Ботаникалык бак жаңыланууга муктаж
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Бишкектеги Ботаникалык бактын түзүлгөнүнө быйыл 80 жыл болду. Ал түрдүү өсүмдүктөрдүн, бак-дарактардын көптүгү боюнча Борбор Азияда биринчи орунду ээлейт. Ушул жылдын март айында Ботаникалык бакты жаңылоо жана калыбына келтирүү боюнча башкы план бекитилген. Ошол пландын негизинде бактын аймагындагы дарактардын жана өсүмдүктөрдүн түрүн көбөйтүп, иретке салынганы жатат. Бирок анын качан толук ишке ашары азырынча белгисиз.