Кыргызстандагы президенттикке талапкерлер кадимки абитуриенттердей сынак тапшырып жатышат. Алардын максаты окууга өтүү эмес, президенттикке талапкер деген макам алуу.
Кезек учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбековго да жетти. Ал 4-августта топ журналисттин курчоосунда кыргыз тилинен сынак берди. Жээнбеков “Кыргызтестке” көп деле даярданбаганын айтты. Бирок сынактан 94, 6 упай алды.
- Төрт тепкичтүү сынактан өттүм. Мындай экзамендерди студент кезде көп эле тапшырганбыз. Андан кийин турмуштун сынагынан өттүк. Бул сынакка деле жоопкерчиликтүү мамиле кылдым. Эне тилим болгону үчүн көп деле кыйналган жокмун.
Толкунданган талапкерлер...
Талапкерлерди сынактан өткөрүп жаткан “Кыргызтест” системасы төрт субтесттен турат. Алар: лексика-грамматика жана жазуу, угуп түшүнүү, окуп түшүнүү жана сүйлөө. Ушул күнгө чейин 56 талапкердин 20сы сынак тапшырып, Жунусов Русландан башкасынын баары ийгиликтүү өттү. Жунусовдун баллы 60ка жетпей калган.
Кыргыз эле талапкерлердин кыргыз тилинен сынак тапшырып, анын жыйынтыгына жаш баладай кубанып жатканы коомчулукта ар кандай талкууларга жем таштады.
Маселен, Темир Сариев “Кыргызтестке” катар тизилген улан-кыздардын коштоосунда шаан-шөкөт менен келип, коомчулуктун көңүлүн бурган. Ал сынактан 81,8 упай алган.
Азырынча Адахан Мадумаровдон көп упай алган талапкер боло элек. Ал 96,77 балл алган. Мамдумаров кыргыз тил сынагынан өткөнүн чоң жетишкендик санаган атаандаштарына түшүнбөйт.
- Кыргыздарга кыргыз тиинен сынак тапшыртуу бир жагынан кемчонтойлук. Экинчи жагынан бир эле президенттикке талапкерлерден эмес, министр, депутаттардан да экзамен алышыбыз керек. Антпесе мамлекеттик тил өнүкпөйт. Мен сынакка бир да секунд даярданган жокмун. Алты жыл мурда сынак тапшырганда түз эфирден көрсөтүшкөн. Бул жолу деле ошентишсе болмок. Анткени талапкердин кыргыз тилин кандай деңгээлде билерин жалпы эл көрүшү керек.
Мадумаров даярданбаганы менен башка талапкерлер сынак үчүн атайын мугалим да жалдаганга жетишкен. Дагы бир талапкер Өмүрбек Бабанов сынак үчүн эки-үч күн уктабай даярданган экен.
- Кыргыз болуп туруп кыргыз тилден сынак тапшырганда абдан толкунданат экенсиң. Орусча же англисче экзамен берсем мынчалык толкунданбасам керек эле. Эки-үч күн уктаган жокпуз, даярдык көрдүк.
Бабанов 93,5 упай алса, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун 94,75 балл алган.
Сынактар эмнеге ачык өтпөйт?
Буга чейин талапкерлердин кыргыз тил сынагы түз эфир аркылуу жалпы элге көрсөтүлсө, бул жолу жабык өтүп жатат. Мындан улам жогорку упай алып жаткан талапкерлерден шек санагандар да жок эмес. “Биздин мурас” коомдук фондунун жетекчиси Чоробек Сааданбек мындай деди.
Президенттин Бабановду мактаганы талкууда
- “Кыргызтесттин” иштеп жатканы жакшы. Бирок сынактын түз эфирде көрсөтүлбөй жатканы шектенүүлөргө жол ачып жатат. Кимдин кандай ката кетиргенин жалпы эл көрсө жакшы болмок. Мисалы Бишкек мэри Албек Ибраимовдун каталарын баарыбыз көрбөдүк беле. Англис тилден TOEFL тапшырганда кийин оңдоо үчүн кандай ката кеткени көрсөтүлөт. “Кыргызтестте” да ошондой болуш керек болчу.
Анткен менен кыргыз тилден сынак алып жаткан эксперттик комиссиянын төрагасы Абдылдажан Акматалиев сынактар калыс өтүп жатат деп ишендирүүдө. Анын ырасташынча, сынактарга адам фактору аралашпайт, бардыгын компьютер чечет.
- Бул тестте адамдык фактордун таасир этиши мүмкүн эмес. Оозеки сөзүн баалоодо да эч кимге тарткан жокпуз. Ушуга чейин эч кимге 100 балл бериле элек. 80-90дун тегерегинде гана берилип жатат. Ошондуктан бирөөлөр кийлигишип жатат деген туура эмес.
Кыргыз тилинен сынак тапшыруу президенттике талапкерлерге коюлган негизги шарттардын бири. Кандидаттар 100 баллдык тесттен кеминде 60 упай алуусу шарт. Сынактан кулагандар шайлоого катыша албайт. Калган 36 талапкер БШКга катталган тизме боюнча сынак тапшырышы керек.