Аида Салянова бул маселени дыкат иликтеп, ишти алдыга жылдырууга ким кызыкдар болгонун аныкташ керектигин билдирди. Буга чейин мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын жакындары өлкөдөн миллиондогон долларларды чыгарып кеткени боюнча Евгений Гуревич “Азаттыкка” айтып берген.
“Азаттык”: Аида айым, Кыргызстанда бир нече кылмыш боюнча сыртынан соттолгон, азыр АКШда шарттуу абакта отурган Евгений Гуревич жакында “Азаттыкка” берген маегинде мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү миллиондогон каражаттарды сыртка чыгарып кеткенин айткан. Ал Кыргызстандын прокуратурасына маалымат бергенин, бирок кыргыз бийлиги аны иликтөөгө кызыкдар болбогонун билдирди. Ал айткандай сиз башкы прокурор болуп турган учурда Гуревичтен көрсөтмө алууга аракет болду беле?
Салянова: Мен башкы прокурор болуп иштеп турганда маани берип, иш алып барган маселелердин бири Кыргызстандан чыгарылып кеткен каражаттарды табуу жана аны кайтаруу жаатында болгон. Бул максаттын алкагында көптөгөн жолугушууларды өткөргөм. Ал жолугушуулар Кыргызстанда да, башка мамлекеттерде да болгон. Мисалы, мыйзамсыз чыгарылган каражаттарга тиешеси бар деген өлкөлөрдүн элчилери, Кыргызстанга келген бийлик өкүлдөрү менен жолугуп, ушул маселени талкуулагам.
Мындан сырткары Akin Gump деген эл аралык юридикалык компания менен тыгыз иштеп баштаганбыз. Ал компаниянын мыйзамсыз чыгарылган каражаттарды издеп таап, кайра кайтаруу боюнча тажрыйбасы бар экен.
Анткени, Улуттук банктын маалыматы боюнча, “АзияУниверсалбанк” аркылуу эле 240 миллион доллар тышка чыгарылып кеткен. Бул бир эле “АзияУниверсалбанкты” айтып жатам, башка субъекттерден чыгарылган каражаттарды эсепке ала турган болсок, Гуревич билдиргенден алда канча көп акча болушу мүмкүн.
Бул каражаттар өлкөгө кайтарылып, мамлекеттик казынага түшүшү керек болчу. Экинчиден, бул иште кылмышка баргандарды жоопко тартып, колундагы акчасын кайтаруу милдети турган.
Бул багытта активдүү иштер 2013-2014-жылдары жүрдү. 2014-жылы июнь айында мен иш сапар менен АКШга жана Канадага бардым. Сапардын негизги максаты дал ушул каражаттарды издөө болгон. Мени менен чогуу Улуттук банктын ал кездеги төрагасынын орун басары Бактыгүл Жээнбаева да барып, Кыргызстандын АКШдагы элчиси Мухтар Жумалиев менен бирге бир нече жолугушууларды өткөрдүк.
Мен ошол кездеги АКШнын президенти Барак Обаманын эки жардамчысы, Мамлекеттик катчынын жардамчысы жана АКШнын баш прокурорунун орун басары менен жолуктум.
Башкы прокуратура тарабынан Кошмо Штаттардын расмий өкүлдөрү менен мындай жолугушуулар мага чейин да болгон эмес жана менден кийин да болгон жок.
Жолугушуунун максаты - мыйзамсыз чыгарылган каражатты табуу болуп, аны кайтаруу боюнча АКШны кызматташууга чакырдык жана жардам сурадык.
Жолугушуулар бир нече саатка созулуп, биз өз аргументтерибизди түшүндүрүп бердик.
Андан соң Канадага учуп барып, Кумтөр тууралуу маселени көтөрдүк.
Анда Кумтөрдөгү коррупция фактысы боюнча иш ачып, иликтөөнү сурандык. Себеби, Кумтөр менин баамында биздин өлкөдө эле эмес, трансулуттук кылмышка айланган.
