Бир курсакка канча кой батат?

Бешбармак

Журналист Султан Жумагулов той-аштын чыгымы тууралуу кезектеги блогун жазды.

Кыргыз болуу кыйынчылыгы

Күрдөөлдүү күз. Тойлор, юбилейлер, аштар марафону. Кудай кут кылсын! Кыргызда “түштөнтүү” деген жаңы адат чыкканын билесиңер. Аны азыр “колго суу куюу” деп да тергеп калышыптыр. Көздөрү жалдыраган койлор биринин артынан бири мууздалган бойдон казанга салынат. Төрдөгү карыялар ”Кудайым тойдон айырбасын!” деп батасын беришет. Аягында торсоюп бөйрөгү чыккан пакеттер таратылып, буттары талып, чалыштаган коноктор оор үшкүрө үйлөрүнө тарашат...

Жакында малдуу жергебизде үйлөнүү тоюнда болдук. 50 чакты киши 12 кой, бир жылкы жана кешикке деп келген муздак эт жедик. Жок, үч же төрт кой, жылкы желди окшойт, калган устукандар пакеттерге ыргып жатты. Ушунун баарына 14 саат кетти!

Албетте, менин жердештерим этке тап жагынан карышкырлардан кийин экинчи орунда турганын азыр калп айтпасам, бүт дүйнө билип калды. Бирок ошол тойдон кийин карышкыр улуган бойдон экинчи орунда калгандай туюлду. Сыртка чыгып, бир жерге барып келип эле кайра этке отурмай. Той ээсинин коӊшулары, коллегалары, тайлары, кайындары, достору, бир туугандары... иши кылса, кичине жыты барлар биринин артынан бири чубап, белен бешбармагын бууланта кирип жатышты. Коноктор болсо койдон жоош, бутунун тарамышы түйүлгөнүн билгизбегенге аракет кылып, кара күчкө каткырып, тойбой жеп жаткан жана жыргаган киши болуп отуруп бердик...

Акырында чындап чыдам түгөндү. “Эт акыры бүтчүдөйбү?” деп сурадым сыртка чыкканда конок ээсинен. “Эми дагы та-ак, беш кой калды, аны жемейин кетмей жок” дегенде кыргызга багышталып айтылган бир анекдот эсиме кылт этти: “Чет жердик турист бизге келбейби. Кечинде интернеттен үйүнө жазып атат дейт: Ат-Башы деген жерге келдим, аябай ажайып жер экен. Кой союшту, салт боюнча калтырбай жеш керек дешкенинен жеп алып, ашказаным иштен чыгып, кыйналып отурам. Эртеси кечинде дагы жазат экен: жайлоого бардык, ат миндик, анан боз үйгө киргизип, кой союшту, аны жеп, азыр өлгүм келип атат. Үчүнчү күнү минтип жазыптыр: тоонун төрүнө чыктык, улам бир секиге калкаланып, бошонуп аттым. Боз үйгө келсек, жылкы союп жатышыптыр, ка-ап, кечээ эле өлүп калбай”...

Тойдогу дасторкон.

... Бирок ал күнү биз жеген эт рекордго караандабайт дешти. 12-14 саатта 25 кой, эки-үч жылкы жеген окуялар бар экен. Ат-Башы, Нарынга Чүйдөн, Таластан, Оштон келген кудалар буттарына жыгылып жалынган учурлар болуптур дешет: “Айланайын кудалар, этиӊе ыраазыбыз, бизди да, малды да аягылачы, чай эле бергилечи!”.

Кийин жергиликтүү интеллигенттер, акимчиликтин кызматкерлери менен ушул тема боюнча алым-сабак алыштык.

- Макул, үч, мейли беш кой, бир жылкыны жегиле, калган койдун акчасын жаш түгөйлөргө чогултуп берсе болбойбу? Бери дегенде 30-40 миӊ сомдуу болуп, үй-бүлөлүк бюджетибиздин уюткусу бар деп, жыргап калышат эле.

- Ошентсек кана атаганат? Эми салттан чыга албайбыз да...

