Транзиттик база глобалдык маселеге айланууда

АКШнын Кыргызстандагы жүк ташуучу транзиттик борборун 2014-жылдан кийин жарандык борбор кылып түзүү сунушу Анкарада жарыяланды.
Кайра түзүү жараянына АКШ, Орусия, Түркия жана башка кызыккан тараптар катышуусу ыктымал. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев баштаган расмий делегациянын курамында Түркияда жүргөн тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Анкарада журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди:

- 2014-жылдан кийин транзиттик ташуу борборун жарандык транзиттик ташуу борбору кылып кайра түзүү боюнча варианттар сунушталууда. Ага Орусия, Кошмо Штаттар, Түркия жана башка кызыккан тараптар да катышуусу мүмкүн.

Кыргыз президентинин НАТО мүчөсү Түркияга расмий сапарынын маалында айтылган сөз саясий соодалашуудан кабар берери жергиликтүү чөйрөдө айтылып жатат.

Президент Алмазбек Атамбаев транзиттик борбор боюнча макулдашуу узартылбай турганын буга чейин бир нече ирет билдирген. Жаңы президент бул чечимин Кыргызстандын коопсуздугуна байлап, кандайдыр бир саясий оюндардын тыянагы эмес экендигин тастыктап келатат.

-“Манаста” аскерий базанын болгону жакшы эмес. Анткени өткөн жылдары Америка Ирак менен согушкан. Эртең Иран менен согушуусу мүмкүн. Бир күнү жооп катары бир ракета жөнөтүп койсо, база эмес, Бишкек жок болот да. Ошондуктан, мен ойлоп турам, “Манаста” жарандык аэропорт болушу керек.

Президенттик шайлоонун эртеси Атамбаев “Азаттыктын” суроосуна ушинтип жооп берген болчу.

Ошол эле учурда коомчулукта Кыргызстан геосаясий оюндун ортосунда чайналып турганы айтылууда. Бул жагдай АКШнын ракетадан коргонуу долбоорунун жайылтылып жатышы, Орусиянын АКШнын мизин кайтарууга Бишкектеги транзиттик борборду пайдалануу аракети, Кыргызстандын Орусияга ыктоо аргасыздыгы өңдүү себептерден келип чыгууда.
Талдоочу Марс Сариевдин пикиринде Орусиянын ЕврАЗЭС убада кылган 150 млн. долларды ыраа көрбөй, курулай кысмакка алып турушу Кыргызстанды экономикалык башка ресурстарды издөөгө түртүүдө. Муну баамдаган АКШ каржылык колдоого муктаж Кыргызстанды өзүнө Түркия аркылуу имерүүгө далалаттанып жатышы толук ыктымал:

- Түркия транзиттик борбордун форматын өзгөртүүгө катышат, Түркия менен мамилени абдан күчөтөбүз дегени Батыштын кызыкчылыктарынан келип атат деп ойлойм. Батыш Орто Азияда позициясын жоготуп жатканын сезет. Ошон үчүн Түркия өткөөл баскыч, өткөргүч болуп жатат. Мындай учурда жабык сүйлөшүүлөр да болушу мүмкүн. Батыш кандайдыр бир инвестициялык сунуштарды берет деп ойлойм.

Кыргызстан Батыштын же Кытайдын таасирине кирип кетсе, Орусия мөрөй албайт дейт талдоочу. Анын баамында, жагдай ушундай болуп калса Орусия Кыргызстан аркылуу Борбор Азияны жоготкондой эле абалга кабылат.

Анткен менен Орусия Борбор Азиядагы баркын чыңдоо камында. Жамааттык Коопсуздук Келишим уюму 20-декабрда аскерий базалар аймакка мүчө-мамлекеттердин макулдугу менен гана жайгаштырылат деген протоколду кабыл алды. Министр Казакбаев уставга киргизилген бул толуктоонун мурда кабыл алынган макулдашууларга таасир этпейт деп ишендирди.

Ошол эле мезгилде базага байланыштуу макулдашуунун мөөнөтү аяктаганга чейин геосаясий кырдаал өзгөрбөйт деп эч ким кепилдик бере элек. Аймакташ Ооганстанда тынч эмес экендигин өткөөл президент Роза Отунбаева да кызматын өткөрөр алдына уюштурган акыркы маалымат жыйынында айтканы бар:

- Кырдаалды байкайлы. Алмаз Шаршеновичтин (Атамбаев – ред.) кандайдыр бир жалпы жарандык авиапорт болушу боюнча пикирине кошулам. Азия менен Европанын өткөөл жерине ал абдан керек. Башка жол жок. Бирок Ооганстандагы кырдаалдын өнүгүш динамикасына карайлы.

Роза Отунбаева АКШнын өзүндө каржылык каатчылык болуп турганда Кыргызстандагы транзиттик аскерий борборду геосаясий дымак үчүн гана кармап турат дегенге ынана бербейт.

Ооганстан тынчыбай турганда Кыргызстандын коопсуздугуна АКШ транзиттик борборунун кеткенине караганда турганы көбүрөөк таасир этет деген пикирлер да коомчулукта аз эмес.

2001-жылы Антитеррордук коалициянын макулдугу менен аскерий база катары жайгашып, Курманбек Бакиев бийликте турганда кайра түзүлгөн “Манас” аба майданындагы АКШ транзиттик борбору жөнүндөгү макулдашуунун мөөнөтү 2014-жылы аяктайт. Ушул эле жылы АКШ өз аскерлерин Ооганстандан чыгарып кетүү максатын көздөөдө.