Мигрант дагы шайлоого катышкысы келет

Мен Түркияда статистика чөйрөсүндө иштеген эмгек мигрантымын.

Жакында эле мен 2017-жылдын 15-октябрында өтчү президенттик шайлоого мигранттар жигердүү катышарын же катышпасын билгим келди.

Кыргызстанда президенттик шайлоо буга чейин 2011-жылы 30-октябрда болгон. Ал кездеги эсеп боюнча шайлоочулардын саны 3 032 666 түзүп, алардын ичинен 1 858 632 (61,28%) добуш берүүгө катышкан.

Чет жерде жүрсөм да Боршайкомдун сайтын карап, беш күндөн кийин өтө турган шайлоодо добуш берчүлөрдүн санын жана чет жердеги шайлоо участокторун аныктагым, мигранттардын активдүүлүгүн билгим келди. Ошентип 4-октябрга карата күнү шайлоочулардын саны 3 025 902 түзүп, анын 18 508и чет жердеги элчиликтерде жана консулдуктарда добуш берет деген маалыматты окудум.

Миграция боюнча мамкызматтын статс-катчысы Нурлан Шариповдун маалыматында, учурда Кыргызстандын 710 миң жараны миграцияда жүрөт.

Бул жолу Кыргызстандан тышкары чет өлкөлөрдө 37 шайлоо участогу ачылат, алардын алтоо Орусияда, экөө Казакстанда, үчөө Германияда. Түркияда болсо экөө, Түштүк Кореяда бирөө ачылган.

Кыргызстандан тышкары беш өлкөдөгү шайлоочулардын саны:

Өлкө

Шайлоочулар саны

Аялдар

Эркектер

Мигранттар саны

Орусия

10 959

4 191

6 768

616 000

Казакстан

2158

1 039

1 119

30 000

Германия

1102

658

444

-

Түркия

1027

575

452

19 000

Түштүк Корея

767

275

492

14 000

Эмнеге биздин эмгек мигранттары шайлоого солгун катышып жатат?

Эгер Түркия тууралуу айта турган болсок, бул өлкөнүн миграция кызматынын расмий маалыматы боюнча 19 миң кыргызстандык убактылуу жашай турууга укук алган.

Кыргызстандыктар негизинен Стамбул, Анкара, Измир жана Анталия өңдүү ири шаарларда жашайт.

Расмий эмес маалыматка таянсак, Анталияда биздин 6000дей мигрантыбыз эмгектенет жана алардын арасында добуш берүүнү каалагандар жок эмес. Бирок консулдуктун жоктугунан улам биздин мигранттар шайлоого катышуу үчүн Стамбулга барышы керек. Бул үчүн автобуска түшүп, эки шаардын ортосундагы 12 сааттык жолду басып өтүүсү зарыл. Ары-бери жүрүү үчүн 60 доллардай жол кире керек.

Ал эми учак менен Анталиядан Стамбулга баруу мигранттар үчүн жеңил эмес.

Америкада расмий эмес маалыматтар боюнча 30 миңдей журтташыбыз жүрөт. Алардын басымдуусу Чикагодо жашайт. Бирок Боршайкомдун маалыматына таянсак, бул өлкөдө бир гана Вашингтон шаарында шайлоо участогу ачылат. Ал жерде 92 гана шайлоочу бар.

Орусиядан тышкары башка өлкөлөрдө да мигранттарыбыз көп, алардын көйгөйүн чечүүгө консулдуктар керек. Бирок бул теманы азырынча козгобой эле туралы.

Азыркы учур боюнча айтсам, эгер көчмө шайлоо участоктору ачылганда көптөгөн мигранттар Кыргызстандын келечегин аныктаганга добуш берет эле.

Шайлоого активдүү катышсак, Кыргызстан үчүн бир салым кошмокпуз. Келечек өзүбүздүн колубузда болгондон кийин ар бир жаран ага кайдыгер карабашы керек. Тилекке каршы, азырынча буга шарт жок...

Аскар Акаев, Түркия

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.