир нече жыл болуп калды. Келген күндөн баштап эле көп айырмачылыктарды байкадым: элдин маданияттуулугун, кичипейилдигин, башкаларга болгон мамилеси.
Мурда-кийин бир өлкө болуп жүрүп окшоштуктарыбыз көп дегенибиз менен, айырмачылык өтө эле көп экен. Элдин бири биринин укугун сыйлаганы, коомдук унаага кезек менен чыгуу маданияты да абдан калыптанган.
Адамдардын автобус күтүп аялдамада узун кезекте турганы мен үчүн аябай таңкалычтуу болду. Себеби мурда мындай кезек күтүүнү көргөн эмесмин. Бишкекте узун кезекте, эрикпей аялдамага чейин барып кезекте турган элди элестетүү такыр мүмкүн эмес.
Албетте маданияттуу кылып тарбиялоо үчүн жаштайынан туура тарбия берүүгө аракет кылышат. Мында ата-эненин ролу да, мамлекеттин орду да чоң. Бул үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Мектепке чейинки билим берүүдөн тартып жогорку окуу жайына чейин баары жолго коюлган.
Мектептерде баары окутуу акысыз жана жөнөкөй жол менен кабыл алышат, окууга кабыл алууда эч акча албайт. Менин бир таанышым кызын мектепке бергенин айтып берди.
Башка өлкөнүн жараны болсок, канча акча берип киргизгенине кызыктым. Анткени бул суроо биз үчүн табигый эле да. Ал эч акча бербегенин айтты. Мен көп тааныштарымдан, башка улуттун өкүлдөрүнөн сурадым, эч кимиси акча бербептир. Демек өлкө келечекке жакшы кам көрүп жаткан турбайбы дедим. Анткени өлкөнүн келечеги ушул жаштардын колунда эмеспи.
Бизде болсо кемчиликтер көп, Кыргызстандын жараны болуп туруп өз өлкөбүздө мектепке эле эмес, бала бакчага да акчасыз киргизе албайбыз. Бул биз үчүн адаттагыдай эле көрүнүш.
Биз качан гана бала бакчадагы, мектептердеги кемчиликтерди жойгондо татыктуу тарбия, сапаттуу билим бере алабыз, азыр да өлкөбүз билимдүү жаштардан уучу кур эмес.
Эмнеге биз да өлкөбүздү "Азиянын арстандарына" айланган Сингапурдай, Малазиядай өнүккөн өлкөлөргө айланта албайбыз? Эмне үчүн Тайван кереметин жарата албайбыз? Жарата алабыз. Биздин да колдон келет!
Тилек Куттубаев
Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот.