Бакиевдин байлыгын Британия текшереби?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Британияда шектүү кыймылсыз мүлк же күмөн жараткан байлыкты иликтөөгө жардам берген жаңы мыйзам иштей баштады. Анын алкагында кеминде бир саясатчыга Англиядагы 22 миллион фунт стерлингдик турак жайын кайсы акчага сатып алганын түшүндүрүү талабы коюлду. Бул мыйзам мурдагы кыргыз президентинин уулу Максим Бакиев жашайт делген Лондондун четиндеги “хансарайдын” таржымалын иликтөөгө жол ачышы мүмкүнбү? “Азаттыктын” иликтөөсүн көрүңүз.