“Алжыган” карыларды сагындым

Күз келип, “тойлор жарышы” башталды. Бар тапканын күркүрөгөн тойго чачып, анан акча тартыш, солуп отуруп калабыз. Элге кошулуп мен да тойлоп жүрөм. “Жездең жумуштары менен кошунабыздын кызынын тоюна баралбай калды, эки адамдык акча коштук эле, мага шерик болуп барып келчи” дегенинен эжемди ээрчип тойго жөнөп калдым. Биз барган той ноокаттыктардыкы экен. Тойду бир сааттай күтүп калдык. Кызыгы кыз-күйөө келгенче, ресторанга эч кимди киргизбейт экен. Бизде, Кара-Кулжада андай эмес да. Эки саат эрте келсең деле орун алып отура бересиң. Биз эле окшойбуз десек, эрте келишкен кыздын ата-энеси деле сыртта эл менен кошо күтүп турушуптур.

Адатта кыз берип аткан ата-эне кылыктанып, ресторанга элден эң кеч келээринен кабарым бар болчу. Алтурсун бала тарап кыздын ата-энесин үйүнөн алып келген учурларды да көрүп калгам. “Кызыбызды алганыңар аз келгенсип сыртта күттүрүп койгонунар эмне?” деп таарынышпай, шатыра- шатман күлүп отургандарына ичим жылыды.

Тойдун башында чыгып сүйлөгөн абышка күйөө баланын чоң атасы экен. Отургандарды күлкүгө бөлөдү. Кичинемде “алжыган абышка” деген сөзгө маани бербеген окшойм, ошондо түшүнүп отурам. Чоң ата каалоо айтканы чыгып, эки жашка каалоо ордуна өзү төрөлгөн 1922-жылдан баштап, Улуу Ата Мекендик согуш жана Жеңиштин келиши менен сөзүн бүтүрдү. Отургандар кыраан-каткы. Айрымдары жини келсе, кээ бирөөлөрү укпай кулагын жапырып алган. Байкуш тамадага эле кыйын болду, чоң атаны тыйа албай бучкактап. Бир убакта тамада “Азыр Мирландын бир туугандарына сөз беребиз” дегенде эле микрофонду колго кармаган кичинекей бала “Саман, саман саман, жеңе угуп алың, Мирлан акамин жини жаман» деген боюнча чуркап сыртка чыгып кетти. Боорумдун эзилгенин айтпагыла, эстесем азыркыга чейин күлүп атам.

Той ортолоп калганда, баягыл чоң атага кайра сөз бермей болушту. Кыздары, неберелери “эми жакшылап каалоо айтыңыз” деп кулагына куйгандай көрүнөт. Карылык ай, небересинин атын унутуп калыптыр. Жаңылып кайра-кайра башка атты айтып салат. “Мирла-аан” деп тамада айтып жатса да, “Ошо, неберем Нурлан, Нурлан деймин да, Мурат, келиним Толкун экөөңөр бактылуу болгула” деп сөзүн жыйынтыктады. Келиндин аты Асел болчу.

Ал ал болсун. Бирок ошол алжыган чоң ата жаштардан кем калбай лезгинка бийлеп жүргөнүнө таң калдым. “Карысы бардын ырысы бар” дегендей, ошо чоң ата, чоң энелер көркүн ачышат да тойдун. Карылары барларга суктанам. Менде таене, таята, чоң ата, чоң эненин эч бири жок. Тойдун башында согуш күндөрүн эскергени “Силердей жыргал заманды көргөн жокпуз, биздин жаштыгыбыз кан күйгөн майданда калды, өмүрдү барктагыла, баалагыла!” дегендей эле туюлду.

Жакында карылар күнү келет. Өз баласы жерип, ташталган карылардын баарынын болбосо да, айрымдарынын көңүлүн алгым келип жүрөт. Алар чепкен, ак калпак кийип тойлогондун ордуна, өз өлүмдөрүн тилеп отурушат. Бизге балдардан топурак буйурабы деп кабыргалары кайышат.

Биз да эртең карыйбыз, жанагыл чоң атадай неберелеримдин тоюнда бийлесем экен деп тилек кылып койдум...

Самара Сагынбаева, Бишкек шаары