Жер салыгы соодагерлерди ыйлатты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкектин Орто-Сай базарынын соодагерлери жер салыгынын көтөрүлүшүнө нааразы. Алардын айтымында, акыркы төрт жылда салыктын өлчөмү эки эсе көтөрүлгөнү менен базардын шарты оңолгон эмес. Кардарлар жоктугун айткан соодагерлер Жогорку Кеңештин депутаттарына жардам сурап кайрылышты. Базар ээлери мындай дооматтар менен макул эмес.