Бишкек: президент катышкан ишембилик

Президент Сооронбай Жээнбеков менен Бишкектин мэри Албек Ибраимов.

Жээнбеков Албек Ибраимовго кайрылып, шаарда бак-дарактарды кыюу себептерин, жолдорду кеңейтүү же объекттерди куруу максатындабы, баарын шаар тургундарына алдын-ала түшүндүрүү керектигин белгиледи.

Өкмөт башчы Сапар Исаков Ботаникалык бакты тазалоого барды. 

Албек Ибраимов бүгүнкү ишембиликте бак-дарактарды кыюу аргасыз чара экенин, бирок ар бир кыйылган бактын ордуна өткөн жылы жети, быйыл он беш көчөт отургузулганын маалымдады.

Бүгүн Бишкекте мамлекеттик кызматкерлер катышкан жалпы ишембилик өттү.