6-чакырылыштын сакалдуу депутаты КСДП фракциясынан - 64 жаштагы Анвар Артыков болсо, эң жашы - “Ата Мекенден” 27 жаштагы Айсулуу Мамашева. Эл өкүлдөрүнүн орточо жаш курагы 46. 120 депутаттын 23ү гана аял. Мыйзам боюнча партиялык тизмеде ар бир үчүнчүсү аял болушу керек деп жазылган. Бирок мандат бөлүштүрүүдө аялдардын көбү парламент сыртында калды. БШК мүчөсү Жеңиш Акматов партиялык тизмедеги 15 пайыздык жаштардын жана улуттук азчылыктардын квотасы шайлоонун эртеси эле суу кечпей каларын айтууда.
- Квота маселеси талапкерлер тизмесинде шайлоого чейин гана катуу каралат. Ал эми шайлоодон кийин маанисин жоготот. Мандаттан баш тарткандар ким экенине карабай тизмеден чыгарабыз. Негизи тизмеде ар бир үчүнчү киши аял болушу керек. Бирок шайлоодон кийин улам бири чыгып отуруп ал эреже сакталбайт.
5-чакырылыштын депутаттарынын 31и парламентке кайрадан келди. Алардын арасында Өмүрбек Текебаев сыяктуу 6-ирет мандат алгандар да бар.
Эл өкүлдөрүнүн 52си мыйзам жазып көргөн эмес...
Ошол эле учурда 52си мурда-кийин мыйзам жазып көрбөгөндөр. Өлкөнүн эмгек сиңирген юристи Мукар Чолпонбаевдин баамында алардын көбү жеке ишкерлик менен шугулданган капчыктуулар. Парламенттин негизги функцияларынын бири мыйзам чыгаруу экенин баса белгилеген Чолпонбаев акчанын күчүнө салып мандат алгандар мыйзам жазып жарытпайт деген ойдо.
- Булардын колунан Кыргызстандын жалпы кызыкчылыгын коргогон мыйзамдар чыкпайт. Анткени көбү ишкерлер, бизнестери өлкө сыртында. Эгер алар чындап эл үчүн кызмат кылам десе ишканаларды бул жакта ачып, ишкерлерди коргогон мыйзамдарды жазмак. Өз өлкөсүнөн жашырынып сыртта ишкерлик кылгандардан эмнени күтөбүз?
Бул чакырылыш эскилерине караганда журналисттердин, жаштардын көп келиши менен айырмаланып жаткандай. Маселен, Жанар Акаев, Лунара Мамытова сыяктуу жаштардын тери кургай элек журналист экени жалпыга маалым.
“70% депутаттын куйругунда калбыр бар”
Саясатка аралашууну кабарчылыктан баштаган КСДП фракциясынан депутат Жылдыз Мусабекова жаңы шайланган эл өкүлдөрүнүн кеминде 70 пайызы артында кыңыр иши бар деп эсептейт. Ал эски журналист катары “балык депутаттардан” айырмаланып демократия жана сөз эркиндигин жайылтууга салым кошом деп ишендирүүдө.
- Шайланган депутаттардын 70 пайызы куйругунда калбыры барлар. Мен таза иштеген адам катары элдин таламын талашам. Демократияны жактап, акты ак, караны кара деп айтууга милдеттүүмүн деп эсептейм. Эми калганын убакыт көрсөтөт. Болбосо ашып кетсе 15-20 эле депутат иштейт. Калгандары ооз ачпай жүрүп беш жыл өтөт.
Жаңы шайланган депутаттардын арасында кримдүйнө менен коюн-колтук алышкандары да аз эмес. ИИМ шайлоо алдында талапкерлердин 234ү мурда-кийин кылмыш иштерине аралашканын шардана кылган. Мандат алгандардын ичинде Игорь Чудинов, Иса Өмүркулов, Исхак Пирматов сыяктуу убагында ар кандай коррупциялык кылмыштарга айыпталгандар да бар.
Ошол эле учурда кримдүйнө менен болгон байланышы үчүн милициянын “кара тизмесине” илингендери да жок эмес. Маселен, Бакыт Жетигенов, Улан Чолпонбаев, Азис Турсунбаев, Алтынбек Сулайманов ж.б. депутаттардын “каралар” менен колтукташ экени эл ичинде айтылып келет.
Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова 6-чакырылышка акчанын күчү менен криминалдар да көп келгенин белгилейт.
- Олигархтар тизмедеги аялдарды, башка улуттарды кетирип парламентке өздөру келишти. Бул саясий коррупция. Акчанын күчү менен эле байлар же криминалдар толуп алды. Партия деген мындай болбошу керек эле.
Деген менен айрым байкоочулар жаңы Жогорку Кеңеште мамлекеттик кызматтарда көп жыл иштегендер да бар экенин белгилешет. Алардын пикиринде мурдагы баш прокурор, министрлердин депутаттык мандат алышы парламент ишине чоң өбөлгө.
4-октябрда өткөн шайлоодо КСДП партиясы 38, “Республика Ата-Журт” 28, “Кырыгзстан” 18, “Өнүгүү-Прогресс” 13, “Бир бол” 12 жана “Ата Мекен” партиясы 11 мандат алган.