Митинг коштогон мэр шайлоо

Өздөрүн Албек Ибраимовдун тарапташтары атаган жүзгө чукул адам мэрия алдында шайлоо бүткөнгө чейин ураалап турушту.

Албек Ибраимов шаардык кеңештеги 45 депутаттын 29унун колдоосу менен экинчи мөөнөткө мэр болуп шайланды.

Бишкек мэрин шайлоо митинг менен башталды. Өздөрүн Албек Ибраимовдун тарапташтары атаган жүзгө чукул адам мэрия алдында шайлоо бүткөнгө чейин ураалап турушту. Алардын катарында бириккен элдик кошуун, ооганчы, баткенчи деген кыймылдардын өкүлдөрүнөн баштап, Марат Аманкулов сыяктуу парламент депутаттарына чейин жүрүштү. Айрымдары эгер Ибраимов шайланбай калса, шаардык депутаттарга көргүлүктү көрсөтөрүн да айтып жиберишти.

Шайлоо алдында талапкерлерге өз программаларын айтууга мүмкүнчүлук берилген жок. Депутаттар дароо эле добуш берүүгө өтүштү. Соңунда 43 депутаттын 29у Албек Ибраимовго добуш берсе, Нурдин Абдылдаев 12 гана добуш алды. Эки депутат экөөнө тең каршы чыкты.

Мэр менен депутаттын жубайларынын бизнеси

Мэр менен депутаттын жубайларынын бизнеси

Бишкектин мэри Албек Ибраимов жана Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматовдун жубайлары ээлик кылган фирманын айланасында жаңы жагдайлар белгилүү болду.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан мэрликке ат салышкан Нурдин Абдылдаев шайлоо бийлик уюштурган митингчилердин басымы менен өткөнүн, добуш берүү бурмаланганын айтууда. Ал шайлоонун мыйзамсыз өткөнүн сот аркылуу далилдейм деди.

- Депутаттардын добушун сатып алуу болду деп айта албайм. Аны далилдеш керек. Бирок сатып алуу болду деген сөздөр, ушактар бар. Мындан тышкары жокко чыгарылган бюллетендер боюнча фальсификация болду. Мен муну сот аркылуу далилдейм. Анткени бюллетендер алдын ала белгиленгени тууралуу маалыматтар бар.

Абдылдаев шайлоо алдында атаандашын түз эфирдеги теледебатка чакырган. Бирок Ибраимов “Сентябрь” каналындагы беттештен баш тартып койгон.

Экинчи ирет калаа башчылыгына шайланган Ибраимов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, буга чейинки иштерин улантарын айтты. Ал негизги иши катары төмөнкүлөрдү санайт:

- Эң биринчиси – активдүү башталган жол куруу маселесин улантуу. Ал өзүнө көп долбоорлорду камтыйт. Андан кийин тазалык маселеси, парковка. Мындан тышкары жашылдандыруу жана социалдык объекттердин курулушу турат. Буйруса, жаңы мектептер, бала бакчалар курулат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Албек Ибраимов кайра мэр болду

Шайлоонун жыйынтыгы мурдагылар сыяктуу эле күн мурунтан белгилүү болчу дегендер басымдуу. Алардын бири - саясий эксперт Азамат Аттокуров. Ал Ибраимов таштанды кутуларын жаңылоо, жаңы жылдык балатыны көркөм кооздоо сыяктуу майда-барат иштер менен шаардыктарга жакты деп эсептейт. А бирок борбор калаанын стратегиялык жактан өсүп-өнүгүшү үчүн Ибраимов эч нерсе жасай элек деген ойдо:

- Бишкектеги стратегиялык маселелер эмне болору белгисиз. Борбор калаага бюджеттин үлүшү кандай болот? Жол, коопсуздук маселеси эмне болот? Азыркы учурда күнүмдүк эле маселелер чечилип жатат. Ибраимов стратегиялык мааниге ээ маселелерди чечип, Бишкектин өсүп-өнүгүшүн камсыз кылса жакшы болмок, - дейт Азамат Аттокуров.

50 жаштагы Албек Ибраимов алгач ирет 2016-жылдын февралында мэрликке шайланган. Бул аралыкка чейин ал "Кыргызавтомаш", Бишкек эркин экономикалык аймагы, "Дастан" заводу, "Манас" аэропорту сыяктуу ишканалардын жетектеп, майлуу-сүттүү кызматтарды аркалап келген. Ал президент Алмазбек Атамбаевдин чарбалык иштерин бүтүргөн жакын адамы катары да сыпатталып келет.

"Арай көз чарай": Мэр шайлоо ачык өттүбү? 11-январь, 2017-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.