«Жөө күлүк» - кыялды көздөй чуркаган бала

«Жөө күлүк» тасмасынын кинотеатрдагы баннери.

«Азаттыктын» «Тасма» түрмөгүнүн алкагында Эрнист Нурматов атамекендик «Жөө күлүк» тасмасына карата жеке талдоосун жүргүздү.

Кинорежиссер Мирлан Абдыкалыков менен продюсер Алтынай Койчуманованын «Жөө күлүк» фильминин дүйнөлүк бет ачары туура бир айча мурдараак, 8-октябрда Түштүк Кореянын Пусан шаарында болду.

Ал жерде ушул эле шаардын аты менен аталган эл аралык кинофестивалдын 24-айлампасында тасма FIPRESCI сыйлыгына татыды.

Кино бул аралыкта Германияда, Нидерландыда жана Украинада көрсөтүлдү. Эми Мароккодогу жана Индиядагы кинофестивалдарда коюлганы турат.

Кыргызстанда премьера 17-октябрда башталып, бирок көп өтпөй эле кинотеатрлардын көбүнөн кайра алынып ташталды. «Ала-Тоо» кинотеатрында, анан «Космопарк» кинотеатрында гана бир-эки сеанс менен коюлуп келди.

Менимче көрсөтүү учурда биринчи аталган кинотеатрда гана калды окшойт. Анда да көрүүчүлөр аз, маселен мен кирген учурда залда төрт эле киши отурду...

Кино өз мекенинде эмнеге мындай мамилеге кабылып жатат? Буга бир эле жооп бар: «Жөө күлүк» - автордук кино. Башкача айтканда, коммерциялык максат көздөбөйт. Мындай тасмалардын көрүүчүлөрү бизде абдан аз, андай маданият калыптана элек десек да ашыктык кылбас.

Анын үстүнө автордук кино татаалыраак келет. Анын жаратуучулары көбүнчө жалпы масса түшүнө бербеген философиялык темаларга басым жасашат. Режиссер жөнөкөй эле маселелерди татаалдаштырып, өтмө же символикалык маанилерди кыстарып, өзү көтөргөн идеяга жеке өзүнүн көз караштарын гана камтып берип салышы мүмкүн. Биз кеп кылчу кино да ушундай нерселерден кур эмес.

Ашыкча спойлер кылбайын, бирок фильмдин кыска сюжети мындай. Ата-энеси ажырашып кеткен, аракеч атасынын колунда жашаган Жекшен аттуу окуучу жашоонун кыйынчылыктарын жон териси менен сезет.

Үйдө акча жоктугунан бала өзү тушоо кесүү тойлоруна катышып, ошонун байгелерин керек-жарагына иштетет. Атасы карыздан башы чыкпайт, апасы болсо арабка түспөлдөш чет элдик кишиге турмушка чыгып кетет. Канчалык тытынганы менен мектепте, досторунан да жыргаткан мамиле көрбөйт. Калган кеп мына ушул сюжеттик линиянын тегерегинде уланат.

Ооба, мындай карай келгенде асмандан алынган нерсе жок, кадимки жашоодогу болуп жаткан окуя. Бул сыяктуу тагдырлар азыр өлкөдө жүздөп эмес, миңдеп саналат. Гезит бетинен да, теледен же радиодон да ушуга окшогон балдардын баянын окуп, көрүп, уга аласыз. Айланаңызда да толтура болсо керек...

Маселен мен фильмди көрүп жатып кино эмес, журналисттик репортаж же даректүү фильм көрүп жаткандай болдум. Жок, андан да тагыраак айтайын, баланын окуясы экрандын ары жагында чындап эле болуп жаткандай сезим келип жатты.

Анткени баланын түйшүгү, аракечтиктин азабы, каармандар кабылган окуялар, андагы адамдардын мамилеси, эмоциялар ушунчалык жашоого жакын, ушунчалык реалдуу. Жеке мен өзүм айланамдан, алыс-жакындын турмушунан эле мындайдын көбүн көрдүм. Азыр деле көрүп жүрөм.

Албетте, берегидей таасир жаратууга фильмдеги кесипкөй актёрлордун жана режиссёрдун эмгеги да себеп болот. Менимче баш каармандын образын жараткан Темирлан Асанкадыров үйрөнчүк болсо да ролун жакшы ачып бере алган. Фильмдин башында анын каарманынын сезимдерине анча ишене бербей карасаң, бара-бара окуялардын уланышы ага карата башкача көз карашты пайда кылат. Түшүнөсүң, аяйсың, жан тартасың. Мында кичинекей актёрдун салымы сезилет.

Темирлан Асанкадыров менен режиссер Мирлан Абдыкалыков. Фильмди тартуу учуру.

Фильмде асмандын, чымчыктардын кыйма-чийме учуп турушу улам-улам көрсөтүлүп турат. Бул жагынан тасманын стили «Бешкемпир» фильмине окшошуп кетет экен. Жадагалса балдардын образы да жакын, Бешкемпир деген баланын жашоосу Кыргызстан эгемендик алган жылдарга туура келсе, Жекшендики - ушул күндөрдөгү жеткинчектин жашоосу. «Бешкемпир» фильминде Мирлан Абдыкалыков өзү башкы ролду ойногонун, анан аны атасы Актан Арым Кубат тартканын эске алганда идеялардын жугушуусуна себеп бар.

