Борбордун туулган күнү белгиленди

Салтанат "Ялла" тобунун легендарлуу ырлары менен башталды.

Балдар Бишкек жөнүндө ырдап жаткан учуру. 

Мэр Азиз Суракматов шаар тургундарын майрамы менен куттуктап жатып шаардагы жаңылыктарды санап өттү. "Учурда Бишкек шаары маанилүү чечимдерди кабыл алган борборго айланды. Президенттин жана өкмөттүн колдоосу менен шаарды өнүктүрүү боюнча стратегиялык план кабыл алынды. Биз бирге аракет кылсак шаарыбыз гүлдөйт деген ишеничтемин. Бүгүн жаңы автобустар ишке кирди".

"Ялла" тобунун жетекчиси Фаррух Закиров Өзбекстандын бир нече шаарларына арналган ырларды аткарды. 

"Ялла" тобунун ырлары көрөрмандардын купулуна толуп, аны коштоп-ырдап бийлегендер да болду. 

Салтанаттуу аземге мурдагы шаар жетекчилери да чакырылган. 2008-2010-жылдары Бишкек мэри болгон Нариман Түлеев сөз сүйлөп, салтанатка чакырылганына кубанып турганын жашырган жок. 

Бишкектин 141 жылдыгын белгилөөгө шаардык бюджеттен 1 млн. 900 миң сом бөлүнгөн.

Калаа күнүнүн урматына эс алуу бактарында оюн-зооктор, майрамдык иш-чаралар жана көргөзмөлөр уюштурулду.

Ала-Тоо аянтынын макети. 

Бишкектеги №49 орто мектептин 6-классынын окуучусу жасаган чакан гүл бакча.

"Айчүрөк" соода борборунун астында "Аура" тобу чакан майрамдык концерт тартуулады. 

29-апрелде Бишкек шаарынын 141 жылдыгы белгиленди.