Шаарга агылган жаштар

Бишкек четиндеги жаңы конуштардын жашоочуларынын көбү айылдан келген жаштар.

Кыргызстанда соңку жыйырма жыл ичинде ички миграция күч алып, айрыкча айылдагы жаштар шаарга бет алды. Бирок тышкы миграциянын фонунда ички миграциянын көйгөйлөрү көз жаздымда калууда.

Бейрасмий маалыматтарга караганда, Ош жана Бишкек шаарларында бери дегенде бир миллионго жакын ички мигрант бар. Алардын көбүнүн каттоосу да, үйү да, туруктуу жумушу да жок. Ушундан улам укуктары да чектелүү. "Азаттык+" бул жолу ички миграциянын көйгөйлөрүн талкууга алды.

Айылдан шаарга келип иш таппай жүргөн жаштар миңдеп саналат. Ал эми ички миграция менен иш жүргүзгөн тармак улам бир министрликке кошулуп, бул маселе көңүл сыртында калгандай.

Нуржамал Нарындан шаарга он жыл мурда келген. Мектепти аяктап эле калаага иш издеп чыккан. Бирок андан бери туруктуу иши жок. Турмушка чыккандан кийин күйөөсү менен Бишкекте калууну чечишкен. Учурда күйөөсү деле туруктуу жумушта иштебейт, жайкысын курулушта, кышкысын бош отурат. Батирден батирге көчүп, турак жай азабын жакшы эле тартышты.

Мындай жаш үй-бүлөгө окшогондор Бишкектин четиндеги конуштарда миңдеп саналат. Алар бир кезде айылдан шаарга жакшы жашоо издеп келгендер.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Шаарга агылган жаштар

Жаңы конуштардагы көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кылып жүргөн активист Катя Аттокурова айылдан шаарга келип, карайлап иш таппай Орусияга кеткен жаштар көп болгонун айтат. Орусиядан "кара тизмеге" түшүп же алданып калгандары айласыздан ушундай конуштарда арзан батирлерге баш калкалап, күнүмдүк иш менен жан сактамайга өтүшөт.

Ал эми Бишкектин Лев Толстой көчөсүндөгү эмгек биржасында көчөнү бойлой 400-500гө жакын туруктуу иши жоктор турат. Алардын бири таластык Тилек айылга үй салам деп каражат чогултканы бир жыл мурун келген. Шаардан жарытарлык иш таба элек, бирок айылга куру баргандан намыстанат. Тилек конуштардын биринде теңтуштары менен батирде турат. Акча топтомок турсун нанга араң жеткен күндөрү болот. Эми достору менен чогулуп Орусияга иш издеп кетүүнү пландап жатышкан экен.

Ички миграциянын агымын азайтып, айылда жаштарга шарт түзүп берүүдө бейөкмөт уюмдардын салымы бир топ. Адистердин айтымында, учурда жаштарды айылга кармап калууга азырынча бийликтин чамасы жетпей жатат.

Анткен менен чет өлкөдөн билим алып келип, кайра өз айылында иштеп жаткан жаштардын катары калыңдап баратат. Ошол эле учурда айылда калып, мал чарбачылыгы менен бутунан тургандар да көп.