Жазды чакырган майрам

Ала-Тоо аянтында түшкү саат экиге чейин театралдаштырылган оюн-зооктор болду. Эски аянтта да кечке чейин концерт коюлду.

Улуттук оюндар боюнча иш-чаралар, спорттук мелдештер өткөрүлүп, төрт райондо сейилдөөлөр уюштурулду. Нооруз майрамы Кыргызстандын бардык аймактарында белгиленди.

 

 

 

 

 

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосун президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков окуп берди. Анда Кыргызстандын алдында президенттик шайлоо турганы, элге ынтымак керектиги белгиленген.

 

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, коомдук тартипти көзөмөлдөөгө алты миң милиция кызматкери тартылды. Ал эми Бишкекте эки миң милиционер майрам коопсуздугуна көз салды.
 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бишкектеги Ак-Кула ат майданында улуттук ат оюндарынын бардык түрлөрү өтүп, көрүүчүлөр көк бөрү, ат чабыш боюнча мелдештерди, эр эңиш, кыз куумай өңдүү оюндарга күбө болушту.
Мелдештерди Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигине караштуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы уюштурган.

 

 

 

 

 

 

Нооруз майрамына карата Бишкек мэриясы Ала-Тоо аянтын кооздоп, жасалгалады. Анда кызыл китепке кирген өсүмдүктөр, жаныбарлар жана куштардын элестери жаратылыштын ойгонушу катары сүрөттөлгөн.