Бишкегимди бийиктерден карасам...

"Айчүрөк" соода борборунун жанындагы аялдама.

Борбордук “Ала-Тоо” аянтынын “Россия” бизнес-борборунун 18-кабатынан карагандагы көрүнүшү.

Бийиктен караган кишиге Ак үй ушундай көрүнөт.

Бишкек ар дайым Борбордук жылуулук борборунан чыккан түтүндүн кучагында.

Борбордун эски-жаңы имараттары. Бишкектен союздан калган таберик болгон стандарттуу 9 кабат үйлөрдү да, жаңыдан тургузулуп жаткан көп кабаттуу жаңы стилдеги имараттарды да көрүүгө болот.

"Айчүрөк" соода борборунун сааттын үстүнөн көрүнүшү.

Борбордук сааттын алдында бирин-бири күткөндөр.

Чүй проспекти менен Байтик баатыр көчөсүнүн кесилишиндеги автотыгын.

Башкалаанын панорамадагы көрүнүшү.

Телемунара.

Эркиндик бульвары менен Москва көчөсүнүн кесилишиндеги көпчүлүктү суктандырган үй.