Сен чындыкты издечү элең тозоктон...

Белгилүү журналист, коомдук-саясий ишмер Мелис Эшимкановду акыркы сапарга узатуу. 18-сентябрь, 2011.

Кеттиң Мелис, бизден тажап качкандай,
Жарык дүйнө, жашоо калды аккан жай.
Күндөгүдөй таңдар атып, Күн батып,
Күүгүм кирип, күйө берет асманда Ай.

Кеттиң Мелис, бир жаап өткөн ак кардай,
Бактар калды, сен аралап баскан жай.
Тоонун, суунун көрбөй, туйбай элесин,
Азап жоктур өлүп алып жаткандай.

Кадырлашкан достор менен үйүңдө,
Каалагандай каткыралбай түнүндө.
Кандай арман кайтпай калган ушинтип,
Каалгасы жок кара жердин түбүндө.

Балаң калды, жарың калды ак маңдай,
Баары калды... Сен өлүмгө шашкандай,
Муздак көрдү кала бердиң кучактап,
Муң-зарыңды ошол көрдөн тапкандай.

Көргөн-билген өлүптүр деп угушат,
Көр башында көптөр муңдап турушат.
Көпкө дейре көналышпай туугандар,
Көксөгөн ый, өксүгөн үй, кун учат.

Үстөл, китеп... Андан сени көрүшөт,
Үйдөгүлөр күндө көз жаш төгүшөт.
Акырындап балдарың да сен өңдүү,
Атасы жок жашаганга көнүшөт.

А сен болсо, кол-бутуңду чече албай,
“Ала-Арчадан” Асанбайга жете албай.
Кум жамынып кунсуз жайда жатасың,
Курган башты курттан алып кете албай.

“Өлгөндөр” көп, тирүү жүрүп жөн эле,
Өзүңдү эстеп сөз кыларбыз дөбөдө.
Бул жазмышта канча болсо досторуң,
Душманың да ошончолук көп эле.

Ыйман элең ыйманы аз аз элге,
Ыраазы бол, коркпой жаткын “жат элде”.
Балдар эмне, көнөт, көнөт акыры,
Баарынан да кыйын болор Аселге.

Аздап, аздап тараар жалган, тараар чын,
Ал жакта эми түбөлүккө каларсың.
Сен чындыкты издечү элең тозоктон,
Балким аны тигил жактан табарсың...

18.09.11 Шайлообек Дүйшеев