Бакыт байыганча күтпөйбү?

Mama Illegal тасмасынан бир көрүнүш.

Кең пейил, ичиндеги ак жүрөктүгү сыртына чыгып турган, маңдайы жарык Мурат бир күнү эле асынып өлдү. Эч ким түшүнбөй калды. Кечээ эле айылдагы жентек тойдо жеңелерин бийге тартып так секирип жүргөн шайдоот жигитти кайсы шайтан азгырды?! Ал болгону 35 жашта болчу, аттиң! Өлүмүнө ким себепкер болушу мүмкүн? Жокчулукпу? Жакында эле Австриядагы байлардын үйүндө пол жуугуч болуп иштеп келген аялыбы? Же өлкөнүн кедерин кетирип, элин тентитип, жарандарын кембагалдыктан арылта албаган өлкө башчыларыбы? Мен Мураттын өлүмү боюнча көргөн билгеними сизге айтып берейин, анан күнөөлүүнү чогуу табышыбыз мүмкүн. Аягына чейин окуңуз.

Мани (money) табылды, а мээрим кайда?

Мурат СССР кулагандан кийин кедейликтин сазына баткан өлкөнүн бир бозоргон айылында жашачу. Элдин баарынын курсагы ач, иш жок. Айылдагы тыңыраак аялдардын баары чек араны мыйзамсыз басып өтүп, өнүккөн өлкөлөргө тыйын издеп кетишти.

Ал жакта жакшы жумуш күтүп туруппу, капчыктуулардын үйлөрүн жыйнап, ажатканасына чейин ушул мигрант аялдар тазалашчу. Айылда болсо тиричиликтин баарын эркектер жасап, нан жаап, уй саап калышты. Ишенесизби, мектептеги бир класстын окуучуларынын дээрлик 90 пайызынын апасы мигрант. Болгондо да мыйзамсыз мигранттар. Өлкөдөн депортация болбосом экен деп пол жуугуч апасы Кудайдан тиленет, а эне мээримин көргүсү келген өспүрүмдөр апам үйгө жарк этип кирип келээр бекен деп жалдырап жол карайт. Эне-бала эки жакта чайналат, куса болот.

Четте жылдап жүргөн аялын сагынганын сыртка чыгарбаган эркектердин жашоосу курусун. Айла барбы, Мурат аялы Венага кеткенден бери балдарын жакшы карап, үй-жайын колунан келишинче оңдоп-түзөп жүрдү. Бир нече жылдан соң эптеп жыйган акчасына майда-чүйдөнү кенен-кесир алып аялы айылга кайтып келди.

Мурат менен балдарынын өңүнө кызыл жүгүрүп, үйдүн кутун өтө чыдамсыздык менен тосуп алышты. Баары бул кайтып келүүнү жылдап күткөн болчу. Европа деген Европа эмеспи, үй тазалоочу болсо деле аялынын кебете-кешпири оңолуп, чачтарын сарыга боёп дегендей...

Бирок ал айылдагы кут качкан үйүнө баш багаары менен маанайы чөгө түштү. Өзүнүкү болбосо да Европада тазалап жүргөн үйлөргө көнө түшүп, анан байкуш неме эмне үчүн биз ошондой жакшы шартта жашоого акыбыз жок деп ойго батып кетти окшойт.

"Үйдү жакшы карабапсың, мен мындай деп күтпөдүм эле" деп Муратты кыйла зекиди. Үйдү оңдош үчүн дагы кыйла акча керек да. Айылда бир аз жүргөн соң, аялы Мурат менен бала-чакасын таштап дагы узак убакытка кетээрин айтты. Аялсыз жашоодон заарканып турган, анын үстүнө үйдү жакшы карабапсың деп, Европаны гана сүйлөп, мурдагыдан такыр эле өзгөрүлүп калган аялына Мурат катуу капа болду.

Эртеси эле анын сөөгү жертөлөдөн табылды. 35 жашында кетти. Аялы Муратка чындап күйүп, катуу өксүдү. Көп өтпөй өзү кетип, андан соң балдарын кошо Европага алып кетти. Жокчулук раматылык Мураттын бой жетип калган, чүрөктөй кызын да туалет жуудурду. Баягы үйдү аялы акча таап келип оңдоду, бирок азыр ал үйдө кулпу салынып турат. Баары Европада, кызы экөө иштейт, баласы студент. Бирок алар менен баягы ала көөдөн, элпек жигит Мурат жок. Анын сөөгү боз ала топурактын алдында калды...

Бул даректүү тасманы жанымда көрүп отурган чех кыз буулугуп ыйлап отурду. Мен да ыйлап алдым. Тээ Оштогу июнь коогалаңында ыйлаган бойдон ыйлай элек экемин азыр эстесем.

Үйгө келип алып дили таза, жупуну жигит Муратка мээримин төгүп койбогон аялын сөгүп отурам. Бирок анын турмушу деле жакшы эмес, балдарын кийиндирип, чоңойтуп атат. Mama illegal деп аталган бул тасманы австриялык режиссер Эд Мошиц төрт миллион калкы бар, анын бир миллиону мигрант болуп кеткен Молдова өлкөсүндө тартыптыр. (Тасмадагы каарман Михаилдин аты Мурат деп өзгөртүлдү - ЖА)

Кудум эле Кыргызстандагы көрүнүштү тартып койгондой элес калтырат. Бизде да аялы акча таап, өзү үйдө отурган эркектерге көбүнчө ушундай мамиле болобу?

Кыргызстандын айылдарында Мураттын кейпин кийип жүргөндөр балким жүздөп саналаттыр? Же өлгөндүн өз шорубу? Ойлонгонум эле, курсак ач болсо сүйүү жоголобу?.. Кап десең...