Бишкектеги "Кара жума"

“Кара жума” - соода түйүндөрдө арзандатуу болгон күн. 23-ноябрда Бишкектин бир канча соода борборлорунда арзандатуу күнү белгиленди. 

Косметика саткан дүкөн кардарларга жык толду. 

Боёкту алардан мурда сыйпанып жаткан бийкечтер. 

Кымбат өтүктөрдүн баасы түшүп, жигиттерди сүйүнткөн учур. 

Тандаган буюмдары колуна батпаны үчүн араба сүйрөп алгандар да болду. 

Арзан көйнөк, мыкты телефон издегендин баары дүкөндө. 

 

Кассадагы кезек күтүү. 

Апалары дүкөн кыдырып кеткенде балдарды атасы карап калат.  

"Кара жума" - түшүнүгү Кыргызстанга АКШдан келген. Океандын ары жагында көп жылдан бери 24-ноябрь күнү дүкөндөр товарларды арзан сатып түгөтөт.
 

Кийимди кийип көргөн жерде да кезек күтмөй. 

Дүкөн кыдырып чаалыккан кыздар. 

"Кара жума" акциясы өткөн кезде АКШда кардарлардын кезек күтүүсү айрым учурда башаламандык менен жыйынтыкталат.