Коррупциянын төркүнү - кыргыздын берешендигинен

(Тамашемес)
Мына, кыргыздар кезектеги жолу коррупцияга каршы аттандык. Чекисттер баш болуп, прокурорлор төш болуп, финполу каш болуп “Кыргызстан – жебегендердин өлкөсү!” деген желекти желбиреткен бойдон коррупциянын айдыңын аралап жөнөштү. Урраа!!Кыргызстанда коррупция менен (же каршы) күрөш эми жылына бир маал картөшкө же пахта тергендей эле иш болуп калган. Кокуй, чөп чапчу, пахта терчү кез келген турбайбы деп, айры-кетменди ийинге асып алып жөнөгөндөй кеп да.

Четинен кармап башташты. Эми анын эмнеси бар экен? Кармады, соттоду, эмне болду? Андан коррупция же былк этип койсочу, бая аптарикаты чо-оң кишилер болот го, чымын-чиркей талап атса да эч камаарабаган. Ошондой. Корр деп аты да жаман каапырдын. Бирок быйыл негедир катуу киришкендей түрлөрү бар. Мурда миңди жымыргандарды жыга чабышчу эле, бул сапар миллионду кымыргандарга кылтак салып жатыры, тоок жегендерден торпок алгандарга өтүштү. Жанагы күркөлөрдөн, студенттерден, окуучулардан жан сактап келаткан бечаралар бу сапар тебелендиде калышты. Ии ошентсеңер, майдаланбай. Калп айткан менен болобу, баарыбыз сестенип калдык. Айлыгыбызды санап атып, жүрөк болк этет, пара эмеспи? Бири-бирибизди шектүү карайбыз, көзүң жаман экен, каапыр, ушу сен коррупционер болуп жүрбө?

Деги соо калгай элек. Бир депутат не бар-не жок дедиби, пара бергенин азыртан эле ачык айтып салды. Бербесең эч иш бүтпөй жатса имне кылам деди ал. Алгандарга наалат! Дагы бир кыргызча-орусча аралаштыра сүйлөгөнү: ээй, эрендер, токтоновитесь, бу жолоюңар менен 75 пайыз кыргызды отургузуш керек болот, анча түрмөнү кайдан табабыз деп илептүү суроо койду. 75 пайыз деген эми ымыркайлар, анан акча эмес, жан айласын таппай, көр оозунда жаткан чал-кемпир гана албайт дегендик да. Ким эле алып атат өзү? Баарыбыз берип эле атабыз, берип эле атабыз. Болду ой, тойдум деген үн чыкпайт ары жактан, бу коррупция акчага көмүлүп, тумчугуп калдыбы деп арам ойлоп кетет киши.

Паракордун көөп кеткенин ушундан көр, азыр “бер” деп айткандан эринет. Бериш керектигин телепатия менен сезебиз, көзүн караганда карегинен “бер”, “дай” деген сөздөр мамлекеттик жана ырасмий тилде килтейип жазылып туру. Баарыбыз ошентип берешен болуп калдык. Бермейинче тура албай калдык. “Берген жокмун” деген кишини көрсөк, жакабызды мыкчыйбыз. Ой тобоо, даана неме го! Эми андайлар бар да адам болгон соң. Башындагы бир шариги жылып калганын көргөн паракор андайдан алгандан жийиркенет болуш керек, э?

Өкүмат минтип отурса, бергенге киши калбай калат эй жакында. Ушундай да болобу? Детсадга, класс жетекчиге, деканатка, ГАИге, сотко, догдурга, паспорт столго... эй, буларга бербей коёт деген кандай? Неудобный го? Мына, балаңды садикке апардың дейли, барсаң эле башчысы маңдайы жарыла тосуп чыгып, өзү жетелеп барып, отургузуп койду, астына боткосун коюп. Көнгөн колуң капчыкка сунулуп баратты эле: байакее, экинчи минтпеңиз, уят болот деп бетиңизди кызартты... Койгулачы, ошо кантип болсун? Же мектепке кызыңызды алып бардыңыз. Суйкайган класс жетекчиден канча взнос төгөйүн деп сурадыңыз. Какой взнос, сизди антикоррупционный службага салып бериш керек экен дебатса... Же ГАИге түшүп калдыңыз, аке-жаке, могуну алып койсоңуз, сизде деле бала-чака деген бар дебатсаңыз, ГАИшник тек-тек-тек, сиз мени шайтандын ишине түртүп атпайсызбы, өзүңүз түшүнүктүү эле киши экенсиз, экинчи антпеңиз, могу ыштырафты банкка төлөп келиңиз, пул бүджетке түшсүн дебатса... Билбейм, мен ишенген жокмун.

Кыскасы, ары оонап ойлонуп, бери оонап толгонуп атып, бу коррупция деген кыргыздын жан-дилинен, касиетинен чыккан тура деген тыянакка келип такалдым. Анын төркүнү – берешендик, а балким, айкөлдүк. Бергибиз эле келип турат, чачкыбыз эле келип турат. Же балким, мен апыртып, жалган ойлонуп жаткандырмын?