Университеттин биринчи курсуна жаңы киргенде менин тобумда окуган жоолук салынган кыз көңүлүмдү өзүнө бурду. 1998-жыл болгондуктан, ал мезгилде кыргыздар арасында хижаб кийгендер дээрлик жок болчу. Бирок мен айтып жаткан кыз хижабчан сабакка келчү. Аты – Фэриде Кутлу. Кыргызча чала-була сүйлөйт. Бир нече айдан кийин мен да түркчөнү үйрөнүп, экөөбүз ысык-ынак досторго айландык. Фэридесиз бир күнүм өтчү эмес.
Кийин анын айтылуу Рахманкул хандын небереси экенин билдим. Группалаштар тамашалап “принцесса” дээр элек. Атасы Абдумалик, же Малик аке Вандагы кыргыздардын айкелтрашы (скульптор) сүрөтчүсү экен.
Фэриде менен кошо Абидэ жана Курманбек Кутлу аттуу эки бир тууганы да келип, Улуттук университетте окушчу. Чынын айтайын, 17 жаштагы мен үчүн мурда Мекен деген нерсе Алыкул Осмоновдун “Сен ооруба, мен ооруюн Ата Журт” деген ыр саптары менен эле чектелсе, Фэриде мага чыныгы Мекен сүйүүсүн, кыргызды сүйүүнү үйрөттү.
Сабак даярдайбыз деп чогулганыбызда биздин сөзүбүз акыры барып Рахманкул хан жана анын элине бурулаар эле. Фэриде мага Памирдеги турмушун элес-булас эстерин айтып, бирок Пакистанга качышканда абдан көп эл кырылганын, ал жактагы климаттын катаалдыгы элге абдан чоң зыян алып келгенин жобурар эле.
Аз өтпөй жоолук салынган бул кызды ээрчип, дос болгон жергиликтүү студенттер көбөйдү. Алардын баарын Фэриде бир туугандары менен чакан батиринде коноктоп, акча сураса берип, колунан келген жардамын “кыргызым, бир тууганым”, - деп берип жүрдү. Бирок ошол шагыраган “бир туугандар” негедир менде шек жаратар эле.
Кутлулардын баёолугун пайдаланган “кыргыздары” бир күнү беткап кийип алышып, батирге кирип, үчөөнү байлап, болгон тыйынын, фотоаппарат сыяктуу баалуу буюмдарын тоноп кетишти. Ары чуркадык, бери чуркадык. Милицияга барып, Түркиядан келген боордошторубузду мындай күнгө калтыргандарды тапкыла дедик. Керсейген участкалык милиция болсо “Бул түрктөрдө акча көп. Эч нерсе болбойт”, - деп койду. Түрк эмес, кыргыз деп чырылдаганыбызды чиркей чаккандай көргөн жок. Ошондон кийин Фэриде “кыргызым” дегенди токтотту. Аз өтпөй кетүүгө кам уруп, Түркиянын башка университетине которулду.
Экөөбүз так ушул ноябрь айында мындан 14 жыл мурун ыйлап коштошконбуз. Ошол бойдон көрүшө элекпиз. Фейсбуктан эле кабарлашабыз. Бирок Фэриде эми “Мекеним”, “кыргызым” дебей калган. Анын тагдырын мен негедир атактуу түрк жазуучусу Решат Нури Гүнтекиндин “Боз торгоюндагы” башкы каарманга окшоштура берем. Бирок андагы Фэриде сүйгөн жигити үчүн үйүнөн безсе, менин Фэридем Мекенине сыйбай кеткен...