Этнографтар менен тарыхчылардан сурасам, эзели кыргызда мындай бут талып, көз караргыча отуруп эт жеген салт болбоптур. Ооба, эт жешчү экен. Бирок ортодо оюн салышчу экен, ырдап-чоордоп, бир жагында ат чабыш, аркан тартыш... Азыркы кылганыбыз жөн гана “аш көп болсо – каада көп” дегендей, кыргыздын эле ойлоп тапкан ноу-хаусу. Куру намыстын иши. Бирдеме десеӊ, “байдын ашын байкуш аяйт болбой жөн турчу”,”эл эмне дейт?” деп оозуӊду жабышат.

Менимче, кайсы бир Ташмат кудаларына үч койдун эле этин тартып, калган койлордун акчасын чогултуп, жаңы баш кошкон эки жашка 50 миң сомду банк карточкасы менен кошо тапшырса, “салтты бузган ит кыргыз” деп эч ким сөкпөсө керек.

Кара курсак азга эле тоёт. 90-жылдардагы жут мезгилде дасторконго эмне коюлса, дароо жалмап кеткен заман өттү. Азыр барчылык. Ресторандарда биринчи, экинчиси желбей калып жатат.

Тойдон бир көрүнүш.

Ошентип, биздин тапкан-ташыганыбыз кара курсакка, андан ашканы жугунду менен ажатканага кетип жатат. Азыркы тил менен айтканда, пайдалуу ишке, өсүп-өнүгүүгө мээнет менен табылган маңдай акыбыздын азын гана жумшап жатабыз. Мен бир гана тойдон ушунча ыксыз чыгымды көрдүм. Күнүнө андай тойлордон канчасы өтүп, канча мал курмандыкка чалынып жатат? Анан канча киши баласынын контрагын төлөй албай, көрүнгөндөн ыйлап карыздап жүрөт? Бир отурганда бир балабыздын контрагын жеп коюп жатканыбызды элес алган киши жок. Баарынан балдарыбызга убал. Биз, чоӊдор аларга мына ушундай жашоо, тойлоо үлгүсүн өткөрүп берип жатабыз. Көбү жыргал ушу деп түшүнүп калышат.

Акча кармап, аны пайдалуу урунуу тажрыйбасы али аң-сезимине терең ширеле элек көчмөн пейил, алакөөдөн кыргыздарды алкоо керекпи же сөгүү керекпи?

Тек гана Кыргызстанды изилдеп жүргөн, башка көз менен караган эки башка кишинин биздин бул жашоо, жок, тойлоо образыбыз тууралу айткандарын кыстара кетейин. “Жалаң эт жегенге, куру намыска негизделген бул адатыңар эскичиликтен чыга элек, примитивдүү аң-сезимиңерди чагылдырат”. “Кыргыздын курсагы – бул тамак-ашты сиңирип, организмдин шакылдап иштешин камсыз кылуучу орган эмес, ал – желген койлордун көрүстөнү”.

Кыязы, улуу муунга айткан менен пайда чыкпай калды окшойт, ошондуктан азыркы жаштарга кайрылгым келет: Бишкекте өткөргөн “Түкүрбө” акциясы сыяктуу эле “Ысырапка жол жок!”, “Курсакты эмес, балдарды ойлогула!” деген сыяктуу иш-чаларды өткөрсөңөр, уялганыбыздан тартып калаарбыз.

Мен тойго, эт жегенге, элибиздин пейилине каршы эмесмин. Кыргыз баласы болгон соӊ мен да эттен качпайм. Бирок курсактын кулу болгонубузга, карын жарылып, көз тостойгонго чейин жегенге макул эмесмин. Малды эсепсиз кырганга, мээнетибиздин ай-талаага чачылып кетип жатканына ичим күйөт.

Бул жазганым үчүн далайлар мени сөгөт. Сөгө бергиле, мен жаза берем. Эмкиде кытайдын арзан кийитине тапканыӊарды жумшап, бай кытайларды ого бетер байытып жатканыңарды жазам..

Султан Жумагулов

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.​

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.