Өткөндү эске салган эстеликтер

Кыргыз мамлекетинин туңгуч жетекчиси Иманалы Айдарбековдун эстелиги.

Бишкек шаарында кыргыздын атактуу инсандарынын урматына тургузулган эстеликтер көп. Алардын таржымалын орто жаштагы шаар тургундары жакшы билгени менен кээ бир жаштарда маалымат жокко эсе.

Эстелик куруу маданияты кыргыздарда байыркы кылымда эле болгон. Буга балбал таштар, күмбөздөр далил. Совет мезгилинде коммунисттик духтагы айкелдер көп болсо, азыр баатырлардын, аткаминерлердин же колунда бар адамдардын эстеликтери көп тургузула баштаганы сынга алынып келет.

«Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык баш калаанын өзүндө эле аттуу-баштуу деп айтылып келген 122 адамдын эстелиги бар.

«Азаттык» борбор шаардагы атактуу инсандардын айкелдеринин сүрөтүн жана алардын таржымалын чогултту.

Аккула минген Манас

Филармониянын алдындагы «Манас» скульптуралык-архитектуралык комплекси 1981-жылы тургузулган. Скульптору Тургунбай Садыков.

«Манас» архитектуралык-монументалдык комплекси.

Скульптуралык-архитектуралык комплекстин борбордук бөлүгүндө Манастын атчан айкели, анын жанында Каныкей менен Бакайдын фигуралары өз алдынча постаменттерге тургузулуп, Манас менен чогуу бир топту түзүшөт.

Айкелдер ар башка бийиктикте жана конфигурацияда орнотулган.

Эстеликтин борбордук бөлүгүнүн башкы идеясында жакшылык менен жамандыктын күрөшү берилген. Манас Аккуласын минип алып, бүт денеси менен артка чалкалагансып турат, оң колуна баатырдыктын белгиси болгон кылычын, сол колуна Мекенди коргоонун белгиси болгон калканды кармайт.

Тулпардын туяктарынын алдында ажыдаар ийрилип турат. Ажыдаар бир эле учурда Манастын улуулугун да, айбаттуулугун да чагылдырып көрсөтөт.

Алп манасчы Саякбай Каралаев

Скульптуралык-архитектуралык комплексти алп манасчылардын кызыл граниттен жасалган эстеликтери толуктап турат.

Манасчы Саякбай Каралаевдин эстелиги.

«Бул 1962-жылдар эле. Менин көз алдымда чүкөдөй болгон абышканын образы туруп алды. Ары ойлонуп, бери ойлонуп, андан «Манас» айтууну сурандым эле… Күн сайын иштейбиз. Кээде унчукпай отура берет, мен тарта берем. «Манас» айткан учурларын магнитофонго жаздырып алчумун.

Бир күнү өзү эле, айттырбай эле «Манасты» төгүп кирди. Узакка айтты. Магнитофонумдун тасмасы да бүттү. Араң токтоду. Менин алдымда бир алп пайда болгондой сезим калтырды. Бул улуу дух экенин ошондо сезип, таң бердим», - деп Саякбай Каралаевди скульптор Тургунбай Садыков эскерген жайы бар.

Сагынбай манасчынын эстелиги.

Сагынбай Орозбаков кыргыздын рухунун туу чокусу «Манас» эпосунун миң сандаган саптарын көкүрөккө кыт куйгандай сактап, биздин күнгө жеткирген улуулардын, залкарлардын бири болгон. ​

Манасчы Тыныбектин айкели.

Тыныбекке санжырачылар, «Манасты» изилдегендер, айтор баары «легендарлуу манасчы, манасчылардын алпы жана устаты» деп баа беришкен.

Манастын айкели 2011-жылы 31-августта Ала-Тоо аянтына да тургузулган.

Ала-Тоо аянтындагы Манастын айкели.

​Бул эстелик мурдагы «Эркиндик» эстелигинин ордуна, эгемендүүлүктүн 20 жылдыгынын урматына арналып орнотулган. Анын бийиктиги 17 метрди түзөт.

Ат көтөргөн алп Кожомкул

Бишкектеги Спорт сарайынын алдында жайгашкан эстеликти «Кожомкул» фондунун жана «Байтур» корпорациясынын президенти Тынчтыкбек Конушбаев 2004-жылы 14-декабрда орноттурган.

Кожомкул балбандын эстелиги.

Эстеликтин архитектору Сергей Байназаров болсо, скульптору Базарбек Сыдыков. Бийиктиги – 14 метр, салмагы – 3 тонна. Ал Казакстандын Жезказганынан алып келген жезден жасалган. Эстеликти жасап тургузууга баш-аягы 3,5 миллион сом жумшалган.

Алай ханышасы Курманжан

2003-жылы Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 13 жылдыгынын урматына Эркиндик бульварына ак таштан чегилген Курманжан Датканын эстелиги тургузулган. Скульптору Виктор Шестопал. Мурун бул жерде Лениндин (1948-1984), Дзержинскийдин (1987-1999) жана Эркиндиктин (1999-2003) эстеликтери турган.