«Бешкемпирде» кадрларда баштан аяк сасык үпүп берилсе, «Жөө күлүктө» чабалекей тартылат. Сасык үпүптү айрымдар өспүрүмдүн жыныстык жетилишине символ сыяктуу кызмат аткарганын айтышкан эле, ал эми чабалекей менимче үмүттүн символу катары кызмат кылды окшойт.

Мирлан Абдыкалыков өзү режиссёрлук кылган «Сүтак» фильминде да үй-бүлөдөгү талаштуу мамилелерди сүтак кушунун учушу менен коштоп жүргөнү белгилүү. Ушундан улам да анын стилинде канаттуулар идеяларын жеткирүүчү курал катары кызмат кылары түшүнүктүү болуп калды.

Баш каарман Жекшендин ролун Темирлан Асанкадыров аткарды.

«Жөө күлүктө» баланын жалгыз корозу да жөндөн-жөн берилген жок. Тоокторсуз калган корозду балким жубайсыз калган ата менен салыштырсак да болмок. Бирок атасы ал корозду бала сыяктуу кармап сүйлөп жатканын жана аны көбүрөөк Жекшен кармап жүргөнүн эске алып, бул үй жандыгы баш каармандын өзүн символдоштуруп турат деп эсептедим. Анткени короз көбүнчө тордо, жалгыз камалып тургандыгы, Жекшендин да өз жан дүйнөсүндө жалгыздыгын түшүндүрүп тургансыйт.

Ошентсе да сценарийде жалгашпай калган жагдайлар бар. Маселен, каршылаш баланын, эжей-агайларынын образдары аз-аздан гана берилип калган. Үчүнчү-төртүнчү даражадагы каармандар кинодо кирди-чыкты, кошумча эле милдетти аткарат дейли, бирок экинчи даражадагы каармандар фильмде Жекшен менен аягына чейин болушу керек эле. Ансыз алардын ага чейинки аракеттеринин себеби анча жеткиликсиз болуп калат.

Окуучу кыздын Жекшенге жазган катын да окуган жокпуз, апасынын кетип калганынын чыныгы себебин да анча аңдабай калдык. (Күйөөсүнүн аракечтигинен улам кеткени го түшүнүктүү, бирок ошол да тагыраак берилиши керек эле). Менимче ушул сыяктуу кошумча сюжеттерди да кошуп, окуяларды мындан да өнүктүрсө болмок.

Эл аралык кино сынчылар кинодогу баланы жаңыдан эгемендик алган Кыргызстан менен салыштыргандай болушуптур. Мен жөн гана ошол мамлекеттин ичиндеги тагдырды көрө алдым.

«Жөө күлүк» тасмасынын постери.

Бирок кинонун катачылыгы катары баш каарман Жекшендин максатынын тунук берилбей калгандыгын атадым. Маселе жок, жөө күлүк уткан байгесинен мектептин ремонтун төлөп, спорттук кийим сатып алып жатат. Бирок бала ошону кыялданып, так ошол максат үчүн чуркаганы ачылбай калган. Жөн эле байге утуш үчүн, кем-карчыңды толукташ үчүн гана чуркоо бул таптакыр жетишсиз.

Менимче, кинодо өспүрүм бери дегенде кайсы бир ири, эл аралык спорттук мелдешке катышуу үчүн же билим алууга керектөө үчүн, кыскасы кадимки жаш баланын кайсы бир кыялына жетиш үчүн акча табуу максатында чуркашы керек эле. Болбосо үй-бүлөсүн кайра калыбына келтириш үчүн, ошого акча табыш үчүн чуркашы керек болчу.

Жекшен соңку байгесин утса атасынын карызын төлөп, абактан чыгарууга салым кошушу мүмкүн эле. Бирок так ошол максат үчүн чуркап жатканы түшүндүрүлбөй калып жатат. Ал үчүн дагы бир-эки сцена кошсо да болмок. Ошенткенде гана фильмдин финалы өзүн актамак.

Тасмадагы башкы окуя ушул, ошондуктан кинонун эң негизги мүдөөсү да жарышка түшкөн жөө күлүктүн максаты менен кыялына байланышы керек эле. Менимче кинонун жаратуучулары ушуну жакшылап жеткире албай калышкан.

Ойду жакшыраак түшүндүрүш үчүн салыштырсам, алар тамак жасап, тузун жеткире салбай коюшкан. Көрүүчү катары маселен мен «туздун» да аздыгын байкадым, тойбой да калдым. Мени менен кошо кино көргөн аксакал да фильм аяктаганда «Бүттүбү?» деп таң кала сураганы бекеринен эмес.

Реалдуу турмушта ата-энесинин ажырашуусунан, жетишпеген турмуштан, аракечтиктен, зордук-зомбулуктан же дагы ушуга окшогон ар кандай жагдайлардан улам жабыр тарткан балдардын эсептеп бүткүс кыялы бар. Ооба, кээ бирлери жакшыраак тамак-аш жеп алууну, түзүгүрөөк кийим-кечек кийүүнү же телефон, компьютер сыяктуу нерселерге жетүүнү кыялданышат. Бирок алардын көбү башка балдарга окшоп жетиштүү билим алууну, уруш-талашсыз тынч жашоону, же жөн эле ата-энеси анын маңдайында аман болушун гана эңсейт.

Бирок, тилекке каршы, ал кыялдардын ишке ашышы кыйын. Алар Кыргызстандын азыркыдай шартында аткарылбайт.

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.