Мекеним, мен сени төбөмө көтөрөм!

Айгерим Бейшенбекова.

Саламатсыңбы, ыйык Мекеним!

"Кызым кандай жүрдү болду экен?" деп санаа тартып жатканыңды туюп турам. Акыркы жылдарда да көптөгөн окуялардан улам кыйналып, кайгырып жүргөнүңдү да сезем. Ошондуктан ар нерсени ойлонуп, “кандай, кайда жүрөсүң, курсагың токпу, кыйналган жоксуңбу?”деген миң түрдүү суроолоруңа жооп берүүнү туура көрдүм. Бул күнгө чейин менден кат албадың. "Мени унутту" деп ойлобо, сага болгон сүйүү жүрөгүмдүн түпкүрүндө орун алган, бул сүйүү күнүгө оттой жанып, сени бир секунд да унутууга жол бербейт.

Эсиңдеби? - Мен чоңоюп, сени колума алып, бийик көтөрөм да, бүтүн дүйнөгө көрсөтөм, сыймыктанып жар салам, - дебедим беле.

Сен ошондо: - Мени кантип көтөрөсүң? Мени көтөрүү үчүн көп күч керек, - деп муңайым жылмайгансың.

- Мен ал күчтү кайдан болсо да табам, дал ошол күч менен сени жылдыздарга карай көкөлөтөм, - дегенимде:

- Миңдеген жеңил жолдордон, ушуну тандадыңбы?- дегенсиң. Ошол сөзүңөн мен аёону жана мээримди сезгем, Ата Журтум! Көзүмө жаш тегеренип, топурагыңды жыттап, өпкөм.

Дал ошол сени көтөрчү күч билим болуп чыкты жана бул күчтү Түркиядан таптым. Ошол жолдун биринчи кадамдарын шилтеп жатам, чындыгында ар бир кадам өтө оор экен. Бирок айтканымдан кайтпайм, себеби мени намыскөйлүккө, чыдамдуулукка тарбиялаган өзүңсүң. Ошол күнгө жетүү үчүн ар бир жаңы кадамдарым дал ушул эки жылдан бери жашап жаткан “Ата-Түрк” окуучу кыздар жатаканасынын бөлмөсүнөн башталат. Ар бир күн сенин абалыңдын, кыйналганыңдын себептерин, жоопторун көрсөтүп жатат.

Ойгонуп, өзүмдү жана керебетимди ирээтке келтирген соң, эртең мененки тамакка жөнөйм. Андан соң мен окуган Хажеттепе университетинин автобусун күтүү үчүн катарга кирем. Сенин эсиңде чыгаар, Түркияда билим алуу үчүн канчалык аракет кылганымды. Мына ошол мээнетимдин акыбети кайтып, Түркиянын алдыңкы жогорку окуу жайларынын бири - Анкара шаарындагы Хажеттепе университетинин компьютердик инженерия бөлүмүндө окуп жаткан учурум. “Эмне үчүн бул бөлүмдө?” деген сурооңо, “Азыркы кылымдын өнүгүшү дал ушул бөлүм, жашообуздун компьютер менен болгон байланышы күндөн күнгө өсүп жатат, дүйнөнүн өнүгүүсү дал ушул жолдо болот. Ошондуктан сени саздан сууруп, өнүгүү жолуна салуу үчүн дал ушул бөлүмдү тандадым“ деген жоопту алгансың.

Автобус менен университетке болгон бир сааттык жолдо миң түркүн ойлор келет. Келечек жаштардын колунда дегенибиз менен, ал үчүн Түркиядагыдай жаштар үчүн түзүлгөн бардык шарттары бар, үч маал берилчү тамагы белен, атүгүл кийимдеринен бери жууп берчү, жууркан-төшөктөрүнөн бери даяр жатаканалар барбы? Түркия жаштарына миңдеген шарттарды түзгөн, ар бирин билимге сугарып, келечектеги мыкты адистерин даярдоодо алдыңкы өлкөлөрдүн катарында десем жаңылышпайм. Ал эми сенин жаштарың үчүн түзүлгөн шарттар кандай? Азыркы абалыңдын бир себебин жаштарга толук көңүл бурулбай жаткандыгы деп билдим көптөгөн салыштыруулардан улам. Билесиңби, сени бул жакта “ар жылда бир митинг болуучу” же болбосо “кыз ала качууну салтка айландырып алган өлкө" деп билгендер бар экен, аларды күнөөлөп болбойт, себеби интернетте сен тууралуу дал ушундай тасма, сүрөттөр илиниптир. Ошондуктан сенин жакшыңды чыгаруу үчүн күнү-түнү тынбай окуудамын, атүгүл бөлүмдүн экинчи курстарынын алдыңкы окуучуларынын арасындамын. Дегеним, сени жаманаттыдан арылтып, дүйнө коомчулугуна “эң мыкты, билимдүүлөрдүн өлкөсү” катары тааныткым келген изги оюм бар.

