2012-жылдын ушул маалы болсо керек. Иштеген жериме Исманалинин (Тажикстандын Жерге-Тал районунан келип Ошто окуган досубуз) досу болом деп бир жигит келди. Таанышып сөз баштап калды:
- Жерге-Талга барып тоюма тамада болуп бериңиз.
- Мен тамада боло алар бекем. Той алып бара албайм, жөн гана кече болуп калышы мүмкүн, иш-чараларды эле алып барчумун да.
- Кечеге окшотуп алып барсаңыз болот. Жакшы сүйлөп, оюндарды уюштуруп бересиз. Исманали сизди сунуштады. Жолуңузду бүт көтөрөм, канча десеңиз акыңызды берем, бирок акча берди деп ал жактагы жан адамга айтпайсыз. Жөн гана досу болуп келдим дейсиз.
- Эмнеге?
- Биз жакта тыюу салган. Ал эмес, айылдык клубга үч саат гана убакыт берет, үч машинеден артык алып чыкпайбыз, эки-үч союштан ашырып сойбойбуз. Мыйзам ошондой.
- Мейли, Жерге-Талды бир көрүп келет экемин да. Жөн деле алып барып берейин, жакшылап мейман кылсаңар болду.
- Жок, жок. Андай болбойт, барсаңыз сөзсүз кур койбойм.
Ошентип макулдаштык. Барсам деп дээлигип алган менен эмнегедир ал жигит кайрылып келген жок. Кыштын суугунда кыйнабайын дедиби, же ал жактагы “закондон” чочуладыбы билбейм. Азыр отуруп алып өзүбүздүн тойлорду көз алдыман өткөрүп жатам.
Тигинде жар-жар айткан ырчы толкунданып, сүрдөп тойканага кирип келаткан эки жашты жандап ырдап жатат. Расмий, расмий эмес жыйындарда “Тойлор бу ашыкча чыгым болду, ысырапкорчулук аябай көп”, – деп бакылдаган ата бүгүн кубанычы сыртына чыгып, бажырая конокторду төргө өткөрүүдө.
“Убагында ырас тойлорго конверт алып барып, каттоону жакшы кылган экенбиз, момунча элден жок деген паланча сом түшөр”, – деп ичинен кымылдап алган.
Тамада не бир чебер, асыл сөздөрдү, ойлордун берметтерин элге чачыла кылып чачып жатат. Улуттук оймо түшүрүлгөн кемселди чыкыя кийген официант жигит-кыздар шыпылдап конокторду тейлеп жүрөт. Бир аз кайын журттан тартынмыш болгон жеңе чимириле бийлеп оюнду кызытууда.
“Ой, бала, бизге ылайыктуу музыка кой” деген апалар жаштык кезин эскеришип, чер жазып бийлеп жатышат. Ырчылар зал жаңырта обон созуп, эл сүйгөн ырын ырдап, эки жашка куттук айтты. Стол үстү дүйүм даамдарга толуп турат. Боорсогун айылдагы жеңелери бышырып келген, салаттарды шаардыгы эжелери жасаптыр.
Мурдагыдай спирттик ичимдиктин ордуна кымыз коюп калышкан. Аны тоодогу авасы жайдын күнү эле үкөсүнүн тою үчүн басып койгон. Той көйнөкчөн колукту бети тамылжып, өмүрүндөгү эң бактылуу ирмемдерин башынан өткөрүп жатат. Сыр бербеген күйөө тоюна келген тууган, дос-жарына ичинен ыраазы. Бүгүн өзүнө карата айтылган, асыл тилек, мактоо сөздөрдү буга чейин эч бир укпаган жана эми мындан кийин качан угары белгисиз.
