Күчтүү бийлик муштумга таянбайт

Даниел Кадырбеков, Жапониядагы Кобе университетинин саясат таануу боюнча магистратурасынын бүтүрүүчүсү

Кыргызстанда өкмөттүн облустардагы өкүлдөрүнүн иши боюнча сындар арбын. Губернаторлорду дайындабай шайлаш керек деген демилге бир канча мезгилден бери айтылып келгени менен, бийлик мындай реформага бара албай жатат.

Негизги проблема губернаторлук институттун бар же жогунда эмес, ал жердеги иштеп жаткан жол-жоболордун жана алардын колдонулушу канчалык туура экенинде. Көптөгөн өнүгүп келаткан авторитардык өлкөлөрдө губернаторлорду, өкмөт өкүлдөрүн борбордук бийлик анын лоялдуулугу үчүн шайлап койгон тажрыйба колдонулуп келатат.

Орусияда бир убакта губернаторлор шайланып, андан кийин ал тажрыйбаны кайра дайындоо менен алмаштырбады беле. Биздин бийлик дагы ушундай ыкма менен күчтүү мамлекет кура алабыз деп ойлоп жатышат. Күчтүү бийлик дегенди биздин совет доорун көрүп калган адамдарыбыз "чоң муштум" деп түшүнөт. Жылуу-жумшак сөз менен деле реформаларды алдыга жылдырса, элге жеткирсе болот. Аны эл укса, ынанса мына ушул күчтүү нерсе.

Өкмөттүн өкүлү деген ошол жердеги бийликтин символу. Ошол өкүлчүлүккө кесипкөй адамдар шайланып келиши керек. Ушундай ыкма менен келсе эмки мөөнөткө да шайланайын, элге иштеп, көйгөйүн чечип берейин деген кызыкчылыгы болот. Мисалы Жапонияда Окинава деген арал бар. Ал жерде Экинчи Дүйнөлүк согуштан бери келаткан АКШнын аскерий базасы бар. Бул базанын айынан ошол жерде ар кандай талаштар болуп турат, экология бузулуп жатат дегендей дооматтар да көп. Ошол Окинаванын губернатору борбордук бийлик менен керек болсо соттошконго чейин барып, базаны чыгарышыбыз керек, биздин префектуранын ичинде башка жерге которгонго уруксат бербейбиз деп айткан жайы бар.

Биз да өкмөт өкүлдөрүн борбордук бийликке лоялдуу болгону үчүн гана дайындап койбой, алардын шайланып келишине жол ачышыбыз зарыл. Экинчиден, каржылык саботаж кылбаш керек. Башкача айтканда, өкмөттүн аймактагы өкүлдөрү эгер бизди укпасаң бюджетиңди кыскартабыз, чечем деген проблемаңды эч ким укпай калат деген нерселерден чочулашат. Бизде дотацияда отурган региондорубуз бар. Губернаторлорду чектеп, коркуткан механизмдерди жок кылуу керек. Өзү чогулткан салыктын жок дегенде теңин өзүнө калтырганы туура. Облустук деңгээлде өзү эл менен макулдашып, приоритеттүү багыттарды аныктап, аны чече ала тургандай болушу кажет. Ошол эле учурда губернатордун мүмкүнчүлүктөрүн да чектеп коюу керек. Ал аймактагы ички проблемаларга гана жооп берип, бирок, мисалы чек ара, экономикалык маселелерди, тышкы саясатты чечүү анын иши болбошу зарыл.

Кайталап айтайын, бийликке көзү түз, лоялдуу, анын айтканынан чыкпаган күнкор адамды жергиликтүү бийлик башына дайындап койгон тажрыйба жакшы эмес. Бул адамдардын бийлик институтуна болгон ишенимин азайтышы мүмкүн. Дайындалган адамдын ошол жердин маселесин чечип, чуркап иштегенге стимулу деле болбойт. Аны дайындаган конкреттүү бир киши бар. Ошол кишинин маанайын бузбай эле иштеп берсем, ордумда көбүрөөк калам деген ой менен жүрөт. Ушундай рычаг илгертен бери келатат.

Демократиялуу коомдо борбордук бийлик макроэкономикалык проблемаларды чечүү менен алектенет, жалпы саясатты жүргүзөт. Ал эми аймактарда, штаттарда, префектураларда маселелерди чечүүнү ошол аймактын башчысына берилет. Мисалы, өткөндө АКШда президент сириялык качкындардын 10 миңдейин кабыл алабыз десе, ошол штаттын губернатору бирин да киргизбейм деп билдирди. Ушундай карама-каршылык да болуп жатат. Бул эми демократиялык коомдогу табигый эле көрүнүш. Мындай маселелер дебат аркылуу чечилет. Эгер ушундай кыласың деп моюнуна илип койсо, анда маселе да чечилбейт, кадыр-баркы деле жогорулабайт.

Бийликте турганда эң ириде эл ишенип, колдошу керек. Эгер эл колдобой койсо кандай гана жакшы демилге болбосун ишке ашпай калат. Мисалы, жакында эле өкмөтүбүз камсыздандыруу боюнча айтып чыкпадыбы. Бул негизи абдан сонун идея. Бирок бул идеяны элге салбай, эл менен акылдашпай туруп, чукул арада көтөрүп чыгышкандыктан, талкууланбагандыктан бир топ нааразылык жаратып, акыры аны кайтарып алууга аргасыз болду.

Демократиялуу коомдо жергиликтүү бийликке көп көңүл бурулат. Анткени эл менен түздөн-түз иштегендер, маселесин жеринен чечкендер ошолор. Борбордук бийлик болсо сот реформасы, конституциялык мыйзамдарды өзгөртүү өңдүү маселелер менен алек болушу керек. Ал эми бизде болсо президенттен тартып өкмөт, жергиликтүү бийликке чейин микроменеджментке өтүп кетип жатат. Жогорку бийликтен сен ушул жерге барып бала бакчанын короосун тазала дегендей көрсөтмөлөр берилип жатканын көрүп да калуудабыз. Андай маселелерди шайланып барган губернатор, айыл өкмөт башчысы алысты көрө билген болсо, эртеңки күн жөнүндө ойлосо, анда жогору жакка жеткирбей эле чечет, анын иштегенге, эртең кайра шайланам дегенге стимулу болот.

Даниел Кадырбеков, Жапониядагы Кобе университетинин саясат таануу боюнча магистратурасынын бүтүрүүчүсү