Ала-Тоонун чүрөгү тандалды
"Кыргызстан сулуусу - 2018" сынагына өлкөнүн жети дубанынан 25 кыз катышты.
Сынакта кыздар үчүн эң кыйыны 30 секунд ичинде өзүн элге тааныштыруу болду. Айрымдары жаңылып, сөзүнүн аягына чыкпай калып жатты.
Сынакка катышкан кыздардын эң улуусу 25 жашта болсо, эң жашы 16га жаңы гана чыккан.
Калыстар тобунун мүчөсүнүн бири, 2017-жылы "Кыргызстандын сулуусу" наамын жеңип алган Бегимай Карыбекова болду.
Айрым облустардан үч-төрттөн кыз катышты.
Кыздар сахна артында.
Кыргызстанда жыл сайын бирдей аталыштагы эки, үч сулуулар сынагы өтүп келет. Буга уюштуруучулардын өз ара пикир келишпестиги себеп дешет адистер.
Сулууну чырайына чыгарган визажист жигит.
Кыздар сынактын жүрүшүндө ар кандай көйнөк менен чыгып жатышты.
Сынактын катышуучусу.
Айрымдардын айтымында, сулуулар сынагы кыздар үчүн жакшы күйөөгө чыгуу, моделдик бизнесте карьера жасоо, чет өлкөлөрдү кыдыруу, кыскасы баш айланткан ийгиликке жетүүнүн ачкычы болуп саналат.
Биринен бири өткөн периштелер.
Кеченин соңунда 25 кыздан мыктылары иргеле баштады. Биринчи вице-мисс Бегимай Ивакова, Шахзода Балтабаева экинчи, Арууке Ниязбек кызы үчүнчү вице-мисс аталды.
Калыстар тобу бир добуштан Жалал-Абад облусунан келген 21 жаштагы Элмара Буранбаеваны "Кыргызстандын сулуусу" деп тапты.
Сулууларды көрүүгө келгендер көп болду.
Сүйүнүчтүн көз жашы.
Соңку жылдары Кыргызстанда сулуулук сынактары көп өтүп келет. Бирок дээрлик көбүн жеңүүчү аныктаганда чыр коштойт. Бул жаатка аралашып жүргөндөр "Акча, тааныш-билиш сулуулар дүйнөсүндө деле көп маселени чечип коет" деген сөздөрдү четке кагышпайт.
Элмара Буранбаева эми "Дүйнө сулуусу" сынагында Кыргызстандын намысын талашат.
Сулуу менен селфи.