"Эжеке, сагындым сабагыңды..."

Окуучунун дүйнөсү ушундай. Кайсы мугалим жакшы окутса, ошол мугалимдин сабагын, кесибин сүйүп калышат. Жакшы окутуу үчүн жакшы билим керек. Жакшы билимдүү мугалимге жакшы болбосо да орточо шарт керек. Орточо да шарт түзүп бере албай, мыкты, кесипкөй адистерибизден ажырап жатканыбыз өкүнүчтүү. Түнү бою уктабай план-иштелме жазып, дептер текшерип, акыркы тыйынына ватман, маркер алып көргөзмө курал жасап, жолкире төлөп эртең менен келип 20-30 окуучуга тынбай 45 мүнөт сүйлөгөн мугалим ар бир сабагына араң 50-60 сом алса кантип кармап калмак элек? Чыныгы мугалимдер азайып, окуучулар депутаттардан, оңой акча тапкан шоу бизнес жылдыздарынан сабак алып, дароо саясатчы, ырчы болгусу келип калды. Депутат болгондон мурда кесипкөй адис, ырчы болгондон мурда таланттуу болуш керек экендигин айтып, жеткирчү мугалимдердин көбү башка жумуш менен алек. Төмөндө өкмөткө, заманга, мугалимге жазган бардык окуучулардын катын окуп коюңуздар.

Сабагыңызды сагындым, эжей!

Жаркылдап күлүп турган, балдарды сүйүп турган, күн болуп тийип турган эжекем кайда кеткен? Элдерден сурап билсем “Бул жерде эмес аның, муздак сууга колун салып иштеп жүргөн шарты катаал жайда,”- дешкен. Тиленип сурап жүрөм, эжейим келсе экен деп таң да, кечтен.

“Силерге сабак өтпөй калат окшойм,”- дедиңиз да чыгып кетип, ошол бойдон келбедиңиз. Жалдырап кала берди үмүттүү көздөрүбүз. Муңайып умсунабыз эске түшсө, эргип бир сабак өткөн кездериңиз. Сагындык сабагыңды, жаркыган кабагыңды, эжеке, мектепке тез келиңиз!

Мектепте иштеген эжейлердин жүзү элеңиз. Көптөрү кыйшык болсо, а сиз ушак сөз сүйлөбөгөн, жамандык издебеген түз элеңиз. Ачылып бажырая, баарына жыпар чачкан гүл элеңиз. Береке толуп турган күз элеңиз. Эң жакшы кийим кийип, чыкыйып таза жүргөн сиз элеңиз. Жакшыдай көрүнчү эле турмушуңуз, эмнеге бакыт издеп кеткениңизди түшүнө албай баарыбыз түнөрөбүз.

А балким, азгантай айлыгыңыз жетип-жетпей, тагдырдын алоосуна күйдүңүзбү? Антсе да мугалимдик кесипти сүйдүңүзбү? Жакшы таасир калтырып жүрөйүн деп, турмуштун оор-жеңилин билгизбей жүрдүңүзбү? Акыры өп-чап болгон айлыкка чыдай албай, тагдырдын сызыгын башка тарапка чийдиңизби? Мугалимдин татына костюмун чечип таштап, Орусияга барып алып, жумушчунун күрмөсүн кийдиңизби?

Көтөрөт элеңиз ээ, ал кездеги туура да, катабызды ай. Сабакты түшүндүрүп, сүйлөгөн ар кебиңиз, сезилчү батаңыздай. Мээримин төгүп турган, таалимин берип турган эжейди сиздей болгон сагынбай кантип турам көзүмдөн жаш агызбай. Көрчүбүз бардыгыбыз эже сизди экинчи апабыздай.

“Тарых бул улуу устат, балдарым, элдин жүзүн жарык кылар. Тарыхын окубаган өзүнүн келечегин туңгуюук, жабык кылар. Өтмүшүн билбегендер, өз элин сүйбөгөндөр өлкөсүн чанып тынар. Андайдан болбогула, силерсиңер Мекенди кыйын кезден алып чыгар”, - деп бизге айтчусуз да, эки-үчкө бөлүп алып, өтчү элеңиз классты бүт сабакта жарыштырар. Анда биз акылдуу, мээримдүү сизге окшош болот деп ойлоптурбуз бардык эле тарыхчылар. Сиз өңдүү мугалим болобуз деп эңсечүбүз үмүттүн жарык шамын жагып турар.

Азыр болсо балдарың, келечегин андагыдай жапжарык көрбөй калды. Үмүттөр мурдагыдай алыстарга кайкып учуп желбей калды. Өзүңдөн алган мээримди окуучулар, башкадан сезбей калды. Урушуп чукчуңдаган, көңүлүн балдарга түк бурбаган ордуңузга тарыхтан сабак өткөн эжени көргөндө эле мугалим болгубуз келбей калды.

Ал эже бул кесипти оюнчук көргөн окшойт. Окуу жай дипломду анын билимине эмес, акчасына берген окшойт. Зеригип отурганды жек көрөм деп, андан көрө сабакты эп көрөм деп, мектепте эрте-кечте убакыт өткөрөм деп бул жерге келген окшойт.

Сиз берген жылуулукту башкадан табамынбы? Кайрадан окутчу, эжей, келечекке камдайын жарагымды. Тезирээк келсеңизчи, ачайын кабагымды. Айлыгын көбүрөөк камдагын деп, кетирбей эң мыкты мугалимди кармагын деп айтайын өкмөткө талабымды. Сабырым жетпей барат, Эжеке, сагындым сабагыңды!

Улукбек ОМОКЕЕВ, Ош шаары