Эгемберди акын “нур дүйнөсүнө” кетти

Эгемберди Эрматов

Эгемберди аке менен бу жалганда кайра жүзмө жүз жолугуп сүйлөшпөйбүз.

Бирок да, адабий мурасын түзгөн ырлары менен поэмаларын, дастандары менен драмаларын, эсселерин, интервьюларын, кыргыз тилинде сүйлөткөн дүйнөлүк адабияттын бир каухары: Низами Гянжевинин “Жети сулуу” дастанын жана улуу сопу-акын Кулкожо Акмат Яссавийдин хикметтерин окуп, акын Эгембердинин руханий ааламына бу эсенчиликте дагы эчен ирет сүңгүп кирип, руханий азык издейбиз деп ойлойм.

Анан дагы акындык кесип да эмес, мансап да эмес, Теңир сүйүп жараткан өзгөчө касиет экенине Эгемберди Эрматовдун чыгармачылыгы айкын мисал. Дегеним, мектепте окуп жүргөн кезимден тартып, 1970-жылдардын аягына чейин биздин Фрунзе районунан (азыркы Кадамжай району) аты Кыргызстанга белгилүү акын же жазуучу чыкпаганы мени катуу намыстандырчу. Исфайрам боюнан чыккан Туяк ырчыны байлар Алыштын башында атка сүйрөтүп өлтүрүшкөнүн, Тамаша жакта Молдо Нияз деген жазма акын өткөнүн кемпир-чалдар көп эле сөз кылышканын эшитчүмүн. Бирок не Туяк ырчынын, не Молдо Нияздын ырларын коюңуз, өздөрү жөнүндө Кыргыз тили жана адабият китеби түгүл республикалык гезит-журналдарда чоңураак макала чыгыптыр деп уккан эмесмин анда.

Эрматов: Низаминин аялы кыпчак болгон

Эрматов: Низаминин аялы кыпчак болгон

Низами “Сырдын кенчин” жазып бүткөндө аны Дербент ханы Дара Музаффарр ад-Динге белек кылат. Дастан ханга ушундай таасир бериптир, акынды ыраазы кылууну ойлойт. Бирок ага тең келээр эч нерсе таппайт. Ошол маалда эсине жакында эле базардан сатып келген күң түшөт. Ал кыз он сегизге жаңы толгон Аппак эле.

Адегенде Бишкекке жатак мектепке барганда классташтар менен, кийин студенттик жылдары адабиятка кызыккан кыргызстандык дос-тааныштар менен сүйлөшүп калганда, кокус кимдир бирөөсү: “Силердин райондон кайсы акын же жазуучу бар эле?” деп сурап калса, жан дүйнөм кысылып, ушу биздин райондон эмнеге акын-жазуучу чыкпайт деп ичтен арман кылчу элем.

Кээ учурда Туяк ырчыны жаш кезинде байлар атка сүйрөтүп өлтүргөнүн, болбосо Барпы, Токтогул, Тоголок Молдодой чоң акын болмогун айтып кутулчумун. Тап душманы колунан өлдү деген сөз совет заманында кимди да болбосун баатыр адамга, оң каарманга айлантат эле. Такыр айлам куруп кеткенде, Кадамжайдын “Металлургу” республиканын футбол чемпионатында Фрунзе (бүгүн Бишкек), Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя шаарларынын командалары менен тең тайлашарын айтып кыйынсынчумун.

1980-жылдардын орто ченинде адабиятка жакын досторум Эгемберди Эрматовдун ырлары жөнүндө сөз козгошуп, ал менин районумдан экенин айтышкандан кийин, бул ысым менен сыймыктанчу болдум. Эми кемтигим толгондой кубандым. Бул сезим көпчүлүк кадамжайлыктарга тааныш болсо керек. Кийин тааныштык. Эгемберди аке 1988-жылы ырлар жыйнагын “Туяк ырчы” деп атап, кылым башында өлгөн төкмөнүн ысымын республиканын окурмандар коомуна таанытты.

1993-жылы Молдо Нияздын Санаттары өзүнчө китеп болуп чыгып, ноябрь айында Кадамжай районунда жазма акындын 170 жылдык мааракеси майрамдалганда Эгемберди аке пегас атын эми чындап мингендей көйкөлүп, узактан тилеген тилеги орундалгандай сүйүнүп жүргөнү эсимде.

Ал эми 2006-жылы Туяктын трагедиялуу өлүмү тууралуу поэмасын жарыялап, өзү туулган Пум айылында жарык дүйнөгө келген ырчынын эл ичинде унутулуп бараткан ысымын өчпөс кылды. Ошондой эле XI кылымда азыркы Түркстанда (Казакстан) жашап өткөн улуу сопу Кулкожо Акмат Яссавийдин хикметтерин, перс адабиятынын улуу романтик акыны, XII кылымдын экинчи жарымында жазган “Жети сулуу” дастанын кыргыз тилине которуп, өз каражатына китеп кылып чыгарды.

Акын катаал 1990-жылдардын ортосунда Бишкекти таштап, кичи мекенине кеткенде башталган руханий изилдөөсүнүн жыйынтыгы “Мухаммед пайгамбар” дастаны деп айтсам жаңылбайм деп ойлойм.

Акын өзү пайгамбардын өмүрү тууралуу түрдүү фактыларга мол жана романтикалык маанайда жазылган бул дастанды бүткүл чыгармачылыгынын чен-өлчөмү деп санарын бир эмес, бир нече ирет экөөбүз сүйлөшкөндө айткан жайы бар.

Ошого акыркы мертебе Эгемберди аке менен сүйлөшүп жатып, табияты бир калыпка сыйбаган кишинин бүт дити, бүт жан дүйнөсү менен дин жолуна берилип кирүүсүнүн сырын сураганымда, "Мухаммед пайгамбардын өмүрүн изилдөө жана Кулкожо Акмат Яссавийдин хикметтерин изилдеп, которуунун натыйжасында ак жолуна түштүм, үкам" деген. Ошондуктан, акындын акыркы он жылдагы ырларында даана байкалып тургандай, ал шарияттын төртүнчү баскычы-акыйкат деңгээлине жеткен болчу.

Бул деген, Эгемберди аке оо дүйнө көчүү менен, “Хикметтер китебинин” алгы сөзүндө өзү жазгандай, “...Алла Тааланын чындыгына, жалгыз кудайдын бийлигине жетишип,..., өзүн Алла тааланын бир учкуну экендигин түшүнүп, Алланын нур дүйнөсүнө өтүп кетти“. Жараткандын нур дүйнөсүнө 922-жылдын 26-мартында көз жумган сопу аалым Мансур ал-Халлаж сыяктуу “Ан ал-Хак!”, “Мен йам Хак!”, “Акмын”, “Мен акыйкатка жеттим” деп аалам көчтү деп ишенем. А бизге өз рухун, өз чыгармаларын “Эрмек кылгыла. Окугула!”,- деп калтырып кетти...

Прага. 26-январь 2017-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.