Союз тушунда Нарындын Миң-Куш шаарчасында уран кени казылып, анын калдыктары Туюк-Суу, Талды-Булак, Как жана Дальнее деген жерлерге көмүлгөн.
Алардын ичинен Туюк-Суу калдык сактоочу жайы эң кооптуу жерде жайгашкан. “Ынгайсыз суроолор” телепрограммасынын бул жолку чыгарылышы журналисттик иликтөө форматында даярдалып, анда уран калдыктарын сактоочу жайлардын абалы, коопсуздугу туурасында сөз болду.