Жеңиш күнү: эрдик унутулбайт

Бишкек. 9-май.

Майрамга карата Бишкектин Түштүк дарбазасынан "Өлбөс полк" жүрүшү башталып, Жеңиш аянтына чейин уланды.

Аянтта Ата Мекендик согуштун катышуучуларын эскерген митинг-реквием өттү. Иш-чараны шаар мэриясы Башкы штаб менен бирге уюштурду.

"Өлбөс полк" жүрүшүнө Бишкектин тургундары согуш катышуучулары жана кайтпай калган аскерлердин сүрөттөрүн көтөрүп чыгышты. Ушундай эле иш-чаралар, майрамдык параддар бардык аймактарда өткөрүлдү.

Жеңиш майрамына 72 жыл

Митинг-реквиемде президент Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөдү. Мамлекет башчы Улуу Жеңишке жетишүүгө кыргызстандыктардын да салымы чоң болгонун, согуш жылдары Орусия, Беларус, Украинадан эвакуацияланган жүз миңдеген адамдар Кыргызстанда камкордукка алынганын, бирок соңку жылдары Орусияда ксенофобияны, эки өлкө жана эл ортосунда кастыкты жайылткандар көп болуп жатканын белгиледи:

- Санкт-Петербургда жакында террорист метронун вагонун жардырып, ондонгон жай тургундарды өлтүрүп жабыркаткан трагедиядан кийин айрым орусиялык саясатчылар менен ММКлар Кыргызстандан барган мигранттарга каршы албууттанууну жаратты. Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты "Россия-1" мамлекеттик телеканалынын эфири аркылуу Кыргызстандан барган мигранттарга карата катуу чара көрүүгө чакырды... Эгерде Питердеги терактка негизги шектүү Кыргызстандын Ош шаарынан чыккан өзбек болсо, буга бардык өзбектер менен кыргыздарды айыптоого болбойт. Ал атасы сыяктуу эле Орусиянын жараны болгон, Орусияда 16 жашынан бери жашап келген! Балким, дал ушул ксенофобия менен скинхеддер анын тескери ишке баруусуна түрткү болгондур. Улуу Орусиянын кубаты анда жашаган бардык элдер менен улуттардын биримдигинде болуп келген жана болууда. Бул үчүн биринчи кезекте расизм, шовинизм менен ксенофобиянын бардык көрүнүштөрүнө каршы күрөшүү керек. Мында орусиялык саясатчылар менен журналисттер Орусия президенти, урматтуу Владимир Владимирович Путинден үйрөнүшү зарыл.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Атамбаев Орусияда кастыкты жайылткандар көп болуп жатканын белгиледи

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 647 согуштун, жети миң чамалуу ооруктун ардагери бар.

Улуу Ата Мекендик согушка жалпысынан 365 миң кыргызстандык катышып, алардын 114 миңден ашыгы кайтпай калган.

Экинчи Дүйнөлүк согушта (1939-1945) 50 миллиондон ашык адам каза тапкан. Анын 27 миллиону мурдагы СССРдин жарандары болгон.

Түз эфир