Ырлары ыңкылапты сүрөгөн акын

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Апрель ыңкылабына тогуз жыл толду. Ал күнү жүзгө жакын адамдын өмүрү кыйылып, дагы бир тобу ар кандай жаракат алган. Ошол кездеги бийликтин башкаруу режимине каршы чыгып, кийин көзү өткөндөрдүн арасында Таластан Бишкекке атайын келип, революцияга катышкан Кара-Буура районунун тургуну, акын Бекболот Тургунбеков да болгон. Апрель ыңкылабынын карапайым каарманын үй-бүлөсү менен кошо эскердик.