Сулуулук сынагынын баркы кеттиби?

“Кыргызстан сулуусу-2015” сынагынын жеңүүчүсү Дайана Өмүралиева. 4-апрель, 2015-жыл

Соңку кездери Кыргызстанда сулуулар сынагы байма-бай өтүүдө. Эл бир эле жылда бир нече сынакка күбө болот. Бири-бирине коендой окшош сынактардын максаты эмне? “Азаттык+” бул жолу ушул теманы талкуулады.

“Дүйнө сулуусу – 2011” сынагына биринчилерден болуп Назира Нуржанова, андан кийин Жибек Нукеева, акыркы жолу Айкөл Аликжанова катышып келген. Ал эми 2012-жылы Диана Овганова сынакка аттанаарда катышуучулардын тизмесинде жок экени билинген. Катышып келген үч сулуу тең убагында каражаттын жоктугунан бир нече жолу маалымат жыйынын өткөрүп, демөөрчү издеп бир топ убара тартышкан.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Сулуулук сынагынын баркы кеттиби? (1)

“Кыргызстан сулуусу, ажары, мисс бикини, мистер, миссис” сымал толгон-токой сулуулар сынактарынан баш айланат. Сулуулук сынактарынын ортосунда буга дейре да бир нече жолу чуу жаралып, анда дээрлик уюштуруучулардын бардыгы бири-бирин каттоо, лицензиясы жок иш алып барат деп сынга алышкан.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Сулуулук сынагынын баркы кеттиби? (2)

​Кайсы сынактын жеңүүчүсү чыныгы “Кыргызстандын сулуусу” аталып, өлкөнүн атынан эл аралык сынактарга катыша алат деген суроо да коомчулукту кызыктырып келет.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Сулуулук сынагынын баркы кеттиби?(3)