Суу кодексин колдогондор – мамлекетчил депутаттар

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу.

Өткөн апта парламентибиз эң татаал ашуудан өттү. Мөңгүлөрдү “саткан” мыйзамды кабыл алуу оңой чечим болгон жок. Социалдык тармактарда “макул” деп добуш берген депутаттарды каргап-шилегендер көбөйдү. “Каршыларды” улуттук баатыр кылып алышты. Басма сөз кызматынын жетекчиси катары эмес, жөн гана ички абалды көрүп турган адам катары атуулдук пикиримди айтып коюну чечтим.

Ооба, бул мыйзам бекисе, Кумтөрдөгү эки калдайган мөңгүбүздөн биротоло айрылабыз. Андан тышкары, келечекте да кен казуу өндүрүшүн, экономиканы колдоо максатында, ушул сыяктуу эле кадамдарга барышыбыз ыктымал. Жаңы кабыл алынган Суу кодексин жакшылап окусаңыздар Давыдов менен Лысый мөңгүсүнөн сырткары бир дагы мөңгүгө кол тийбесин деп жазылып турат. Бирок, өзүбүз түзгөн келишимдер, мыйзамдардан тышкары жашоонун, жаратылыштын мыйзамдары бар. Биз дал ошол жазылбас эрежелерди бир жолу бузуп алган соң, мындан кийин дагы ошондой эле айласыз кадамдарга барбайбыз дегенге кепилдик жок.

Ооба, биз түбөлүк мөңгүлөрүбүздү бүгүнкү жарты нанга сатып жибердик. Бирок, буга кечээ кнопканы баскан депутаттар эле күнөөлүү, ал эми калганыбыз аппак бойдон калган жокпуз. Бул мөңгүлөр тээ мындан жыйырма беш жыл илгери эле биз “Кумтөр” аттуу оңой оокатка башыбызды салганда сатылган. Андан бери мөңгү эле эмес тоолордон айрылдык. Көлүбүз, жолубуз, абабыз булганды. Кумтөрдөн алынган алтындар жыйырма жылдан ашуун биздин мамлекеттик каржыбызды толтуруп келет. Бул мезгилде алтындын даамын татпаган эч ким калган жок. Пенсионер жана жөлөкпул алган жаш балдардан тартып, мугалим, дарыгер, чиновник, өзүбүздүн жемкорлор, чет өлкөлүк шылуундарга чейин бөлүшүп жедик. Болгону бул алтындын үлүшү бирөөнө аз, бирөөнө көп тийди. Алтын менен кошо тоолорубузду, аска-зоолорубузду дагы, мөңгүлөрүбүздү дагы мойсодук. Ачуу чындык ушундай. Жалаң академиктерден куралган парламентти алып келсек дагы бул абал бүгүн өзгөрмөк эмес.

Мөңгүлөрдү көчүрүүгө макул жана каршы болуп добуш берген депутаттардын тизмеси. 16-ноябрь, 2017-жыл

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы эбак жазылган “кара кагазды” колубузга карматканы үчүн жек көрүндүгө айланып олтурат. Суу кодексине түзөтүүнү өкмөт бешинчи чакырылыштагы депутаттарга да алып келип, саясий жактан маалы чыкпай, кабыл алынбай жүргөн. Кечээги депутаттардын ичиндегилердин баары эле жогорку жактан корккондор эмес. Бир заматта эл душманына айланаарын, бул үчүн кийинки шайлоодо добуш албай калышы да мүмкүн экенин билип туруп, алар мамлекетчилдигин, мекенчилдигин көрсөтүштү. Ошол эле учурда “каршы” добуш берген оппозициялык фракция “Ата Мекен” да, өз милдетин аткарды. Аты “оппозиция” заты “пропозиция” саясатчылардан айырмаланып, дээрлик бир ооздон нааразылардын үнүнө кошулду. Ал эми КСДПдан чыккан Жанар Акаев, Дастан Бекешев, Элвира Сурабалдиева сыяктуу депутаттар бийликчил фракциялардын жүзүн сактап калды. Эгер коалициядагылардын бардыгы “макул” деп добуш бергенде, анда бүгүнкү КСДП, “Кыргызстан”, “Бир болдун” Бакиевдин “Ак жол” партиясынан айырмасы болмок эмес.

Мөңгү чырындагы дагы бир көрүнүшкө көңүл бургум келет. Фейсбукта канчалаган колдонуучулар “колуңду тарт” деп, чыркырагандай түр көрсөтүштү. Иш жүзүнө келгенде Ак үйдүн алдына жыйырмадай эле активист чогулуп, үнү угулган жок. Компьютердин мониторуна жашынып алып “патриот” болуунун ордуна эки эле саат келип туруп бергенде, балким, парламент алардын сүрү менен Кумтөр тоосундагы экологияны бузгандарды жоопко тарткыла, андан кийин гана мыйзамды кабыл алып беребиз деп, өкмөттү артка кайтармак. Кумтөрдү казган да өзүбүз, мына бул депутаттарды шайлаган да өзүбүз. Буга кошумча, биздин кайдыгерлигибиз дагы мөңгүлөрүбүздү көмүүгө ортоктош болгондой сезилди.

Ибраим Нуракун уулу,

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.