Жалаа менен ксенофобияны калкаласа болобу?

Бул өнөрдү орусиялык журналист Олег Кашинден үйрөнсө болот. Ал Кыргызстан президентинин сөзүнө теригип, аны русофоб деп айыптап чыкты.

Анын оюнда, Атамбаевдин русофобдугу эмнеден көрүндү? Президенттин төмөнкү сөзүн Кашин анын орус тилине кастыгы деп эсептейт:

"Биринчиден, кыргыздар түпкүлүгү Шиберден, Алтайдан чыкканын жана алтай элдеринин чоӊ үй-бүлөсүнө, улуу Алтай цивилизациясынын мураскерлерине таандык экенин Орусия элдеринин тарыхын билбегендердин эсине салгым келет.

Кыргыздар менен бир тилдүү топко Орусия Федерациясынын бир катар тектеш элдери кирет. Мисалы, татарлар, башкырлар, хакастар, тувалар жана башкалар. “Сибир” деген сөздүн өзү кыргыздын “Шибер – көк майсаң жер” дегенди билгизет. Ошондой эле Байкал – Байкөл, Енисей – Энесай. Урал дайрасы да мурда Жайык, Яик – кеӊири деп аталган".

Орусиянын көптөгөн улуу жарандарынын түпкү теги да алтай элдеринин үй-бүлөсүнө барып такалары аты-жөндөрүнөн эле билинип турат.

Сибирдин, түрк элдеринин жана кыргыздардын тарыхы менен аздыр-көптүр тааныштыгы барлар бул жерде русофобиянын жыты да жок экенин билет. Атамбаев Орусиянын жана башка өлкөлөрдүн окумуштуу-тарыхчылары жасаган изилдөөлөргө таянып айтып жатат. Ал окумуштуулар болсо өз кезегинде байыркы булактарга, археологиялык казуулардын жана этнографиялык, лингвистикалык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына таянышкан.

Кашин бирөөнө русофоб деп айып тагардан мурда XVI-XVIII кылымдарда орус падышалары Сибирге дайындаган аскер төбөлдөрүнүн каттарынан турган архивди бир карап койсо болмок. Ошондо акыркы кыргыз уруулары Сибир мейкиндиктеринен XVIII кылымда жер которуп кетишкенин билмек. Журналист Кашин Гумилевдун жана башка орусиялык белгилүү тарыхчылар менен этнографтардын эмгектерине жок дегенде үстүртөн көз жүгүртүп койсо болмок.

Баарынан күлкүлүүсү - Кашин Бишкекте айтылбаган сөздөрдү жамай салганы. «Силер бизден чыккансыӊар», «силер биздин түпкү жерибизди байырлап келатасыӊар», «силер айласын куруткандыктан, биздин балдар метродо өздөрүн жардырып жатышат» — мына ушунун баары чынында биздин өлкөгө касын тиккен чет жердиктин гана сөздөрү», - деп жазат Кашин.

Атамбаевдин бул сөзүн уккандар же окугандар мындай кескин ойлор айтылбаганын жакшы билишет.

«Орусия үчүн Кыргызстандан келген “бөтөндөр”, эмгек мигранттары эмес, Орусиянын ичинде ксенофобия менен улут аралык кастыкты жагып жаткан өздөрүнүн эле айрым жазуучулары менен саясатчылары проблема жаратууда. Питер терактын жасаган деп башкы шектүү катары Кыргызстандын Ош шаарында туулган өзбек жигит болсо эле бардык өзбектер менен кыргыздарды айыптоого болбойт. Ал бала атасы сыяктуу эле Орусиянын жараны болуп 16 жашынан ошол жакта жашаган! Мүмкүн, дал ксенофобия менен скинхеддер аны экстремизмге түрткөндүр.

Бир үйдөн жөнтөк да, тентек да чыгат. Каерде болбосун, акмагы бар, баатыры бар. Гитлерге же Чикатилого, Брейвикке же Ткачка карап эле бүт элди жаман деген болбойт.

Кыргыздар үчүн Орусия – түпкү мекени. Манас, Алтай, Энесай - ар бир кыргыз баласы үчүн ыйык сөздөр. Биздин эл түпкү тамырын билет жана түбөлүк Орусия менен болот. Болгондо да башына оорчулук түшкөндө. Аны биз Улуу Ата Мекендик согуш жылдары көргөздүк», - Жеӊиш күнүндө кыргыз президенти мына ушинтип сүйлөгөн.

Бирок Кашин башка нерсени уккан же окуган, же оюнда турган нерсени чындык катары жазган. Андан ары Кашиндин макаласында буларды окуйбуз: Кыргызстан менен Орусиянын өз ара алака-катыштары менен кызматташтыгын ал СССР заманынан катып калган же болбосо улуу державалык идеялар менен ачык эле улуу орус шовинизмине сугарылган көз караштары аркылуу карайт.

Атамбаевдин сөзүнүн кайсы жеринде Орусияга карата одоно сөздөр айтылганы түшүнүксүз. Балким: «Орусиянын улуулугу анын кеӊ мейкиндигин жердеген бардык улуттар менен элдердин биримдигинде. Ал үчүн расизм менен ксенофобиянын бардык түрү менен күрөшүү зарыл» деген сөздөрүндөбү?

Президент Атамбаев Орусия сыяктуу көп улуттуу жана көп конфессиялуу өлкө үчүн ксенофобия – капсалаӊга алып баруучу жол экенин эскертип жатат.

Кашиндин айрым ойлорунан ооз ачылат. Анын айтымында, Атамбаевдин экстремизм менен күрөшүү керек деген ою орусиялык атайын кызматтардын ишине ылайык келет имиш. Башкача айтканда, атайын кызматтар "Ислам мамлекети" тобунан (ИМ) тамыр алган подполье менен кармашуу ордуна экстремизм менен күрөшүүнү артык көрөт имиш.

Эгер өлкөдө кандай гана түрдөгү экстремизм менен күрөшпөсө, мамлекет да, коом да өтө оор абалга кептелет. Экстремисттик идеялар менен агымдарга кайдыгер мамиленин артынан тоо томкоро турган жаштар улутчул да, диний да ультрарадикалдуу уюмдарга кетип жатышпайбы.

Ал эми Кашиндин ислам подпольеси ИМден тамыр алган деген тыянагы такыр туура эмес. ИМ али жок кезде эле Орусияда ислам подпольеси тамырлаганын Кашин мырзанын эсине салып коёюн.

Ильяс Кангелди, блогер

P/S/ Автордун ою "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.