Бишкек-Ош: кара майдын маршруту

Айдоочулар бири-бири менен рация, телефон аркылуу кабар алып турушат. Узак жолдо уктап кетпеш үчүн дайыма музыка угушат. Рулда кетип баратып чемичкени эрмек кылышат.

“Газпром нефть Азия” уюштурган “Бишкек-Ош түштүк экспедициясы” 15 саатка созулду. Жолдун узундугу 650 километрди түзөт.

Мен отурган унааны кырктын кырына келип калган Алмаз Казакбаев башкарып баратты. Негизи биз менен жолго чыккан тиги эки унааны эки айдоочу алмак-салмак башкармай болушту. Алмаз мырза болсо өзүнүн тажрыйбасын жаштар менен бөлүшөйүн дегенби, айтор 34 жаштагы Коляны жанына үйрөнчүк кылып салып алды.

Ашуудан өтүүнүн азабы көп.

"Газпром нефть Азиянын" нефтебазасы Кара-Балтада жайгашкандыктан май ташуучу унаалар Ошко ошол жерден аттанышат. Орто эсеп менен күн сайын түштүк аймакка 15 май ташуучу машине 400 тоннага жакын күйүүчү май ташыйт. Түндүктөн түштүккө май ташуунун кара жол жана темир жол акысынын айырмасы 12-15 долларды түзөт. Ар бир машине Ошко барып келгенине 750-800 литр күйүүчү май сарптайт.

Айдоочулар жол тазалагычтардын жакшы иштеп жатканын белгилешти.

Тоннелден чыга бергенде.

Суусамырда кар калың.

Эреже боюнча май ташыган айдоочулар рулга 8 сааттан ашык отурбашы керек. Эки айдоочу кезектешип айдайт. Кышкысын кечки 9дан кийин жол жүрүүгө болбойт. Анткени караңгы жолдо кооптонуу күчөйт.

Май ташыган унаанын ичи чакан бөлмөнү эске салат. Ичинде айдоочулар маал-маалы менен эс алчу эки керебети бар. Керектүү буюм-тайымдарын салган шкафтар да бар.

Бишкектен Ошко суткасына май ташуучу 15 машине каттайт.

Акыркы жылдары жол кырсыгы көбөйүп баратканын жол жээгиндеги ушундай белгилерден улам билсе болот. 

Бишкек-Ош жолу. 

Ош-Бишкек жолунда май ташуучу унааларды жөөлөп өткөн таксисттер айдоочулардын бир топ эле кыжырына тиет. Кычашып имерилиштерден каршы тилкеге чыккан оң рулдуу унаалар кооптуу абал түзүүгө себепчи болушат.

Төө-Ашууга чыга бериштеги капчыгай ичи.

Унаалардын кыймылы JPS аркылуу тыкыр көзөмөлдө болот. Айдоочулар саатына 60 чакырымдан ылдамдыкты ашырбоосу шарт. Эгер автоунаа олуттуу бир жеринен бузулган болсо диспетчерлер дароо жардамга мастерлерди жөнөтүшөт.

Жол боюндагы ажаткана.

Айдоочулар Ошко жеткенче эч себепсиз токтошпойт. Машине бузулганда жана тамактануу үчүн гана токтоо каралган.

Ала-Бел ашуусунан өткүчө машинелердин дөңгөлөктөрүнө чынжыр байлашат. Кышкысын жолдор тоңуп, жол жүрүүнү биртоп оорлотот.

Чынжырдын кадырын жол тайгак болгондо билесиң. 

"Газпромдун" эң бийиктеги май куюучу жайы Суусамырда жайгашкан. Ал деңиз деңгээлинен 2300 метр бийиктикте. Алыскы аймактардагы май куюучу жайлар жергиликтүү эл үчүн дүңүнөн алчу дүкөндүн да ролун аткарат.

Бишкек-Ош жолундагы кышкысын эң кооптуу аймак Көчкү-Булак деген жер. Аты айтып тургандай көчкү кабат-кабат болуп түшүп турат. Көчкү түшкөн убакта айдоочулар бир жумалап жолдо түнөөгө туура келет.

Оштун башкы символдорунун бирине айланган "тико".

Бишкектеги күйүүчү-майлоочу май менен Оштогу айырмачылык бир жарым сомду түзөт.

Ош шаарындагы нефтебаза.