Салам достор, менин атым Арзыгүл. Мен Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Кызыл-Ата айылында жашайм. Мен дагы бардык кыргызстандыктар сыяктуу эле кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.
Урматтуу менин досторум! Биз канткенде кыргыз жерин өнүктүрүп, өстүрүп кете алабыз. Алгач өзүбүз мектептен сапаттуу билим алышыбыз керек. Гезит-журналдардан “Тиги райондогу мектептин окуучуларды окутууга шарты жок, ошондуктан окуучулар жакшы окушпайт” деген макалаларды окуп калам. Албетте, бардык шарты бар мектептер курулса бизге, агай-эжейлерге жакшы шарттар түзүлүп билимибиздин жогорулашына түрткү болмок. Бирок, кээ бир райондордо кадимки чатырларда окушуп деле республикалык олимпиадада биринчи орундарды ээлеген окуучуларды угуп жүрөбүз. Ошондуктан, биринчиден, билимдүү, тажрыйбалуу агай-эжейлердин сабак берүүсү, өзүбүздүн билимге болгон кызыгуубуз жана күчтүү аракетибиз менен алдыга чыга алабыз. Мектептен жакшы билим алып, жогорку окуу жайларды ийгиликтүү аяктасак, мамлекетибизде ар кайсы кесиптеги билимдүү адистер көбөйсө деген тилек.
Элибизде ыймандуулук күч алса жакшы болмок, анткени улууну урматтоо, кичүүнү ызаттоо, ата-энеге камкордук, уурулук кылбоо, адам өлтүрбөө сыяктуу көрүнүштөр барган сайын көбөйүп бара жатат. Мен “Супер Инфо” гезитин дайыма окуйм жана андагы адамдардын ыймансыз көрүнүштөрүн окуп “Мен кандай өлкөдө жашап жатам” деп көп ойлоном. Өлкөбүздөгү милиция кызматкерлери гезиттеги ыймансыз адамдарга катуу чара колдонушса.
Депутаттар, акимдер ж.б. чоң кызматта иштеген жетекчилердин мамлекеттин акчасын уурдаганын, врачтардын өлүм алдында жаткан адамдан акча сураганын туура эмес деп түшүнөм. Ошондой адамдардын айынан Кыргызстан өнүкпөй жатат. Өзүм көргөн бир окуяны айткым келип турат. Менин чоң энем айыкпас (рак) дартка кабылды. Чоң энемди атамдар Бишкекке алып барып көрсөтпөгөн жери калбады, акырында бир врач “Мен бул ооруну айыктырам, ал кызматым үчүн 3500 доллар жана жол киреме 500 сом төлөйсүңөр” дейт. Атамдар сураган акчаны беришет, бирок чоң энем айыккан жок. Дарыгерлер жумушка киргенде кандай гана адам болбосун алардын өмүрүн сактап калууга ант беришет экен. Ал тургай депутаттар, министрлер да ант берип, ишке кирип жатышат. Эмне үчүн чоң адамдар калп сүйлөшөт. Мен чоң энемдин оорусунан кийин чоңойсом врач болом, оорукчан адамдарды акча эмес, билимдин күчү менен бекер дарылайм деп чечтим.
Биздин мамлекет жаратылышы кооз, кен байлыктары көп, Ысык-Көл, Сары-Челек, Соң-Көл сыяктуу кереметтери бар өлкө. Биз жаратылышыбызды кен байлыктарыбызды туура пайдалансак, келечекте өнүп-өсүшүбүзгө толук ишенем. Ошондой эле Кыргызстандын жарандары улуттарга, биз кыргыздар уруу-урууга бөлүнбөй ынтымакта жашасак, президенттерибиз качып кетпей өлкөбүздөгү мамлекеттин акчасына кол салгандарды токтотуп, ант бергендерден убадасын аткаруусун талап кылсак, өлкөбүз тез эле өнүп-өсөт.
Дүйнө эли бизди, кыргызстандыктарды Манас атабыз менен, Чыңгыз атабыз менен таанышат. Мен ошол аталарыбыздын арбактары колдоп кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм. Бул менин гана эмес бардык окуучулардын тилеги деп билиңиздер.
Искак Раззаков атабыз “Мен таза болсом, сен таза болсоң коом таза болот” дегендей алгач тазалыкты, ыймандуу болууну, жакшы билим алууну өзүбүздөн баштасак, коом таза болуп, өлкөбүз өнүгөрүнө ишенем.
Кыргыз жергесине тазалыкты, аруулукту жана өнүгүүнү кудайдан тилейм. Ишиңиздерге ийгилик каалайм.
Талантбек кызы Арзыгүл, Ала-Бука районунун Кызыл-Ата айылындагы, Ы.Чаңгылов атындагы орто мектептин 7-классынын окуучусу.