Соттолуучулары жок сот...
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши Жогорку Соттун соттук коллегиясында териштириле баштады. Буга жактоочу тараптын жазган көзөмөл арызы себеп болду. Соттук отурумга Текебаев менен Чотонов катыштырылган жок. Текебаевдин жактоочусу Чынара Жакупбекованын соттолуучуларды отурумга катыштыруу тууралуу өтүнүчүн канааттандыруудан соттук коллегия“ аларды катыштырууга негиз жок” деген жүйө менен баш тартты.
Соттолуучулардын жактоочулары четке кагылган мындан башка да бир катар өтүнүчтөрдү келтиришти. Алардын арасында мамлекеттик айыптоочулардын бири Эрмековго ишеним көрсөтпөө тууралуу өтүнүч да болду.
Текебаев менен Чотоновго сот өкүмү чыкты
Адвокат Канат Хасанов соттук коллегиядан Текебаев менен Чотоновду толук актоону, эч болбоду дегенде ишти кайра тергөөгө жөнөтүүнү өтүндү. Ал бул үчүн 1-2-инстанцияларда эске алынган жок деген 68 учурду санап берди.
- Мен кандай болгон күндө да мыйзамдуу чечим кабыл аларыңарга ишенгим келет. Кылмыш ишинде күнөөлөрү далилденбегендиктен Текебаев менен Чотоновду толук актоону өтүнөм. Анткени иште кылмыш курамы жок. Атүгүл Маевский айтып жаткан окуянын өзү болгон эмес. Кылмыш иши Маевскийдин айткандарына гана таянып, ойдон токулган. Андыктан мен жактап жаткан адамдарды толук актоону сурайм.
Мамлекеттик айыптоочулар болсо, тескерисинче, Текебаев менен Чотоновго жеңил жаза берилгенин айтышууда. Алар соттук коллегиядан соттолуучулардын жазасын күчөтүп, аларга колдонулган мунапысты жокко чыгарууну өтүнүштү. Прокурорлордун бири Байзаков мындай деди:
- Текебаев күнөөлүү деп табылган Кылмыш-жаза кодексинин 33-беренесинин 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмыш жосуну ошол эле кодекстин 13-беренесине ылайык өзгөчө оор кылмыш деп саналат. Ага карабай анын жасаган кылмыш жосунунун оордугу мыйзамсыз акча табууну көздөп, карасанатайлык менен жасалганы эске алынбай жеңил жаза чегерилген. Ушул эле мыйзамдын 5-беренесинин 8-пунктунда мунапыс кызматтык кылмыш кылгандарга колдонулбай турганы так жазылган. Буга карабастан Текебаевге карата белгисиз себептер менен мунапыс мыйзамсыз колдонулган.
Мамлекеттик айыптоо ушул эле беренелерге таянып, Чотоновдон да мунапысты алып салууну суранды. Прокурорлор 1-инстанцияда Текебаевди он, Чотоновду сегиз жылга абакка кесүүнү сурашкан болчу.
Өкүм өзгөрөбү?
Ал арада айрым эксперттер Жогорку Cоттун чечими мурдагы инстанцияларды кайталай тургандыгын боолголоп жатышат. Алардын бири саясат талдоочу Алмаз Акматалиев андай чечим жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков ишке киргенге чейин белгилүү болот деген ойдо.
- Бул эми принципиалдуу маселеге айланып калды. Менин оюмча инаугурацияга чейин эле чечилет. Анткени жаңы президентке бул жүк өтпөгөндөй кылышат. 1-2-инстанцияда кандай чечим чыкса, ошондой эле болот. Анткени бул маселе башынан эле чечилген. Жогорку Сот чечимди өзгөртүүгө эч кандай деле негиз болгон жок да.
Текебаевдин соту: чаташкан “миллиондор”
Текебаевдин соту: чаташкан “миллиондор”
Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен партия мүчөсү Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча күбөлөрдөн көрсөтмө алууну улантты.
Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов "орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган" деген айып менен быйыл февраль айында камакка алынган.
16-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту алардын ар бирин сегиз жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен жана үй-мүлкүн мамлекетке чегерүүгө чечим чыгарган. Бул чечимге ылайык, мунапыстын негизинде аталган жаза мөөнөтүнүн үчтөн бири кыскарган жана соттолуучуларга жазадан кийин үч жылга чейин мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салынган.
Кийин Бишкек шаардык соту бул өкүмдү күчүндө калтырган. Кылмыш ишин Башкы прокуратура козгоп, Улуттук коопсуздук комитети тергеген. Соттолгондор муну өз оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн саясий куугунтук катары баалап келишет.
Октябрдын ортосунда Өмүрбек Текебаев Бишкектеги №47 түзөтүү колониясына, Дүйшөнкул Чотонов Молдовановка айылындагы №27 абакка которулган.