Кыргызча TOEFL кылбайлыбы

TOEFL тестине даярдоо сабагы, Нарын шаары.

Кыргыз тилинин TOEFL сыяктуу аналогун иштеп чыгуу идеясын Кыргызстандын Либерал-демократиялык партиясы сунуштап келет. Кыргызча TOEFL же КТДИСтин (Кыргыз тилинин деңгээлин аныктоочу сынак) бизге кандай пайдалуу жактары болушу мүмкүн экенин менин TOEFL тестинен байкаган тажрыйбам аркылуу карап көрөлү.

TOEFL тести англис тилин чет тил катары үйрөнөм дегендер үчүн даярдалып чыккан тест. Бирок TOEFLга окуучуларды даярдоо методологиясын КТДИС аркылуу кыргызда орто мектептерде кеңири колдонулса туура болмок деп ойлойм. Буга бир канча себептер бар. Бул себептер жөнүндө төмөндө кеп кылам. Азыр болсо окурмандарга TOEFL тести жөнүндө кененирээк айтып берейин.

Мага Германияда жүрүп университетке окуу үчүн TOEFL сыяктуу немис тили боюнча DSH тестин тапшырганга туура келди. Андан бир аз убакыттан кийин TOEFL тестин да тапшырып көрдүм. Жалпысынан алганда эки тесттин структуралык түзүлүштөрү окшош, анткени DSH тести TOEFLдин негизинде иштелип чыккан.

DSH тестине атайын университеттен интенсивдүү даярдоо курсунан өтсөм TOEFL тестине өз алдынча даярданганга туура келди. Өз алдынча даярданып жатып TOEFL англис тилдин деңгээлин аныктагандан сырткары бир нече пайдалуу жактары менен көңүлүмдү бурду. Анда менин көз карашым боюнча, бул тесттин кандай пайдалуу жактары бар экенин карап көрөлү. Алгач бул тесттин структуралык түзүлүшү жана аны баалоо критерийлери жөнүндө сөз кылсак.

TOEFL тапшыргандардын англис тил билими төрт багытта аныкталат:

1) Окуп түшүнүү (3-4 текстти окуп, тексттердин мазмуну боюнча суроолорго жооп берүү)

2) Угуп түшүнүү (5-6 диалог, академикалык лекцияларды угуп, ошолордун мазмуну боюнча суроолорго жооп берүү

3) Оозеки (сүйлөө) (5-6 англис тилинде берилген суроолорго оозеки түрүндө жооп берүү)

4) Жазуу (бир академикалык лекцияны угуп, ошол боюнча суроого жазуу түрүндө жооп берүү жана бир эркин тема боюнча жазуу түрүндө өз оюңду билдирүү)

TOEFL тестин окутуу методологиясынын өзгөчөлүгү жогорудагы төрт түр тапшырмалардын баарын жакшы баага тапшыруу үчүн англисче сөздөрдү билгенден сырткары текстти же диалогду анализ кылганды, негизин бөлүп жыйынтыктаганды, айткан же жазган оюңду аргументтер менен бышыктап бергенди жана тайм менежментти (тест учурунда убакытты туура бөлүштүрүп, сарамжалдуу пайдаланганды) жакшы билүү зарылчылыгында жатат. Демек TOEFLга даярданып тапшыруу бул - англис тилин үйрөнгөндөн сырткары аналитикалык жөндөмдүүлүктү жана өз оюңду кыска маңызы менен оозеки, же жазуу түрүндө аргументтеп берүүнү үйрөнүү.

TOEFLдин ушул артыкчылыктарын эске алып, кыргызда КТДИСтин үч негизги пайдалуу жагын белгилегим келет.

1) КТДИС ишке кирип жогоруда айтылган методология мектептерде колдонула башталса, жаңы мектепке барган окуучу кыргыз тилин үйрөнгүчө жогоруда айтылган жөндөмдүүлүктөрдү мектеп партасынан баштап үйрөнүү мүмкүнчүлүгү пайда болот. Ошондо окуучулар жаш кезинен айтылган ойду аргументтегенди, жазылган текстти анализ кылганды үйрөнмөк. Анын жыйынтыгында биз бир теманы талкуулап жатып, ал темага тиешеси жок башка темага өтүп кетүү же бир маанидеги суроого башка мааниде жооп берүү терс адаттарыбыздан арылмакпыз.

2) КТДИС мамлекеттик кызматкерлердин кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктаганга бирдиктүү механизм түзүлгөнгө жол ачмак. Анткени мамлекеттик сектордо кызмат кылам деген адам КТДИСтин сертификаты менен бара бермек.

3) Жаш кезинен КТДИСтин методологиясы менен кыргыз тилин үйрөнгөн окуучуга чоңойгондо TOEFL, DSH сыяктуу же дагы башка чет тилдер боюнча тесттерди тапшырганга оңой болмок. Анткени ал мектептен эле чет тил сынактарына даярдануу методдорун үйрөнө баштайт.

Менин тажрыйбама таянсак, КТДИСти ишке киргизүү менен биздин коомго тиешелүү эки-үч маселени чечсек болчудай экен. Сиздер кандай ойлойсуздар?

Баатыр АЛЫМКУЛОВ, Эрфурт шаары, Германия