Мына ушундай, мындан да кызыктуу, шаңдуу, күлкүлүү, лирикалуу өтөт биздин тойлор. Ушул той болгон үчүн нан саткан эже балдарына кийим алгыдай пайда таап кубанган чыгар. Ушул той болгон үчүн тамада байке аялына жакшы көйнөк сатып берүүнү максат кылгандыр. Ушул той болгон үчүн студент жигит-кыздар апасынан акча сурабай официант болуп, жакшы кийинип окуп жүргөндүр. Ушул той болгон үчүн элге өнөрүн тартуулаган ырчылар студияларга ырларын биринин артынан бирин жаздырып жатса керек. Ушул той болгон үчүн Шамалды-Сайдын дарбызы менен Отуз-Адырдын коону, Аравандын жүзүмү, Ысык-Көлдүн алмасы тирелип жыйылып турбай өтүп, соода болуп жаткандыр. Той болгон үчүн жүздөгөн адамдар иш менен камсыз болуп, ресторандар өлкө казынасына миңдеген акча салык төгүп жатса керек.
Менин пикиримде, тойдогу айланган акча - бир мезгилде кубанычка шерик болуп кайтып келчү “депозит”, жакшылыкка жумшап алуу үчүн келген “пайызсыз кредит”. “Темене берип, төө алган” тууган арасында болуучу маданияттуу соода-сатык.
Менин үч-төрт досум тойдон таанышкан кыздарга үйлөнүштү. Азыр алар бала-чакалуу болуп, бактылуу жашап жатышат. Чачтары жакшына жасалган, кулпура кызыл көйнөк кийген кыздардын канчасы күйөө жолдошторго жагып турмуш курушпады экен.
Тана албайбыз, тойлордо чыгым бар. Шайтан алгыр чыгымдарга мен да каршымын. Бирок аны акырындап азайтсак болор. Акырындап элибиз дасторконго жер-жемиш, суусундук гана коюп, колдон-колго өткөн көйнөк-калпактын ордуна колунан келген белегин берип, оюн-зоок, ыр-бий менен той өткөрүп калар. Ага чейин конфет, нан, өрүк-мейиз сатып бала баккан жарандарыбыз башка жумуш таап, айлык алып калышар. Акырындап ондогон машиненин ордуна бир автобус менен кыз көчүрүүгө өтө баштабадыкпы.
Коңшу элдерге окшоп конфетти прокатка алып, кайра тартып өткөрүп берип, кимиси кеткен чыгымымды текшере коёт экен деп коркуп, белгиленген сандан ашыра конок чакыра албай түйшөлүп той өткөрсөк кандай болмок?
Эки гана бөлмөгө жашарын билип, бирок 20-30 бөлмөлүү үйдүн цементи менен кышына миллиондогон сомду кошо түбөлүк уруп салгандан көрө элде жүгүртүүдө айланып жүрүшү үчүн акчаны тойго сарптасак жакшы болор.
Эми “Алыбай алына жараша”. Кимдир бирөө топтогон акчасына тирелтип үй салгысы келет, кимдир бирөө 50-60 миң долларлык машине мингиси келет. Кай бири той берип, элден бата алгысы келет. Тою жок эле баш кошуп, бактылуу жашап жаткандар деле көп. Атаандашпай, аз каражат кетирип, өздөрүнүн фантазиясы менен эсте каларлык нике той жасагандар дагы көп болсун.
Быйыл сентябрь айында Данияр досум экөөбүз борбордук аянт тарапка иштер менен барып калдык. Аянтта эки жашты жандап, аккордеон асынып, шаңкылдап ырдаган баланы ээрчип бийлеп бараткан балдарды көрүп: “Чет элдиктер мына буну көрсө жапайы ойлошсо керек”,- дедим мен. “Антип айтпа, азыр кээ бир өлкөлөрдө мынтип аянтта бийлемек турсун көчөдө эркин баса албай жүрүшөт. Ушинтип бийлеген, ырдаган тынчтык күн эле болуп турсунчу” деген эле Данияр. Ооба, тынчтык болсун! Тойлор тынчтык күндө гана болот эмеспи.
Ушул макаланы окуган окурмандардын кээ “Чыгымды токтото албай жатса" деп мени урушар. Урушуп жатып да жакшы той өткөрүү ниетинде бар болсо керек. Ылайым ниети ишке ашсын!
Улукбек Омокеев