Футбол жана өкмөт

Жакында Орусиянын Дагестан автономиялык республикасынын мурда көпчүлүккө белгисиз, провинциялык "Анжи" деген футболдук командасы Москванын тарыхы бай, советтик маалдан бери белгилүү жана өлкөнүн алдыңкы командаларынын бири - "Спартак" командасын жеңип алды. Мунун сыры эмнеде?

“Анжинин” жеңишинин сыры жаңы дем, жаңы көз караш жана жаңы системада экенин бардык футбол күйөрмандары жана адистер жакшы билишет. Бирок бул жаңылыктар жаңы адамдар аркылуу келди. “Анжинин” акционерлери башкы тренер катары дүйнөлүк футболдо атагы алыска кеткен, голландиялык Гус Хиддинкти кызматка чакырышты. Ал команданын башчысы катары бразилиялык, камерундук жана голландиялык мыкты футболчуларды командага апкелди.

Мурдагы советтик чөлкөмдө футболдун деңгээли начар, мактанаарлык жетишкендиктер дээрлик жок. Мунун жүйөөлүү себептери бар. Анткени эркиндик жок мамлекетте футбол жакшы өнүкпөйт. Себеби спорт да көбүн эсе чыгармачылыкка, атаандаштыкка жана адамдын эркиндигине байланышкан нерсе. Эркиндик жок өлкөлөрдө спортту өзүнүн табигый жолу менен эмес, административдик жол менен күч колдонуп, башкаруу кадыресе көрүнүш катары белгилүү. Мындай шартта өнүгүү эмес, тескеринче артка кетүү болот.

Тоталитардык өлкөлөрдө чыныгы атаандаштык жок болгондуктан, таланттуулар толук мүмкүнчүлүккө ээ боло алышпайт. Анын ордуна «жогору жактагылардын» сүймөнчүгү сүрөөнгө алынат. Мындай коомдо коррупция да жакшы өнүгөт эмеспи, ал өз кезегинде бардык тармакка, анын ичинде спортко да кедергисин тийгизет. Андыктан спорт, анын ичинде футбол кайсы бир деңгээлде коомдун, мамлекеттин жана өкмөттүн күзгүсү десек да болот.

Футбол командасы менен өкмөттүн командасын салыштырып карасак болот. Футбол командасындагы кыйынчылыктар артта калган өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн кыйынчылыктары менен дээрлик окшош. Маселен, аларга ошол эле атаандаштыктын жоктугу, коррупциялашкандыгы, команданын эффективсиздиги мүнөздүү. Өкмөт башчысы же мүчөсү болуп, чыныгы атаандаштык аркылуу жеңип, өкмөттү башкарууга келген татыктуу адамдар эмес, "ишеничтүү", "сатпаган", "өз" жана көз каранды адамдар иштеп жатышы, бул – начар оюнчу бүткүл футбол командасын артка тарткандай, өкмөттү гана эмес мамлекетти дагы азапка салат.

Мурда авторитардык башкарууда болуп, кийинчерээк демокартиялык жолго түшө баштаган өлкөлөрдө футбол саясатында да өзгөрүүлөр жүргөнү байкалат. Мисалы, соңку 15 жыл аралыгында Түштүк Кореянын, Түркиянын командалары албан-албан ийгиликтерди жарата баштады, Орусияда да бир аз жылыштар байкалууда.

Мунун негизги себептеринин бири катары – жаңы көз караш, жаңы система, жаңы принциптерди колдонуу болду. Алар өзү менен өзү болуп, сырттан жаңы күчтөрдү алып келбесе ийгилик болбой тургандыгын түшүнүштү. Мындан улам алар дүйнөлүк практикада кеңири колдонулуп келаткан – сырттан машыктыруучу алып келүү прецедентин жарата алышты. Мисалы, Орусиянын курама командасын голландиялык Гуус Хиддинк машыктырып жүрдү, кийинчерээк аны Түркия өз командасына чакырып алды. Учурда Орусиянын курама командасын европалык Дик Адвокат машыктырууда. Мындай иштер Орусия Федерациясынын субъектилеринде да колдонула баштады.

Бул иш өз жемишин жакшы эле берди. Мисалы, Орусиянын курама командасы 2008-жылы Европа чемпионатында жарым финалга чейин барды. Орусия үчүн бул зор ийгилик десе болот. Учурда Гуус Хиддинк машыктырып жаткан Махачкаланын «Анжи» командасы Орусиянын мыкты командасына айланды. Чет элден машыктыруучу алып келүү менен бул өлкө өз футболунун деңгээлин бир топ жогорулатты. Анткени, алар жаңы адамдар аркылуу жаңы салт, жаңы ыкма, жаңы принциптерди алышты.

20 жылдан бери экс-советтик футбол ийгилик жарата албаган өңдүү эле кыргыз өкмөтү да өз өлкөсүн бага албаган дүйнөдөгү эң начар деген өкмөттөрдүн катарына кирет. Кыргыз өкмөтүнүн командасы 20 жылдан бери эч кандай ийгилик жасай алган жок. Анын жыйынтыгы–3 млрд. тышкы карыз, барган сайын артка кетип аткан экономика, элдин бийликке болгон нааразычылыгынан келип чыккан эки жолку революция, эл аралык PISA уюмунун иликтөөсү аныктаган Кыргызстандагы билимдин сапатсыздыгы, Дүйнөлүк банктын иликтөөсү көрсөткөн кыргыз өкмөтүнүн жөндөмсүздүгү, Transparency International уюмунун коррупциялык рейтингинде ээлеген 164 - орун. Булар биздин мамлекетибиздин тагдырын тапшырган өкмөттүк командаларыбыздын "ийгиликтери".

Андыктан, биз дагы мамлекетибизде ийгиликтерге жетели десек, өкмөткө, футболдо колдонулуп келаткан эл аралык практиканы – жаңы адам, жаңы көз караш, жаңы системаны колдоно турган мезгил келди.

Равшан Жээнбеков, Жогорку Кеңештин депутаты