Жалп өчкөн жаш өмүрлөр...

Акыркы кездери кыргызстандык жаштар арасында өз өмүрүнө кол салгандардын, өмүрүн кыйгандардын саны өсүүдө. Мындай көрүнүштөрдүн айрыкча мектеп окуучулары арасында көп катталып жатышы коомчулукту тынчсыздандырып келет.

Кырчындай жаш өмүрлөрдүн кыйылышына эмне себеп? "Азаттык+" бул жолу өспүрүмдөр арасындагы суицид темасына кайрылды.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 2013-жылы 127 бала, 2014-жылы 106, быйыл 5 айдын ичинде эле 58 өмүрү менен кош айтышкан.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жалп өчкөн жаш өмүрлөр...

Кайгылуу окуя ушул жылдын 10-май күнү Бишкектеги конуштардын биринде болгон. Келечекте дарыгер болом деп кыялданган кызынын сөөгүн апасы короодогу сарайдан тапкан. Алиянын жакындары жашоосунда ак көңүл, шайыр жүргөн кыздын эмнеге бул кадамга барганын түшүнбөй, каңырыгы түтөп отурат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жалп өчкөн жаш өмүрлөр... (2)

Ушул эле убакытта жан көтөргүс кайгыга батып, мууну бошоп, дагы бир ата көкүрөк күчүгүнөн айрылганына ишене албай келет. Ата-эненин айтымында, окуя мектептеги рекетчиликтен башталып, аны туура эмес териштирүүдөн улам 15 жаштагы чырактай бала бөөдө өлүмгө дуушар болгон. Үстүбүздөгү жылдын 7-февралында Жети-Өгүздүн Саруу айылында болгон бул окуя бүтүндөй айыл-апанын үрөйүн учурду. Эмесе кепти башынан баштайлы.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жалп өчкөн жаш өмүрлөр... (3)

Адистер азыркы жаштардын аң-сезими башкача экенин белгилеп, аларга совет мезгилиндегидей тарбия жарабайт дешет. Мындан улам ата-энелер балдарга болгон мамилесин өзгөртүүгө тийиш.

Берүүнүн аягында жаш көрөрманга кайрылабыз – турмуштагы көйгөйлөрдү чечүүнүн миң жолу бар, ал эми суицид менен жашооңду өзгөртө албайсың.