Путин чокусу, Путин көчөсү, Путлер, Пуй Хутин, көрүндө оодарылган Абдыкадыров

Саясат таануу илиминде бир нече жылдан бери “путинизм” деген термин пайда болду. Азыркы учурда абройлуу деген эл аралык гезит-журналдарда активдүү колдонулуп, мааниси да эбак экчелип калган белгилүү термин. Анын кыска мааниси - Орусия мамлекетиндеги бечел калган демократия жана ошол бечел демократиянын башкы архитектору же бирден бир идеологу Владимир Путиндин саясий ишмердиги.

Ырас, кийинки күндөрдө путинизм дагы жаңы маани-мазмун менен баюуда. Азыркы орус коомчулугундагы боркулдап кайнап кеткен улутчулдук, мамлекеттик деңгээлде колдоого алынып, бапестеп багылып жаткан шовинизм жана неоимпериалисттик процесстер бүт дүйнөнүн көңүлүн айласыз бурууда. Путинизм ушул учурда 46 миллион калкы бар чоң Украинанын жүрөгүнө кол салып, казак менен кыргыз сыңары канатташ, байыртан тамыры туташ, тарыхы менен тили бир мамлекеттин пайдубалын кыйратуу алдында турат. Ырас, ага Киевдеги качан болсо бүтпөгөн ополоң-тополоң оңдой берди болду. Эркин прессада бирде Путлер, бирде Пуй Хутин атыккан ошол эле Владимир Путин бир ок чыгарбай туруп Украинага караштуу Крымды Орусияга чакалайдын чак түшүндө кошуп алды.

Дагы бир кызык жери, бу орус калкы кай жерде жашаса, ошол жерди өз менчигим деп эсептеп, кокус пейили бузулса, ат соорусуна салып Орусияга ала кеткенди туура деп эсептейт экен. Ошодон улам Молдова, айрыкча Казакстан алапайын таба албай, арыдан бери кетип калдастап турган учуру.

Бирок бизде да, Кыргызстанда да эл ичи ар кандай уу-дуу кепке толтура. Анын үстүнө эл дарбыса кошо дарбып кетмей адатыбыз абалтан келаткан нерсе го. “Самаркандан саман учту десе, Самарканды өрт алыптыр” деп түшүнгөн айрым мекендештер бизден да чыгууда. Шүгүрчүлүк, Путин бизге сөөмөй кеземек түгүл, атыбызды атай элек - азырынча өз жерибизге өзүбүз ээбиз, сырдашсак да, чырдашсак эрк өзүбүздө. Тилекке каршы, азыртан эле ага жагалданган, ага жагыш үчүн ата-жотосуна карабай, ал эмес Ата Мекенибизди азатчылыгын, эчен кылым эңсеп жүрүп жеткен эгемендигин садага чапканды каалап тургандар жок эмес.

Алардын атын атап отурбайлы. Ар биринин абийирине, атуулдук ар-намысына коелу. Анан калса артыбызда айкөл атабыз Манастын руху турат. Ал аз болсо Барсбек менен Мухаммед Кыргыздын, ал да аздык кылса Үркүндө бүтүндөй үй-бүлөсү, ат көлүгү менен ач бел, куу жондордо калган шейиттердин арбагы “кантээр экен ушу кыргыздыр” деп бизди көз ирмебей карап турган кези.

Менин айтайын дегеним башка. Ал - баягы эле аты жаман кулчулук аң-сезим, “жамандын коногу бийлейт” психологиясы, “сага да жок, мага да жок, баш байге өзүбүзгө эмес, өзгөлөргө буюрсун” деген эски адатыбыз. Бизге бир да бийлик жакпайт, бизди бир да президент канааттандырбайт. Көпчүлүгүбүздүн мактаганыбыз Сталин же Берия. Себеби алар баш көтөрсөң жыга чапчу, кырың десең укум-тукумуң менен кырып салчу. Кылмыш жасап эмес, кептен жаңылсаң Гулагдар менен лагерлерге миллиондорду суроо-сопкуту жок тыгып таштачу. Сен Тыныстановсуңбу, Исакеевсиңби, Айтматовсуңбу - уруп ойночу эмес.

Бир кезде Ислам Каримовго аябай “ашык” болуп, атаңгөрү, “ат качырбас боз айгыр экен”, кармаганынан кан чыгарып, керек болсо бала-чакасына карабай миңдеп кырып салат экен дедик. Азыр эми Путинге айда кумарыбыз артып турган чак. Анын себеби - Владимир Путиндин кашабадай катуулугу, үч жолу Орусияга президент болгону, эки жолу премьерлик ээрге ийменбей туруп отурганы, дос-жарларын текши олигарх кылганы, оппозиция болом дегендерди бирден терип жок кылганы, ж.б.

Бирок биздин жарбаңдардын жанына жаккан дагы бир нерсе - Путиндин Украинага карата жасаган саясаты болууда. Анын Крымды көз-көрүнөө тартып алганын бүт дүйнө “агрессия” деп какшап атса, биздин азаматтар кайра алакан чаап мактоодо. “Төркү үйдөгүлөр каткырса, ички үйдөгүлөр ырсаят” болуудабыз. Сын көз менен караганды кой, Бишкектин бир чоң проспектисин Владимир Путин көчөсү деп атай салалы, керек болсо менин атамын атында бир көчө бар эле, ошону деле алгыла дегендер да жок эмес… Бир кезде Жалил Абдыкадыров деген жакшы режиссерубуз бар эле, ошо кишинин атындагы көчөнү Путинге бергиле деп кадимки эле кара чечекей уулу жер сабоодо. Маселен, Путин чокусу буга чейин бар эле, ага деле мейли, эми бир чоң көчө керек болуп жатыптыр. Кудай бетин салбасын, кокус ошол эле Путин: “Кыргыздар, менин мээмди оорутуп, убара кылбай, тез арада Орусияга кошула калгыла, Крымдан кийинки кезек силерде” десе, так секирип сүйүнө тургандар арабызда жок эмес экени эмитен эле билинип калды.

Эмне дейбиз? Чынын айтканда, мындайда комментарий жасап, кимдир бирөөлөргө кылапат айтуу да бир топ кыйын иш эмеспи. Эмнеси болсо да элибизге, эгемен мамлекетибизге аман-эсенчилик тилешибиз керек го. Калганын турмуш көрсөтөөр.

Кыргыздын байыртан келаткан акылман макалы бар: “Койдун ээси болсо, бөрүнүн кудайы бар”. Анын сыңары, кыргызды да атам замандан бери сактап, коргоп келген, жер-суусунан айрылтпай, өз башына өзү ээ кылып келген кыдыр-машаягыбыз, ырыс-кешигибиз бар - аны биле жүрөлү. Ошолор бизди тайысын. Ошолор акылсызга акыл, безериге жакшы пейил берсин. Кудай эгемендигибизден, багымсыздыгыбыздан айырбасын. Жаман ниет жардан алыс кулап, жакшы тилек жаныбызгы шерик болсун…

Профессор Осмонакун Ибраимов