Аш-тойдо акча жыйнаган адатты токтотолу

Иллюстрациялык сүрөт.

Тойканалар менен ресторандарды кимдер кимдин эсебинен гүлдөтүп жатканы жөнүндө сөз.

Баш калаанын кайсыл булуң-бурчуна барбаңыз, кафелер, ресторан, тойканалар каалгасын кенен ачып койгонуна көзүңүз түшөт. Мурдагылары келгенсип, жаңылары да үстү-үстүнө курулуп жатат.

Чоң бизнеске айланган бул ишмердиктин сырын билбеген жөнөкөй адам аларды көргөндө: «Тобо, баары эле ресторан, кафе куруп алса, кардарды кантип табышат?» деп алардын кирешесин өзүнө окшогон жөнөкөй адамдар арбытып жатканын анча баамдабаса керек.

Заңгыраган залына жүздөгөн адамдарды батырган ошол таанымал тойкана, ресторандарды, кафелерди алардын ээлери кирешенин булагын алдын-ала изилдеп чыгып, чыгашага учуроо коркунучу жок экенине көзү жеткенден кийин гана миллиондогон сомдорун сарптап курушкан.

Алар чыгашага учурайм, банкрот болом деп коркпойт. Анткени элдин маданиятын, деңгээлин, салт-санаасын жакшы өздөштүрүшкөн. Ата-энеси же жакын тууганы каза болуп калса, келин алып, кыз узатса, юбилейин белгилегиси келсе, жогорку мамлекеттик сыйлыкка ээ болсо, айтор кандай гана жакшылык же жамандык болбосун, адамдар акыркы тыйынын да, элден жыйнаган конверттерин да, айласы куруганда алган насыясын да самандай чачып, маараке өткөрө турганын абдан жакшы билишет.

Дагы караңыз Кемчилигибизди салттан издебейли

Каалгасын кенен ачып, күндөн-күнгө гүлдөп жаткан ошол таанымал кафе, ресторан, тойканаларга дээрлик ар бирибиз барып, баш айланткан түрдүү-түмөн даамды татып жүрөбүз. Бирок ошол тамакты кимдин эсебинен татканыбызды назарга албайбыз.Адатка айланган эреже боюнча мааракенин соңунда баштыктарды томпойтобуз да, босогого агылабыз. Маараке өткөргөн адамдарыбыз конвертибизди сылык-сыпаа алгандан кийин акырын узатып коюшат. Айтор, таткан даамыңдын акчасын керек болсо ашыгы менен төлөйсүң да, тойканадан узап кете бересиң.

Бул салттын маани-маңызына зыкымдык эмес, калыстык менен астейдил ой жүгүрткөн адамда кызыктай пикир пайда болушу ыктымал. Бирөө куран окутам же той өткөрөм деп бир нече күн илгери үстөккө-босток телефон чалып же кат аркылуу элди чакырат, дасторкон жайып тамагын берет да, аягында берген тамагынын акчасы салынган конверттерди жыйнап алат. Ушул да той өткөрүүбү? Ушул да куран окутуубу? XXI кылымда жашап жаткан биз үчүн муну салт деп айтууга эч мүмкүн эмес.

Дагы караңыз Аш-тойдон Анкарага качтым

Айрыкча юбилейлер, тойлор, куран окутуу көбөйгөн маалда: «Ай, ушу тойлор, юбилейлер, куран окутуу тажатып бүттү! Барбасаң элден чыгасың. «500-1000 сомун аяды» дешет. Ар бирине барчу болсом маянам да, пенсиям да жетпей калат», «500 же 1000 сом берип турчу, куран окутууга (же юбилейге) барышым керек», - деп кейип-кепчигендерди, карызга акча сурагандарды көрүп эле жүрбөйбүзбү.

Кыйын заманда колунда жокторду ушинтип карызга акча суратып маараке өткөрүүнүн, XXI кылымда өкүм сүргөн жараксыз салттын шарапаты менен козу карындай жайнап бараткан кафелердин, тойканалардын, ресторандардын ээлерин байытуунун кимге кереги бар?

Тойканаларда, ресторандарда, кафелерде ж.б. жайларда мааракелер өткөрүлбөсүн, тыюу салынсын деген ойдон алыспыз. Мааракелер өтсүн. Бирок алар чакырылган адамдардын таткан тамагына төлөм катары жыйналган конверттердин, элди узатар алдында босогодо туруп алып алынган жыйымдардын эсебинен өткөрүлбөшү керек.

Атаңа, энеңе өзүңдүн акчаңа бекер тамак берип куран окут. Анткени сени багып өстүргөн атаңа же энеңе элден акча жыйнабай, бекер дасторкон жайганга карыздарсың. Уулуңду үйлөндүрсөң, юбилей өткөрөм десең, чакырылгандар айласыздан бере турган конверттерге таянбай, өзүңдүн эсебиңден бекер дасторкон жай. Айтор, элге атаганың бар болсо гана маараке өткөр, колуңда жок болсо насыя алба. Сен эч кимге карыз эмессиң. Бул үчүн эч ким күнөөлүү болбойт. Атаандашуунун, куру намыска миндирген азыркы жараксыз салттын кесепетин терең ойлоп түшүнгөн адам бул маселе боюнча ушундай тыянак чыгарса туура болор беле деген пикирдебиз.

Дагы караңыз Ысырапкордун руху жарды

Маараке аяктап, элди узатар алдында босоголордо туруп алып конверттерди жыйнаган чоң кызматтагы жетекчилерди, Жогорку Кеңештин депутаттарын, министрлерди ж.б. көрүп келатабыз. Бул карапайым элге жакшы өрнөк эмес. Аларды көргөн колунда жоктор, куру намыска ууланары турган иш.

Бул өөн «салттын» кесепетинен айрымдар олчойгон насыя алып, бири-бири менен атаандашып жатышпайбы. Төшөгүнө жараша бутун сунуп жашоонун ордуна «мен баланчадан кем белем, керек болсо андан ашырып той өткөрөм» деп төшүн муштагандар барган сайын арбып келатканы өкүндүрөт.

Куран окутууда, той өткөрүүдө, юбилейлерде ж.б. мааракелерде конверт жыйноо азыркы кыйын кезде да салтка айланып келатканы кыргыз элинин маданиятын жакшы жолго баштай турган Маданият, маалымат жана туризм министрлигин, жалпы коомчулукту качан ойлондурары күмөн бойдон турат.

Мирзохалим КАРИМОВ, журналист

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.