Ал эми Гуревич айтып жаткан эки прокурордун кайсы убакытта учуп барганы тууралуу кабарым жок. Мен Алабамага барган эмесмин.
Балким, биз баштаган иштин алкагында кийин барышы мүмкүн. Эгер андай болуп, Кыргызстандан чыгарылган каражатты кайтаруу үчүн барса жакшы. Бирок ошону менен токтоп калып жатпайбы. Маселе ушул жерде. Бүгүн укук коргоо органдары иштеп жатат. Алар баарын аныктап, алардын аракетине баа бериши керек. Гуревич көрсөтмө берүүгө даярдыгына карабай эмне себептен бул иш унутта калган, атайын унутулганбы мунун баарын аныктоо зарыл.
“Азаттык”: Сиз белгилегендей, негизги маселе негизги күбө болгон Гуревич Бакиевдердин мүлкү жана чыгарган акчасы боюнча көрсөтмө берем дегенине карабай, бул иштин бас-бас болуп калганында болуп жатпайбы. Иштин аягына чыкпай калышына эмне себеп болушу мүмкүн?
Салянова: Ооба, бул Кыргызстан үчүн абдан маанилүү болчу. Өлкөбүздүн экономикалык абалын эске алганда бул каражаттар абдан керек эле. Бирок бул иш абдан көп убакытты талап кылат. Анын үстүнөн түшкөн соң темпти жоготпой иштеш керек болчу. Биз ишти жигердүү баштаганбыз, бирок кийин токтоп калганы мен үчүн деле таңкалычтуу. Кимдир бирөөнү күнөөлүү дегенден алысмын. Бирок ишти токтотууга эмне кызыкчылык болгон жана кимдин кызыкчылыгы болгон деген суроо бүгүн иликтениши керек.
“Азаттык”: Сиз АКШга барган учурда Евгений Гуревичтин бул өлкөдө экени тууралуу маалыматыңыз бар беле жана Кошмо Штаттардын расмий органдары менен бул боюнча сүйлөшүү жүрдүбү?
Салянова: Сапар учурунда АКШнын Юстиция департаменти менен абдан тыгыз иштедик жана алардын бир нече кызматкери менен узакка созулган кеңешмелер болуп жатты. Биз тараптан беш-алты адам, алар жактан да тиешелүү кызматкерлер бир нече саат бою маселени талкууладык. Негизи Гуревичтин АКШда камакта экени белгилүү болчу. Алабамадабы же кайсы жакта болгону эсимде жок. Ал киши менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүн издеген эмесмин.
“Азаттык”: Сиз АКШ тарап менен Бакиевдер чыгарган каражатты кайтаруу боюнча жигердүү иш жүргөн деп жатасыз. Маселен, сиз кызматтан кеткен учурда ушул иш кайсы стадияга келип калган?
Салянова: Биз бардык далилдерди көрсөтүп, аларды ынандырганга аракет кылганбыз. Маалыматтарыбызды ал жакта таштап келгенбиз. Алар муну иликтеп, андан соң жумуш жылышы керек болчу. Бул 2014-жылдын июнь айы эле. Бирок ошол жылдын күзүнөн тарта эле мен чынында иштей албай калдым. Иштен бошотуу боюнча 2015-жылы январда жарлык чыкканы менен мен ага чейин эле иштен кеткем.
“Азаттык”: Сиздин Бакиевдер чыгарган каражатты кайтаруу аракетиңиз боюнча ошол кездеги өлкө жетекчилигинин толук кандуу маалыматы бар беле жана позициясы кандай эле?
Салянова: Сөзсүз түрдө. Мен АКШда жогорку кызматтагылар менен жолуккам. Ошондуктан, ал кишинин (экс-президент Алмазбек Атамбаев-авт.) толук кабары бар болчу. Бийлик бул каражаттарды таап кайтаруу керек деп айтып келген. Ал эми бул ишти токтотуу керек же унутта калтыруу максатын мен Атамбаевден байкаган эмесмин.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.