Мусулман бурадар, мээрман бололу

Азыр ислам динине байланыштуу оюңду ортого салганды кой, нукура турмуштук окуяны жазсаң да өздөрүн “чыныгы мусулманбыз” деп эсептешкен, өздөрүнөн башка адамдардын сөзүн укканды каалабаган жана аты-жөнүн ачык айткандан качкан бир “үйүрдүн” талоонуна кабыласың. Анын жаңы бир мисалы катары Бектур Илиястын “Тарбагатайдагы буддист кыргыздар” (“Азаттык”, 30-октябрь) деген блогуна келген пикирлерди караңыз.

Мени жазмыштын буйругу менен Кытайдын Тарбагатай аймагындагы Күрөө айылында эзелтен туруп калган кыргыздардын бар экени чексиз кубантты. Ал эми пикирчилердин бири “буддист (бутпарас) кыргызга караганда казак менен өзбек артык” деп жазса, экинчиси “Бизди кыргыз кылып сактап турган бир гана ислам (мамлекет эмес) дини экенин унутпа” деп жазды. Экинчи пикир тарыхый чындыкка такыр туура келбейт. Ал замандашыма бир убакыт таап, Орто Азияны араб аскерлери орто кылымдарда кандай амалдар менен басып алганы тууралуу айрым китептерди окуп көрүүнү сунуш кылмакмын (Мисалы, академик Б. Гафуровдун редакциясы астында чыккан “Таджики” деген эки томдуу монографиянын 1-томун). Жергиликтүү эл ислам динин туу көтөрүп келген араб аскерлерин “баскынчы” ирети кабыл алганына Сопу-Буландын тарыхы да далил.

Кураны карим боюнча Адам ата Алла таала жараткан биринчи адам, адамзаттын атасы. А жер бетиндеги адамдар Адам ата жана Обо энеден тараган балдар. “Жок, андай эмес”, - десеңиз жарык дүйнөгө ар бир тирүү жан Алла тааланын ыктыяры менен келет. Демек жер бетиндеги жети миллиард адамдын ар бири Алланын пендеси. Макул, башка диндегилер туура эмес жолдон адашып жүрсүн. Бирок алар да мусулман баласындай эле Алаанын, Теңирдин, Кудайдын ыкласы менен жаралса, анда эмне себептен биз аларды жерийбиз, “каапыр” деп бөлөбүз. Биз Теңирим жараткан пендени ушинтип бөлүп-жектөө менен Алланын өзүн жек көрүп жаткан жокпузбу?

Алланын пендесин урматтабасак, Алланын сөзү - Кураны каримди кантип урматтайбыз? Кураны карим боюнча да Алла таала Адам ата менен Обо энени шайтандын тилине азгырылып, адашкандары үчүн кечирет. А эмнеге биз мусулмандар “адашып”, башка динди тутунгандарга кечиримдүү жана мээрман боло албайбыз?

Мухаммед пайгамбарга мүшриктер кайрылып, аларга кошулууну сураганда, пайгамбар “алейсалам силер өз диниңер менен болгула, мен өз динимде болоюн” деген мааниде кеп айтат го.

А бутпарастардын өз бурханынын алдына 10-15 кадам жетпей туруп, жерге боору менен жатып, сойлоп табынганын көрүп, аларды кантип жүрөгүндө ишеними жок каапыр деп айтабыз?

Ыйык Хадисте: “Кимдин адамдарга ырайымы болбосо Алланын да ал кишиге ырайымы болбойт”, - деп айтылган. Ошон үчүн тарбагатайлык боордошторубуз бар экенине сүйүнүп, аларды бутпарас деп өгөйлөбөйлү. Адам атанын балдарына мээрман, боорукер, сабырдуу бололу.