Курманжан датканын эстелиги.

Алай ханышасы бир колуна түрүлгөн бир барак кагаз, экинчисине камчы кармап турат. Өлкө тарыхындагы биринчи аял башкаруучуга арналып тургузулган эстеликтердин бири.

Кыргыз мамлекетин негиздөөчүлөр

Кыргыз мамлекетин негиздөөчүлөрдүн аллеясы 1996-жылы Бишкекте ачылып, анда эң биринчилерден болуп Жусуп Абдрахмановдун айкели тургузулган.

Жусуп Абдрахмановдун эстелиги.

XX кылымдын 20-жылдарынын башында Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаев жана башкалар менен кошо Жусуп Абдрахманов Түркстан Республикасынын курамында Тоолуу Кара-Кыргыз автоном облусун куруу идеясын көтөрүп чыккан.

Абдыкерим Сыдыковдун айкели.

Дал ушул Мамлекеттүүлүктү негиздөөчүлөр аллеясынын так ортосуна 2014-жылы Кыргыз мамлекетинин туңгуч жетекчиси Иманалы Айдарбековдун эстелиги коюлган. Скульптуранын автору - Садабек Ажиев.

Иманалы Айдарбеков өз заманынын билимдүү, жаңычыл көз караштагы, демилгелүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлеринин бири болгон. Кыргыз элинин өз алдынча мамлекетке ээ болушуна зор салым кошуп, анын юридикалык жактан таанылышына байланыштуу иштердин башында турган. 1938-жылдагы репрессиянын курмандыгы болгон.

Искак Раззаковдун айкели.

Ушул эле аллеяда Кыргызстандын көрүнүктүү инсандары Исхак Раззаковдун, Төрөбай Кулатовдун, Абдыкадыр Орозбековдун, Баялы Исакеевдин, Касым Тыныстановдун, Төрөкул Айтматовдун, Султан Ибраимовдун, Арстанбек Дүйшеевдин, Абсамат Масалиевдин, Болот Мамбетовдун, Абды Суеркулов жана Акматбек Суюмбаевдин айкелдери бар.

Төрөбай Кулатовдун бюсту.

Чүй жана Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишине 2011-жылы 23-сентябрда акын, комузчу Калык Акиевдин эстелиги тургузулган.

Калык Акиевдин айкели.

Кыргыз жазма маданиятынын калыптанышына Калык Акиевдин салымы зор.

Кыргызстандын биринчи премьер-министри Насирдин Исановдун айкели 2003-жылы Эркиндик бульварына коюлган. Скульптуранын автору Виктор Шестопал. Айкел Бишкек шаарынын 125 жылдыгынын урматына тургузулган.

Насирдин Исановдун айкели.

Насирдин Исанов (1943-1991) - коомдук-мамлекеттик ишмер, Кыргызстандын биринчи премьер-министри (1991–1992). Экономика илимдеринин кандидаты, СССРдин Инженердик академиясынын академиги болгон.

Расмий маалыматтарга ылайык Насирдин Исанов 1991-жылдын 29-ноябрында түштүк тарапка чет элдик фирма башчылары менен жол тартып баратып Ош-Жалал-Абад жолунан ЗИЛ-130 машинеси менен кагышып жарык дүйнө менен кош айтышкан. Бирок «Волга» машинесинде бир топ адамдар болгонуна карабай жалгыз Насирдин Исанов гана курман болгону бүгүнкү күнгө чейин табышмак бойдон калууда.

​2011-жылы 31-августта Бишкектеги Ала-Тоо аянтында кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун айкели ачылган.​

Айтматовдун айкели.

Орусияда колодон жасалган айкелге 600 миң доллар жумшалган. Бийиктиги үч метр.

Чокморовдун талаш жараткан айкели

2017-жылы Бишкектин Чүй жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишине таланттуу актер, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги тургузулуп, анын туулган күнүнө карата 9-ноябрда ачылган.

Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги.

Тилекке каршы, айкелдин Чокморовдун өзүнө окшошпой калганы социалдык тармактарда кызуу талкууланып, коомчулукта нааразы пикирлер айтылгандыктан аны алмаштыруу боюнча чечим чыккан.

Коомчулуктун сынына кабылган эмгектин автору Алмаз Кожогулов өзү Сүймөнкул Чокморовду кандай көрсө ошондой жасаганын, заманбап искусство дайыма ушундай талаш-тартыш пикир жаратып келгенин айткан. Бирок жакынкы убакта бул айкелдин ордун жакынкы убакта жаңысы ээлемекчи.

Бишкектеги Ала-Тоо аянтында 2002-жылдын Аксы окуяларында жана 2010-жылдын апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун жаркын элесине арналып тургузулган монумент турат.

2010-жылы 7-апрелде курман болгондордун аянттагы эстелиги.

Монумент ак жана кара болуп экиге бөлүнгөн таштардан туруп, ортосундагы адамдар кара ташты түртүп турат. Ал Жамандыкты – Жакшылык, Караны – Ак жеңип чыгарын эске салат. Ак ташка Аксы жана апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун ысымдары жазылган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.