Өнүктүрүү стратегиясы жарыяланды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш 13-августта жыйынга чогулуп, 2040-жылга чейинки стратегияны кабыл алды. Ошондой эле, 2020-жылга чейин шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу стратегиясын бекитти. Анда президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын эң башкы айырмасы - адам потенциалын өнүктүрүүгө багытталганында болот деп айтты. Бирок жыйында буга чейинки стратегияларда деле айтылган иш-чаралардын басымдуу бөлүгү аткарылбай калганы тууралуу сөз болду.