74 жашка толгондо жогорку окуу жайына тапшырып, Ош технологиялык университетинин «Декоративдүү колдонмо чыгармачылык» адистигин аяктаган.
Кыргыз сүрөтчүлүк өнөрүндөгү «Сизизм» багытына жол салган Баатыр Жалиев 2009-жылы жогорку окуу жайын бүтүп жаткан кезде «Азаттыктын» суроолоруна жооп берген. Ал билим алуунун эрте-кечи жок экенин айтып, окубай калган жаштардын тагдырына кейиген эле:
«Союз ыдырагандан кийин адамдар чет мамлекеттерге мигрант болуп кете башташпадыбы. Акча таап, окууну эстебей калышты. «Окубасаң деле акча табат экенсин, үй салып, машине алат экенсиң» деген ойдогуларды көрдүм. Бирок окуусуз турмушта ырахаттануу аз болот».
Кыргыз эл сүрөтчүсү Сапар Төрөбеков Баатыр Жалиев менен чогуу Фрунзеде билим алган, бир батирде жашаган. Ал кесиптеши эксперимент жасагандан коркпогон, каалаганын жасаган адам болгонун билдирди:
«Бир жолу мага «Сапар, бузулбайсыңбы» деп сунуш кылды. «Кой, бузулбай эле коёюн, салттуу сүрөтчүлүк менен эле иштей берейин» деп күлдүм. «Бузулбайсыңбы» дегени - «Пикассо, Сальвадор Дали сыяктуу болуп, эксперимент кылбайсыңбы» дегени да».
Баатыр Жалиев 1935-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында төрөлгөн. 1964-жылы Фрунзедеги көркөм сүрөт окуу жайын бүтүрүп, 1968-жылы СССР Сүрөтчүлөр союзуна мүчө болгон. 1977-жылдан 1982-жылга чейин Кыргыз сүрөтчүлөр союзунун Ош облусу бөлүмүнүн төрагасы болуп иштеген.
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маданиятты, искусствону жана кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Дамира Алышбаева маркумду мындайча эскерди:
«Баатыр Жалиевдин сүрөтчү болуп калышына, ушул багытта билим алышына Гапар Айтиевдин да таасири, жардамы болгон. Жалиевдин чыгармачылыгынын өзөгүн Ош темасы түздү. Оштогу өнөр жайына, курулушка арналган сүрөттөрдү тартты. Ал эмгектери Бишкекте Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде сакталып турат».
Баатыр Жалиевди бала мүнөз, тентек кыял деп мүнөздөгөн Дамира Алышбаева анын адамдын денесин искусстводо чагылдырган өзгөчө өнөрүнөн кеп салды:
«Кийинки убактарда «Сизизм» сериясына кайрылып, адамдын жылаңач турпатын тартып жүрдү. Айрымдар «ушул жашында мындай сүрөттөрдү тартпай эле койбойбу» дешти. Бирок бул киши адамдын денесиндеги сулуулукту көргүсү келчү. Ал эч качан өз оюн ачык айтуудан кайтпаган, беттегенин бербеген адам эле».
Баатыр Жалиев көз жумгандан кийин президент Сооронбай Жээнбеков баш болгон аткаминерлер көңүл айтып, сүрөтчүнүн дүйнө таанымы, көркөм эстетикалык чабыты, терең философиясы анын кыл калеми аркылуу кеңири чагылдырылганы белгиленди. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты 31-майда Ош шаарында өттү.
Баатыр Жалиевдин "Азаттык" радиосундагы маеги (2009-жыл):
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.