Унуткарылган "Белизгейт"

Белизден алынганы айтылган документтер.

“Ата Мекен” партиясынын юристтери УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевге жана президенттик аппараттын мурдагы башчысы Алмаз Үсөновго каршы шаардык сотко даттанарын билдиришти.

Алар “Белизгейт” боюнча УКМК тараткан маалыматтар далилденбегенин билдирип жатышат. Буга чейин Белизден келген документтердин чоо-жайын мекеме аралык жумушчу топ иликтеп чыкмай болгон. Бирок ушул кезге чейин анын жыйынтыгы коомчулукка жарыялана элек.

“Ата Мекен” партиясынын юристтери чуулгандуу "Белизгейт" боюнча УКМК тараткан маалыматтарды жокко чыгарууну өтүнүп, былтыр март айында Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна кайрылган.

Юристтердин бири Таалайгүл Токтакунова маалыматтар далилденбей калганын, жазылган арызды Биринчи Май райондук соту тараптардын катышуусуз эле четке какканын айтты:

Таалайгүл Токтакунова.

- "Бул чындыкка коошпогон маалымат болду, ошону жокко чыгаргыла" деген арыз менен үч депутаттын - Өмүрбек Текебаевдин, Аида Салянованын жана Алмамбет Шыкмаматовдун атынан сотко кайрылганбыз. Биринчи Май райондук сотунун судьясы Алмаз Калыбаев эч кимге айтпай, алардын катышуусу жок эле доо арызды канааттандырбай койду. Анда Сегизбаев фактыны эле констатациялап, "мындай кагаз барын айткан" деп белгилениптир. Мен деле өзүмдүн атымдан эмес, "ушундай кагаз бар экен" деп айтып жатам. Анан эмнеге ошондой эле фактыны көрсөтүп берип жаткан биз күнөөлүү болобуз дагы, алар болбойт?

Эми юристтер бул маселе боюнча шаардык сотко даттанганы жатышат.

Жогорку Соттун басма сөз катчысы Сюита Соурбаева маалымат бардык тарапка берилгенин "Азаттык" радиосуна кабарлады.

- Бул боюнча соттук жыйын 2017-жылдын 17-октябрында өткөн. Тараптар кабардар болушкан. Cоттун чечими бардык тарапка жөнөтүлгөн.

"Белизгейт" жаңжалы 2016-жылы декабрда чыккан эле. Анда УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова “Альфа Телекомдун” 50% акциясын сатууну көздөгөнүн, бул Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн алынган документтер менен ырасталганын билдирген болчу. Сегизбаев буга байланыштуу документтерди ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге да көрсөткөн.

"Ата Мекендин" депутаттары бул маалыматтарды негизсиз каралоо катары баалап, четке кагышкан. Фракция юристтерге таянып, УКМКнын маалыматы жокко чыгарылганын айтып келет. Бул чатак боюнча экс-президент Атамбаев да пикирин билдирип, Белиз өлкөсүнөн келген документтер жасалма болуп чыкса, атайын кызматтын төрагасы Абдил Сегизбаев жооп берерин эскерткен.

Ушундан кийин Башкы прокуратура жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Белизден алынды деп айтылган документтерди иликтөө боюнча жумушчу топ түзгөн. Бирок ал жумушчу топтун кандай тыянак чыгарганы коомчулукка ушул күнгө чейин айтыла элек. УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов бул боюнча соттун чечими чыкканын айтып, жооп берүүдөн баш тартты.

Башкы прокуратура жумушчу топтун тыянагы расмий каттын негизинде берилерин гана айтты.

Кыргызстандагы саясий ири жаңжалдарды, анын ичинен 2010-жылдагы талап-тоноону, "Альфа Телекомдун" айланасындагы коррупциялык чырларды депутаттык комиссия иликтеп чыккан. Комиссиянын мүчөсү, парламент депутаты Анвар Артыков "Мегакомдун" тегерегиндеги, анын ичинде чырлуу "Белизгейт" маселеси да аягына чыгышы керек деп эсептейт.

Анвар Артыков.

- Азыр эмне болгонун уккан жокмун, бирок жыйынтыгы чыкса элге да, мамлекетке да пайда. Биз "ушундай документтер бар экен" деп маалымат иретинде берип кеткенбиз. Бирок "Белизгейт" боюнча тыянак чыгарган эмеспиз. "Бул аягына чейин иликтенсин" деген сунуш кылганбыз. Болгону ошол.

"Белизгейт" бийлик менен оппозициянын ортосундагы пикир келишпестикти ырбаткан окуялардын бири болгон.

Саясий серепчи Марс Сариев бул маселенин көптөн бери дымып, коомчулукка чыгарылбай турганы элдин бийликке ишенимин жоготот деген ойдо.

Марс Сариев.

- Аныкталып, так маалымат болсо бул мекемелер КТРК же маалымат каражаттары аркылуу бат эле токтобой айтыла бермек. Жооп жок болгон үчүн Башкы прокуратура бюрократиялык жол менен жоопту жылдырып жатат болуш керек. Бул дагы эле таза эмес иш болуп жатканы күмөн жаратат. Бул бийликке ишенимди жоготот. Азыр 30дай саясатчы абакта отурат. Ошондутан жаз келери менен бул маселелер көтөрүлүп отуруп, залалы тийиши мүмкүн.

Экс-депутат Равшан Жээнбеков саясий оппоненттерге коюлган айыптар көп учурда далилденбей каларын белгилеп жатат. Ошондой эле "Белизгейт" боюнча маалыматтарды ачыкка чыгаруу УКМКнын деле кызыкчылыгында эмес деген ойдо.

Равшан Жээнбеков.

- Бизде бийлик саясатчыларды, өзгөчө оппозициялык маанайдагы партияларды, жарандык коом өкүлдөрүн далилсиз күнөөлөгөн учурлар бар. Акыркы жылдары "Коррупция" беренеси боюнча саясатчыларга каршы козголгон кылмыш иштерин карасак, баары аягына чыккан эмес. Чыкса дагы сотто эптеп-септеп, далил жок болсо да күнөөлүү деп чечим чыккан учурлар бар. "Белизгейт" боюнча экс-президент Алмазбек Атамбаев айткан сөзүн аткарган жок, эч ким жоопкерчиликке тартылбады. Калп маалыматты таратып алып, унчукпай токтоп калышты. Аты аталган саясатчылар бул маселени көтөрүп чыгышат. Эгер жалган болсо укук коргоо органдарынын жетекчилери, тергөөчүлөр жоопко тартылышы керек.

Бул чуулгандуу иште аты аталган Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова "Белизгейт" маселесин аягына чыгарууну сунуш кылып жүрөт. Эл өкүлү буга чейин "Белизгейт" боюнча бышыктачу же четке кагылчу маалымат берилиши керектигин, андай болбосо УКМКнын тийиштүү кызматкерлери жоопкерчиликке тартылышы зарыл экенин айткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.