Окуу жайдан сабактарым аяктагандан кийин жашап жаткан жатаканага кайтам. Кечки тамак ичип алып таэквондого барам. Дал ушул жерден эс алам, бардык кыйынчылыктарды унутам. Таэквондого баруумдун себеби, өзүмдү чыдамдуулукка, сабырдуулукка үйрөтүү. Бул күрөш спортун жашоого салыштырам, сокку кайсы тараптан келери белгисиз, бирок ага даяр болууга жана татыктуу жооп берүүгө үйрөтөт. Бул жакка көптөгөн балдар кыздар барат, жети жаштан жыйырма беш жашка чейинкилер. Тарбиялоочубуз бир гана күрөш ыкмаларын үйрөтпөстөн, чыныгы патриоттуулукка да тарбиялайт. Ар бир кадамды Ата Түрктүн “Түрк болуу кандай бакыт!”, “Бардыгы мамлекетим үчүн!”, “Мамлекетим, сен үчүн жаным курман болсун!” деген ураандары коштоп турганы мени аябай таң калтырды.

Биздин кийинки кемчилигибиз жаштарды дал ушинтип патриоттуулукка тарбиялабаганыбыз. Дал ушул кемчиликтен улам сөздө өзүңдү сүйгөнүбүз менен ишке келгенде сүйүүбүз жетпей келет, аны сен менсиз деле жакшы билесиң. Муну мен улуу муундун кечирилгис катасы деп эсептейм, бизди сүйүүгө, патриоттуулукка үйрөтпөгөндөрү, үлгү болбогондору кечирилгис күнөө. Таэквондого келүү менен сага болгон берилүүм, сүйүүм артууда, сени көтөрүүдө кезикчү күрөштө миңдеген соккулар, сыноолор болоору айдан ачык. Дал ошол соккуларга даяр болуу жана ар бирине татыктуу жооп берүүгө ушул чыгыш күрөш искусствосунан үйрөнүп жатам.

Машыгуудан кийин кайра жатаканага кайтам да, үй тапшырмаларын аткарып, өтүлгөн темаларды кайталоо үчүн окуу бөлмөсүнө барам. Окуу менен алышкан, татыктуу билим алууга умтулган түрк жаштарына толгон окуу бөлмөсү мага биздин дагы бир кемчилигибиздин бетин ачат. Ал кемчилигибиз - жаштардын билимге болгон мамилеси. Түрк жаштары күнү-түнү жанталаша билим жолунда алектенип жаткан учурда, биздин жаштардын арасында билимге берилген, изденгендердин аздыгы кейитпей койбойт. Бул жаштардын өзүңдүн алдындагы чоң күнөөсү.

Сабактарды окуп бүтүп, жатакананын бакчасына чыгам да, Ата Түрктүн жаштар менен болгон жана жаштарга арналган сөздөрү жазылган айкелинин жанында бир нече убакыт өткөрөм. Мен бул жерден Ата Түрккө болгон миңдеген суроолорумдун жоопторун алгым келет: “Чачыраган Осмон империясынан кийин мамлекет түзүү, калыптандыруу сага оор болду беле? Бир нече улутту ичине камтыган Түркияны кантип патриоттуулукка сугардың? Билимди, экономиканы көтөрүүдө кандай ыкмаларды колдондуң? Жана да азыркы дүйнөлүк аренада өзүнүн орду бар, мамлекетин сүйгөн, мекен үчүн жан аябаган билимдүү жаштарды, өз ишин эң мыкты аткарган, өзүн эмес мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн ишкер атуулдарды камтыган мамлекеттин пайдубалын түзүү канчалык оор болду жана ал менин да колумдан келеби?...” Бул суроолорго алган жоопту сенин гүлдөп, өнүгүүң үчүн жумшагым келет!

Көрдүңбү, сага айтылган сөзүмдөн кайтпадым, дал ошол жолдо баратам жана сага чоң сүйүнчүм бар. Бул сүйүнчү - сени көтөрүүгө карай бет алган жолдо мендей жаштар бар. Көңүлүңдү көтөр, үмүт үзбө! Сага айтчу дагы көптөгөн сөзүм бар, сагынычым тоодой, үстүндөгү оор жүктү алып, кучагыма кыскым келет сени. Ал күндөргө аз калды, үмүтүңдү үзбө, бизге ишен, Кыргызстан!!! Ыйык мекеним, мен сени төбөмө көтөргүм келет!

Сени сагынып, Түркиядан салам жолдогон кызың Айгерим Бейшенбекова.